Ушул жылдын башында экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин "куудулдарды жоопко тартыш керек" деп сындап чыкканы эсиңиздедир? Ошондо куудулдардын атынан "Чолпонбай" болуп Абдылда Иманкулов чыгып, бийликке нааразычылыгын айткан эле. Эми ошонун кедергиси тийип жатканбы, айтор, куудул ошондон бери эч жерге концерт коё албай жатканын айтып бизге кайрылды.
– Абдылда мырза, "концерт коёюн десем зал берилбей жатат" дедиңиз, себебин сурап көрдүңүзбү?
– Себебин деле түшүндүрө алышпайт. "Концерттик программаңарды министрге көрсөткүлө" деп чыгышты. Бирок бул мыйзамда жок да, концерттик программаны кароо, залды ижарага берүү-бербөө министрдин жумушу эмес. Спорт Ордосу, Улуттук филармония, театрдын баарына барып көрдүм, ар кимиси ар түрдүү жооп айтышууда. Филармонияны сурап Кыргызбай Осмоновго кайрылсам, "кийинки жылдын жайына чейин бош эмес" дейт. "Ээ, айланайын, бош күнүңдү айтчы алайын" десем, "2017-жылдын июнь, июлу болуп калат экен, эл келбейт да" дейт. "Эл келген-келбегенин урганың барбы, мен сага ижарасын төлөсөм болду да" дегем. Ага карабай жыйынтык чыккан жок. Айрым жетекчилер ачык эле айтышты, "Абдылда, сага залды бергенге болбойт. Эгерде биз келишим түзө турган болсок, сенин концертиңдин эртеси күнү биз жумуштан кетебиз" деп. Мен, Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев бийликтин кара тизмесине кирип калган окшойбуз.
– Анда концерт берилбесин деген Бишкекте эле окшойт да. Дегеним, Тынар Курбаналиев Ошто концертин берип эле жүрбөдүбү?
– Туура айтасың, Тынар концерт коюп эле жатат, мен да түшүнбөй жатам ушуга. Же эмне, бизде эки мамлекет, эки мыйзам барбы? Ош жакка да барып көрөм го, эмне дешер экен. Ал эч нерсе эмес, өткөндө Майрамбек Осмоновду "Заманага" чакырган экен, "ким менен келесиз?" деп сураптыр. "Абдылда Иманкулов менен" десе, "ага болбойт" деп коюшуптур. Мен күнөөмдү издеп таппай жатам. Мен арак, бензин сатпасам, Ак үйгө автомат көтөрүп барбасам, бюджеттен акча уурдабасам, мародёрлукка шектелбесем, катышпасам, кылмышкерди учакка салып качырбасам. "120 кой" деп жазган бирөө болсо, аны айткан башка бирөө болсо, менде эмне күнөө?
– Кимдер бут тосуп жатат деп ойлойсуз?
– Мен президенттин жеке өзүнүн кийлигишүүсү деп айткандан таптакыр алысмын. Бул кошоматчылык оорусу ашып кеткендердин иши. Биз бийликтегилердин көрбөй жаткандарын көрсөтүп, мындай сатираларды 15-20 жылдан бери ойноп келе жатабыз.
Аскар Акаевдин мезгилинде кадр саясаты туура эмес экенин чагылдырган бир топ сатираларыбызды койдук. Алардын ичинен аким шайлоо дегенди каяктан көргөн билбейм, республика боюнча аким, губернатор, министрлер чогулган чоң жыйынга бизди чакыртып ушул сатираны ойноткон. Анда ыраматылык Апсамат Масалиев тирүү болчу, Акаев ошол кишинин санына чапкылап күлгөн эле. Алайда Курманжан датканын тоюнда президентке деп атайын тигилген боз үйгө ыраматылык Жаныбек Алыкуловго өзүн тууратып, талантын баалап Аскар Акаев колундагы саатын чечип берген.
Курманбек Бакиевдин убагында биз Орусия менен АКШнын авиабазаларын киргизип алганда президенттин кошоматчылыгын сатира аркылуу көрсөткөнүбүздө Бакиев Рахманга кичи автобус алып берген. "Ушундай куудул балдарыңды салып эл аралагыла, мындай сатиралар, сын-пикирлер керек" деген сөзүн айткан. Биз азыркы бийликтен машина же саат сураганыбыз жок. Залдарга концерт койсок биз акчасын төлөп, жарнама үчүн эле 150, 200 миң сом мамлекеттин бюджетине пайда келтирип жатабыз.
– Бирок азыркы бийликке караганда сиз Өмүрбек Текебаевди көбүрөөк сындайсыз го дейм?
– Ошондон улам го, "Текебаевди сындачу элең, сага концерт койдурбай жаткан ошол эмеспи?" деп шектенгендер көп болууда. Кыргызстанда шайлоо болобу, концерттеби Текебаевди менден өтүп жамандаган киши жок. Аны бүт кыргыз эли билет. Шайлоодо "Республика" партиясы менен жүргөндө Өмүрбек Бабановдун "башканы айтсаңыз да, Өмүрбек Чиркешовичти айтпаңыз" деп суранганына болбой "Текебаевди ээрчибеш керек, көзүңөрдү ачкыла" деп айтып жүргөм. Бирок ушул күнгө чейин ал киши бирөөдөн дубай салам айттырган жок. Биз Текебаевди жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү Кыргызстанда №1-саясатчы экенин моюнубузга алышыбыз керек.
– Сатира аркылуу ар дайым чындыкты айтабыз, бирөөнүн арыгын чаппайбыз дегени турасызбы?
– Албетте, "2010-жылкы президенттик шайлоо туура эмес өттү, бюллетенге талапкердин аты-жөнү жазылган жок" деп 6 жыл мурун айтып чыккам, ишенбесеңер архивди карап көргүлө. "Кысалы, Ак үйүң да кыссын, көк үйүң да кыссын, түндүгүң да, түштүгүң да кыссын, мен да кысайын" дегенди айтканыма канча болду? Ушулардын баарын президент эми айтып жатпайбы. Демек, мен туура эле жолдо баратам. Президент экөөбүздүн айырмабыз – мен биринчи айтып жатам, ал кийин айтып жатат.
– Зал бербей кысым көрсөтүүдөн башка коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокпу?
– Коркутуп-үркүтүүдөн да жаман кылып жатпайбы, оокатымды токтотуп коюп. Куугунтукка калганым ушул да. Башымды оорутуп күндөп-түндөп уйкудан калып программа жазып даярдап коюп, концерт бере албай жүрөм. Мен муну бүгүн ойнобосом, убакыт өтүп кеткенде сатира актуалдуулугун жоготот. Сатира коомго жараша өзгөрүп турат. Мурдагыдай чабан же масты ойноо жаңылык эмес. Биз айта турган сөздү убагында айтып калышыбыз керек. Эми эмне кыларымды билбейм, менин башка бизнесим жок. Мамлекеттен айлык албайм. 35 жылдан бери бала-чакамды куудулдук менен багып келе жаткам. Жаш өткөндө тамада деле боло албайт экенсиң, куудулдуктан башка эч нерсе колумдан келбейт.
Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg