"Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков "Ата Журт" партиясынын алдында биригип, саясий күрөшкө чыкканы турат",- деп айрым басылмалар жазып чыгышты. Маалыматта айтылгандай, үч саясатчы өткөн-кеткен каталарды эске алып, президенттик шайлоого бирге барууга камынып жатышат. Алардын катарын Мелис Мырзакматов да толукташы мүмкүн. Адахан Кимсанбаевичке байланышып, маалыматтын чын-төгүнүн сураганыбызда: "Аты аталгандар эле эмес, азыр Кыргызстанда кайдигер эмес адамдардын баары биригиши керек",- деди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg