КЫЗМАТТАН КЕТКЕН ЗАМИРБЕК АЙДАРОВГО ИШ КОЗГОЛОБУ?

Мурунку Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров "тендерде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп айыпталууда. Маалыматтарга ылайык, Замирбек Айдаров Бишкек-Кара-Балта трассасын жаңылоо боюнча тендерге кийлигишип, кытайлык "Чайна Рейлвэй №5" компаниясынын кызыкчылыгын коргогонун УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ырастаган. Белгилей кетсек, тендердик комиссия жолду курууну 82 миллион доллардан ашуун каражатка баалаган азербайжандык компанияга токтолушкан. Жолду 70 миллион доллардан ашыгыраак каражатка курууну убадалаган "Чайна Рейлвэйди" тендердик комиссия "ал компания демпинг (бааларды атайын түшүрүп, атаандашты жарыштан четтетүү) ыкмасын колдонуп жатат" деп баш тартышкан. Замирбек Айдаров жол курууга насыяны бөлүп жаткан "Азия өнүктүрүү банкынын" утуп чыккан тараптан 20 пайыз банктык кепилдик сураган катын "Чайна Рейлвэйге" жөнөтүп, алардын жообун кайра банкка жөнөткөн. Тендердик комиссия конкурстун жыйынтыгы чыга элек экенин айтып, министрдин бул аракетин басым көрсөтүү катары баалап, Коррупцияга каршы кызматына кайрылган. Айдаровго "кызматтык абалынан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтылууда. Коррупцияга каршы кызмат материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан