– 4-курстагы Руслан сени жакшы көрөт экен го?
– Кайсы, тиги сарыбы? Койчу ай ошону...- курбумдун алып келген жаңылыгына каткырып күлдүм.
– Эмне экен? Ага тийсең жыргайсың.
– Мындай, мен тие турган жигиттин чачы кара, көзү кара, бою узун, спорттук дене түзүлүштө болот. Русланга ошентип айтып кой!- дагы каткырып күлдүм.
Эртеси окуу жайга келе жатып Русланды көрүп калдым. Күлкүмдү тыя албайм. Курбум жеткирип койгон окшойт, кечээ эле сапсары болуп жүргөн Руслан чачын капкара кылып боётуп алыптыр. Мени карап жылмайып коёт. Каткырып жибербейин деп араң басып жанынан өтүп баратсам:
– Мен эртең кашымды да боёп келем!- дегенде «бырс» күлүп жибердим.
Айткандай эле, эртеси ал кашын боёп келди капкара кылып. Баарынан кызыгы, мен аны бул күнү өзүм издедим. «Чын эле боёду бекен?» деген суроо кызык болду. Руслан мени көрө сала кашын серпти. Ой, бул ушунчалык күлкүлүү көрүнүш эле... Андан дагы бир күн өткөн соң телефонума СМС келди: «Теректей бой болгончо, теменедей акыл болгон жакшыбы? Руслан.» «Акыл болгон жакшы» деген СМСти толтура күлүп турган быйтыкчаларды кошуп жөнөтүп жибердим. «Машыгууга барып баштадым, 3 айдан кийин күйөө болууга даяр болом» деп дагы жазып жибериптир. Күлкүм келет.
Анан ар убак Русланды көргөн сайын жылмайчу болдум. Мурда бул арык, илмийген сары жигитти байкачу деле эмесмин. Анын жанагындай жоруктарынан кийин күн сайын аны көздөрүм менен өзүм издеп калдым. Ачык эле айтайынчы, мен аны жакшы көрүп калдым. Анан биздин баарлашуубуз олуттуу мамилеге өттү. Азыр менин кичинекей сары балам бар. Мен баламды да, атасын да жанымдан артык көрөм. А Руслан болсо жакында балабыздын бирин-серин сары чачын кармалап «оо, булар сага канча көйгөй алып келер экен?» деп тамашалап кейиди. «Булар көйгөй эмес, бакыт алып келет» дедим мен. Калп айткан жокмун, чынын айттым. Менин сары күйөөм маңдайымдан ыраазы боло өөп койду. Ошол...
Динара