ТЕКЕБАЕВ: "АТАМБАЕВ ӨЗБЕКСТАНГА ӨЧӨШҮҮ МЕНЕН КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА БУТ ТОСУП ЖАТАТ"

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 9-ноябрда министрлер кабинетин шайлоо учурунда жаңы өкмөттүн план программасын жетиштүү иштелип чыкпагандыгы үчүн сындады. Ал: "Биз алдыбызга чоң максаттарды койгонбуз. Президент өнүгүүнүн стратегиясын иштеп чыгып, парламент анын негизинде программа кабыл алган. 2012-2017-жылдар аралыгында 350 миң, жылына 70 миң жумуш ордун ачабыз дегенбиз. Сооронбай Шарипович, иштегениңизге 1 жыл болду, айтыңызчы, канча жумуш орду ачылды? Ачылган жок. Тескерисинче азайды. Бизнес жүргүзүү боюнча алдыңкы 50 өлкөгө кирүү боюнча план коюп жатасыздар, а биз бекиткен стратегияда 2017-жылы 30 өлкөнүн катарына киришибиз керек деп турат. Биз Бакиевдин убагында 41-орунда болгонбуз. Быйыл 67-орундабыз.
Программаңызды окуп чыктым. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сөз жок. Бул эң алдыңкы долбоор болуш керек эле. 3 жылдан бери президент, тышкы иштер министри темир жолду Кыргызстандан буйтатып өткөнгө аракет кылат. Бизде маршрут так аныкталган. 100 миллиондогон пайда бизге калмак. Түндүк менен түштүктү темир жол менен бириктирмекпиз. Түндүк-түштүк жолуна кеткен акчаны ошого бурганыбызда үчтөн бири бүтүп калмак. Атамбаев "жок, мен Өзбекстанга курдурбайм, Тажикстан аркылуу өткөрөм" деп ушул долбоорго бут тосуп турат. Бул Кыргызстандын келечегин бууду дегендикке жатат. Бирок, Сооронбай Шарипович, сиздин программаңызды карасам, жымсалдап, тергеп, маршрутун жазбастан транснационалдык темир жол курабыз деп гана турат. Эгер дагы бир ирет Тажикстан аркылуу курабыз десеңер бул чыккынчылыкка тете иш болот",- деп билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан