Мүнүшкөрлүк – бул кыргызда атадан балага уланып келе жаткан өнөр. Баба салтын уланткан, ата жолун жолдогон мүнүшкөрлөрдөн азыр да уучубуз куру эмес. Алардын бири Абдирасул Кубатов мүнүшкөрлүк кесиби тууралуу айтып берди.
"БҮРКҮТ МЕНЕН ИТЕЛГИ АТААНДАШ БОЛОТ"
– Жашым 53тө. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Булак айылында жашайм. Атам азыр 95 жашта, биз кичинекейибизде эле куш салчу. Атамды ээрчип жүрүп 7-классымда куш таптоону үйрөнүп, ошондон тарта мүнүшкөрлүк менен алектенем. Баш-аягы 15тей куш таптадым, учурда 3 кушум бар.
Кыргызстанда жалпысынан куш деп эле айтылат. Булар бүркүттөн кичирээк болот. Куштар да туйгун, тынар, тунжур, чүйлү, үчала деп өз ара бөлүнөт (ред. кыраан куштардын көпчүлүгү кызыл китепке киргендиктен чет өлкөгө чыгарылбайт). Куштардын мыктысы туйгун. Туйгунду мен 1 эле адамдан көргөм. Анын өңү кардай ак, салмагы 2 килограммга жете бербеген канаттуу болот экен. Угушума караганда, ал өтө кыраакы, кыраан, сүрдүү, амалкөй, ылдам учкан куш болот. Туйгун учканда өрдөк, кекилик, чил сыяктуу канаттуулар ошол аймакта уча албай, коркуп жашынып калышарын кеп кылышат. Негизи Кыргызстандагы биз таптаган куштар кекилик, чил, кыргоол, өрдөк, коён, улар сыяктуу жандыктарды алат. Эң чоң алганы – улар. Коёнду алганда көтөрүп кетпейт, ошол алган жеринен чокуп өлтүрөт.
Атам "бүркүттүн табы катуу болот" деп тыюу салгандыктан өмүрүмдө бүркүт таптаган жокмун. 2 ителги таптадым. Бирөөсү өлүп калды, бирөөсүн көлдүк досума бергем. Ал ошол ителгини Көчмөндөр оюндарында мелдешке катыштырып 4-орунду алды. Өзүм болсо мелдештерге катышкан жокмун. Ителги менен куштун айырмасы – ителги учкул, кушка караганда күчтүү болот. Куш олжосун кармайт, ителги тээп түшүрөт. Ителги тепкен жандыктын бели сынат, кээде бүркүттү да тебет. Аксакалдардан угушубузча, бүркүт менен ителги бир аймакта уя салса, экөө бири-бирине атаандашып, акырында ителги жеңет экен.
"КУШТАРДЫ АЗЫР САТЫП КАЛЫШКАН"
– Негизи куш сатылбайт. Бирок азыр куш кармагандар аны сатканга өтүп алышкан. Мисалы, 1 кушту 10 миң сомго чейин сатышат. Куштарды балапан кезинде таптаган жакшы. Чоңойгондо кармалган кушту таптайсың, бирок алар 2-3 айдан кийин эле качып кетишет. Тууй турганда же болбосо бир нерсе жакпай калса качарын билсек дагы баары бир коё беребиз. Качкан куш кайтып келбейт. Куштун баары эле жакшы чыга бербейт, ар биринин ар кыл мүнөзү болот. Бирөөсү жалкоо, бирөөсү корс же таарынчаак болот. Кээ бири адамга аябай жакын болот, таштасаң да ээрчийт. Кээ бирөөсүнүн көзү "ушу кетсем болот эле" дегенсип асманда эле болот.
"КУШ САЛУУ КУМАР"
– Тапка кирген куштарды сентябрдан февраль айына чейин гана аңга саласың. Жакшы куш 1 күндө 10го чейин аң ала алат. Аңчылыктан жолуң болбой калган күндөр да көп болот. Кушуң 1 эле кекилик кармаган болсо аны өзүң жебейсиң, кушка бересиң. Бербей койсоң куш кийинкисинде аңды куубай коёт. Алган нерсеси менен кушту ажыратуу да оңой иш эмес, билишиң керек. Мисалы, куш аң алганда барып жулуп алсаң, кийин ал куш аң алганда киши көрбөгөн жакка бекине турган болот же көтөрүп качып кетет.
Башка убакта багасың. Алар тооктой болуп жем жебейт, жалаң эт жейт. Күнүнө 100 граммдай эт жейт. Кушту тапка келтирүү түйшүктүү иш. "Куш уйкусу" деп коёт. Аңчылыкка чыгарда түнү менен уктатпай, тамак бербей, өзүң да уктабай отурасың. Себеби түнү уктабаган, анын үстүнө ачка куш каардуу болот да, ала турган нерсесин көпкө узатпайт.
Кушсуз мага жашоо жок. Мисалы, азыр сиз менден "шаардын четинде бир нерсем калып калыптыр, барып алып келип бересизби" деп сурансаңыз, мен баш тартып коюшум мүмкүн. Эгер кушум ошол тарапка учуп кетсе, ойлонбой туруп жөө кетип калам. Куш салуу бир чети кумар, бир чети адамды көп бастырат, ошонусу жакшы.
Куш өтө жакын, үй-бүлө мүчөсүндөй эле болуп калат. Балдарыңдан деле анча кабар албайсың. Мисалы, мен эртең менен туруп биринчи эле кушумду карайм. Бир окуяны айтып берейин. Мен тойдо жүргөндө бир ителгимди ит чайнап салып өлүп калыптыр. Аны көрүп эле бет аарчымды алып чыгып шолоктоп ыйлай баштадым. Анан апам "эй, адам өлгөндө бет аарчысын алып чыгып ыйлайт" деп урушкан.
Ушул жылы жайында да эң жакшы көргөн кушум качып кетти. Куштарымдын алды болчу. 3-4 күн издеп таппай койдум. Ошол кушка азыркыга чейин жүрөгүм ачышат. Кээде түшүмө да кирет.
Куш салып жүрүп кушка кызыккан көп досторду таптым. Кушчу достор чогулганда башкы темабыз куш болуп, акча табыш керек эле деген сыяктуу темаларды унутасың. Куштун кумары казинонукунан да күчтүү. Мүнүшкөрдүн көзү, кулагы, буту жакшы иштеш керек. Себеби куштар алган нерсесин тоонун аркы бетине алып кетиши мүмкүн. Артынан барышың керек болот. Ал үчүн биз куштун бутуна коңгуроо байлап коюп, ошол аркылуу табабыз. Кушту издеп тоо арасында түнгө чейин калып калган күндөр да болгон.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg