ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-ноябрдан 20-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Иштер батыраак бүтүшү үчүн акча керектелет. Шейшембиде чогуу иштешкендерге бир маселени ордунда чечкениңиз менен жагасыз. Бейшембиде ийгилик жаратууңуз мүмкүн. Ишембиде маданий жайга баш багасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иште да, жеке жашоодо да мамилелерди анализдөөгө туура келет. Жумушта жетекчилик тарабынан айтылган сын туура эмес болсо да тилиңизди тишиңизге ката туруңуз. Бош убакта сулуулук салонуна же укалоого барыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишүүнү токтотуңуз! Болбосо аброюңузга доо кетет. Убакыт таап эски досуңузга ашарга барууңуз ыктымал. Бир окуядан улам жашоодогу баалуулуктарга болгон көз карашыңыз өзгөрөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сырт келбетиңизге кам көрүү, жакындарыңыздын бирин алыс сапарга узатуу иштери чыгат. Аптада акча тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Үй-бүлө маселесине кабылган досуңуз кеңешке кайрылат. Жан дүйнөңүздү китеп окуп байытасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Иши жеке жашоосуна жолтоо болуп жаткандар башка жумуш караштыра башташат. Тааныштар уюштурган иш-чарага катышып, ал жерден жаңы нерселерди үйрөнөсүз. Апта акырында мурун чогуу иштешкен адам конокко чакырат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада киреше кирет. Туугандар менен жолугууда көп жаңылык угасыз. Алыста иштеп жүргөн жакыныңыз келип үйүңүз бапырайт. Бирөөлөр сизди чаташкан ишке тартууну көздөйт. Апта акырында өз ишиңизди бүтүрүп, тынч эс алыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Карыздан кутулуп, достор менен көңүл ачасыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылышы үчүн абройлуу адамдарга жакын болуп, алар менен иштешиңиз. Жүрөккө жакын адамыңыз менен жолугушууну эсте каларлык кылып өткөрүү өз колуңузда.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Бирөөлөрдүн таасирине бериле бербей, өз күчүңүзгө таянып иш кылсаңыз утасыз. Жаңы таанышыңыз менен кайсы бир маселе тууралуу сүйлөшөсүз. Сезимин билдирген адам чыгат, артын ойлоп көрүңүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Тамекини таштоону, ден соолукту чыңдоо үчүн спорт залга барууну чечсеңиз, анда чамдаңыз. Бейшембиде белгиленген жерге кеч барсаңыз, олжодон куру каласыз. Ишембиде досуңузду таарынтып албаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында көп иш баштап алып, аягына чыкпай чарчап калууңуз ыктымал. Апта ортосунда омурткаларга күч келтирүүчү жумуштарды абайлап жасаңыз. Араздашкан түгөйлөрдө тил табышуу мүмкүнчүлүгү чыгат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Энергияңыз чыгармачылыкка коройт. Айрымдар дарыланууга киришет. Жан шеригиңиз менен үйдөгү маселелерди талкуулайсыз. Апта аягында буюмдарыңызды иреттеп туруңуз, шашылыш жолго чыгууңуз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Бирөөлөр менен сүйлөшүүдө абайлабасаңыз, өкүнүп, кечирим сурап калууңуз мүмкүн. Үйүңүздү тартипке келтиресиз. Киреше көбөйүшү үчүн түзүлгөн пландарды кайра карап чыгуу сунушталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан