БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫККАН КАНАТБЕК ИСАЕВДИ КЫЛМЫШ ИШИ МЕНЕН КОРКУТУУ БАШТАЛДЫ

Башкы прокуратура депутат Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш ишин жандантып, иликтөө баштады. Эске салсак, Канатбек Исаев Конституцияны депутаттарды коркутуу жолу менен өзгөртүүгө каршылык билдирип "Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен кеткен. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында: "Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан адамдарды кысып, коркутуп жаманатты кылуу туура эмес. Кимдики туура, кимдики туура эмес болгонун эртең тарых тастыктайт. Мындай жол менен Конституцияны өзгөртпөш керек. Ушул Баш мыйзам менен 6 жыл жакшынакай эле жашап келгенбиз",- деп билдирген.
Канатбек Исаевдин мындай кадамдарынан кийин анын 2008-2010-жылдардагы Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы айрым иштерин кайра текшерүү аракети башталды. Маалыматтарга ылайык, Убактылуу өкмөттүн тушунда Канатбек Исаевге "Ак-Була" ишканасынын мурдагы жатаканасын арзан сатып жиберген жана шаардык китепкананы мыйзамсыз менчикке өткөргөн деген негизде кылмыш иши козголгон болчу. Кийин Исаевдин аракеттеринде кылмыш түзүмү жок деп, кылмыш иши токтотулган. Бийликтин аракетин туура эмес деп өз пикирин ачык айтып чыккандан кийин Канатбек Исаевге карата кылмыш ишин кайрадан кароо башталды. Бул көрүнүш бийликтин кош стандарттуу мамилесин, мыйзамдар бирөөлөргө карата иштеп, экинчилерге карата иштебей турганын көрсөттү. Бийлик өзүнө каршы чыккандарды ушинтип ооздуктаганы жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан