“СПИРИТ” жаныбарлар дүйнөсүнө саякатка чакырат

Анимация дүйнөсүндө

Урматтуу окурман, сиз жылкы сүйүнөрүн, кайгырарын, андан да кызыктуусу, эркиндикке умтуларын билдиңиз беле? Эгерде биле элек болсоңуз, тезинен жапайы аргымак – Спирит тууралуу мультфильмди көрүңүз. “Оскарга” талапкер, “Энни” сыйлыгына төрт жолу татыктуу болгон жана да бөбөктөрдүн сүймөнчүгүнө айланган “Спирит” назарыңыздарда.

Продюсерлери – Жеффри Катценберг, Мирей Сория
Режиссёрлору – Келли Эсбер, Лорна Кук
Чыгарган өлкө – АКШ
Сценарийин жазган – Жон Фуско
Композитору – Ханс Циммер
Үн кошкондор – Мэтт Дэймон, Жеймс Кромуэлл, Дэниэл Студи, Чоппер Бернет, Жеф ЛеБо Жанр
Бюджети – 80 миллион доллар

ЭМНЕ ТУУРАЛУУ?
Америкадагы Симаррон дайрасынын жээгинде туулган жапайы мустанг – Спирит төрөлгөндө эле шок кулунчак болчу. Эң маанилүүсү, ал эркин жашоого көнгөн. Спирит деген сөз «духу күчтүү» деген маанини билдирет. Симаррон өрөөнүндөгү үйүрдүн башчысы болуп шайланган Спирит эр жүрөк жоокер гана эмес, камкор башчы катары үйүрүн коргоого милдеттүү эле. Бул милдетти ал жакшы аткарат. Бирок алардын аймагына адамдардын келиши менен жапайы мустангдардын жашоосу өзгөрүлөт.
Аскер горнизонуна туткун болгон Спирит өзүнө окшогон туткунду көрөт. Лакота аттуу индей бала экөөнүн эркиндикке болгон умтулуусу окшош болчу. Экөө туткундан качып чыгышып, Лакотанын уруусунан Спирит өзүнүн сүйүүсүн кезиктирет. Жаан аттуу темгилдүү бээ аны адамдарды сүйүүгө үйрөтөт. Кайрадан урууга кол салынып, Жаан жарадар болуп, аскерлерге туткун болгон Спиритти болсо поездди тартканга аргасыз кылышат. Бул учурда эр жүрөк Лакота Спиритти кайрадан туткундан бошотот. Спиритти сүйгөнү Жаандын аман-соо экени кубандырат. “Эркин төрөлгөн жандар эркин жашоосу керек” деген Лакота эки ашыкты биротоло бошотот. Өз үйүрүнө ашыккан экөө үйүрүн таап, кайрадан эркин жашоого кайрылышат.

ЭМНЕГЕ ЖАПАЙЫ МУСТАНГ?
Аниматорлор үчүн жылкынын жүрүшүн, булчуңдарын кыймылга келтирүү өтө оор иш болгондуктан, жылкы көп учурда эпизоддук персонаж катары гана колдонулуп келген. Бул жолу башкы каарман – жапайы мустанг. Демек, продюсер Катценберг айткандай, аниматорлор кыйынчылыктан коркушпайт. Байкасаңыз, фильмдин дагы бир өзгөчөлүгү – каармандар сүйлөшпөйт. Каштарынын кыймылы, көз карашы, кыймыл- аракети менен эмоциясын билдирет. “Эгерде жылкылар сүйлөсө күлкүлүү болуп калат эле да, туурабы? Биз табияттын эрежесин бузбай, жылкыларды сүйлөтпөөнү чечтик”,- деп айтышкан, тасманын жаратуучулары. Тасмада диалог жок экенине карабай Жон Фаско сценарийди толук жазып чыккан. Жапайы мустанг тууралуу китеп жазган, колунда 22 мустангы бар Жон бул тасманын табылгасы десек, жаңылышпайбыз.

СПИРИТТИН ПРОТОТИБИ – ДОННЕР
Кызыгы, мультфильмдеги Спириттин чыныгы прототиби бар. Анын аты – Доннер. Спириттин моделин түзүү үчүн кадимки мустангды табуу керек болгон. Асыл тукум мустанг – Доннерди тасманы жараткан “Dreamworks” киностудиясы 50 000 долларга сатып алган. Мультипликаторлор Спириттин образын түзүү үчүн эмнеге гана барышкан жок. Жылкынын анатомиясынан баштап алардын кандай абалда кандай кыймыл кылышарынан бери изилдеп чыгышкан.
Фильмди жаратууда “Dreamworks” студиясы салттуу сүрөт тартууну колдонушкан. Жеффри Катценберг жана “Dreamworks” студиясы компьютердик технология классикалык анимациянын ийгиликтерине жетүү үчүн дагы далай жол басарын далилдеп беришти. Бул кийинки учурда компьютердик жасалгалоо эң аз колдонулган бирден-бир мультфильм десек болот. Элестетиңиз, сиз менен биз таң калган жашыл ландшафттар, шар аккан суу, үйүрлүү жылкылардын бардыгы сүрөт менен тартылган. Спиритти, темгилдүү бээ Жаанды сүрөтчү Уильям Салазар жаратса, Спириттин энеси Эсперанзаны Сильвиан Де Бюсси тарткан.

ҮНДӨР ЖАНА МУЗЫКА
Жылкылар кыймыл-аракет эле эмес, үн менен да сүйлөшкөнүн байкагансызбы? Мисалы, мустангдын бышкырганы, кишенегени, рахаттана окуранганы угулуп турат. Булар жылкынын чыныгы үнү. Үн режиссёр Ник Флетчер ат сарайдан жылкылардын чыныгы үндөрүн жаздырып келип, үн кошкон. Ошондой эле композитор Ханс Циммер менен ырчы Брайан Адамстын да бул тасмага кошкон салымы чоң. Тасмадагы ыр автоматтык түрдө жооп берүүчү телефон аппараты (автоответчик) аркылуу жаралган. Анткени Брайан Адамс гастролдо болуп, ал эми Ханс Циммер Лос-Анжелес шаарында болгондуктан, композитор музыканы автоматтык түрдө жооп берүүчү телефон аппараты менен берип, Брайандын аткаруусун да телефон аркылуу уккан экен. Брайан Адамс бул тасма үчүн жаңы 8 ыр жараткан. Адамстын аткаруусундагы “Мен сөзсүз келем” аттуу ыры 2002-жылдын хит ырларына кирип, “туулган жерин сагынгандардын гимни” деген атка конгон.

СЫЙЛЫКТАР
Сынчылардын айтуусунда, тасма чыныгы баасын ала алган эмес. Анткени эң мыкты делген сыйлыктарга көрсөтүлгөнү менен, жеңген жок. 2002-жылы “Оскарга” талапкер катары көрсөтүлүп, бирок бул жылы “Шрек” тасмасы татыктуу атаандаш болуп, “Оскарды” алып кеткен. Андан тышкары төрт “Энни” сыйлыгы менен сыйланган. Америкадагы композиторлор ассоциациясы тарабынан “Эң мыкты саундтрек үчүн” сыйлыгын алган. Ошондой эле “Алтын глобус” мыкты саундтреги үчүн аталган тасмага наам берген.


Кино жаңылыктары

ТИМУР БЕКМАМБЕТОВДУ ГОЛЛИВУД ЧАКЫРЫП...
Фантастикалык жанрда тартылган тасма сүйүүчүлөрү кубана турган жөнү бар. Голливуддун “Summit Enter­tainment” киностудиясы кай­ра­дан вампирлер тууралуу мыкты фильм жаратуу алдында турат. Эсиңиздерде болсо, бул студия “Күүгүм” фильмин тартып, болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Бул фильмди тартууга режиссёр Тимур Бекмамбетовду чакырышты. Бекмамбетов учурда киностудияга жообун бере элек.

МЕЛ ГИБСОН КИНОНУ ТАШТАЙБЫ?
Атактуу актёр, режиссёр Мел Гибсон өзүнүн акыркы фильмин тартып жатканын айтты. Мындан кийин кино дүйнөсүн таштап, биротоло жай турмушка өтөрүн билдирген. «Мен викингдер (орто кылымдагы скандинавиялык моряктар) тууралуу кино тартууну бала кезимден кыялдангам. Кыялымды аткарып, акыркы фильмимди тартып бүтүп, биротоло кино дүйнөсүнөн кетем»,- деп билдирген. Анын акыркы фильминде Леонардо Ди Каприо башкы ролду ойнойт.

КИНО ТАРТУУ – ПАЙДАЛУУ БИЗНЕС
Дүйнөлүк кризиске карабай быйылкы жыл киноиндустриясы үчүн жемиштүү болду. Америкалык кино жаратуучулардын ассоциациясынын изилдөөчүлөрү быйылкы жылы пайданы изилдешип, абдан таң калышкан. Анткени бир жыл ичинде кино боюнча дүйнөлүк киреше 29,9 миллиард долларды түзгөн. Бул мурунку жылдарга караганда эки эсе көп. Ал эми кирешенин 11 пайызын 3D форматындагы фильмдер алып келген.

ЖЕЙДЕН СМИТТ АТА КЕСИБИН УЛАДЫ
Актёр Уилл Смиттин уулу Жейден Смитт атасынын кесибин улап, актёрлукка шыктанууда. 11 жаш­тагы жаш актёрго бир топ сунуштар түшүп жатат. Жейден атасы менен бирге “Бакытты издөө” тасмасында башкы ролду жараткан. Андан соң Киану Ривз менен тасмага түшкөн. Учурда “Өспүрүм – каратэ” тасмасына тартылууга сунуш алды. Жейден Лас-Вегаста өткөн “ShoWest” аттуу кинофестивалында “Жылдын дебюту” деген наамга ээ болгон.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Justice
2010-07-14 13:42:12
"Спирит"-менин суйуктуу анимациялык тасмаларымдын бири. Ал эми Брайан Адамстын тректери(дегеле озу дагы) так ушул фильмден кийин копчулукко популярдуу боло баштаган.
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан