САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ЖЕКШЕНКУЛОВ 5 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

16-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн угузду.

Райондук сот Жекшенкуловду 3 жылга чейин мамлекеттик кызматка койбоо чечимин чыгарды. Бир жылдан ашуун соттук териштирүүнүн аягында экс-министр “жеке тапанчасынан түрк ишкери атып өлтүрүлгөн” деген күнөө боюнча толук акталды. Ал “Тышкы иштер министри болуп турганда министрликтин эшиктерин алмаштырууга мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн күнөөлүү” деп табылды. Жекшенкуловдун өзү сотто күнөөсүн моюнга алган жок. Ал ага карата козголгон кылмыш иштери саясий негизде экенин айтып, бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотко арыз жолдоорун билдирди.


ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА 7 ТАЛАП КОЮЛДУ

17-мартта Бишкектеги “Форум” ишканасынын алдында оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы болуп өттү. Бул Курултайга 5 миңдей адам чогулду.

Курултайга белгилүү саясатчылар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Эмил Каптагаев­, Дүйшөн Чотонов жана Топчубек Тургуналиевдер катышып, сөз сүйлөштү. Курултайдын соңунда бийликке 7 пункттан турган талаптар коюлду. Анда электрге, жылуулукка болгон тарифтерди эски калыбына келтирүү, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомду” мамлекетке кайтаруу, Исмаил Исаков жана башка саясий себеп менен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган Инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү сыяктуу талаптар коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды. “Курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу үчүн Роза Отунбаева башында турган уюм түзүлдү”,- деп билдирет Элдик курултайдын уюштуруучулары.


ЖЕТИМ-ТООДО КЕН ЖОКПУ?

Жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиевдин айтымында, Жетим-Тоодо азырынча эч кандай кен ачыла элек.

Учурда кендин бар же жок экендигин аныктоо боюча иштер жүргүзүлүп жатат. “2008-2009-жылдары эки кытай компаниясы иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча лицензия алган. Алар кыртышты, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш кооп­суздугу боюнча бардык экспертизалардан өтүшкөн. Эл арасында Жетим-Тоо Кытайга биротоло берилиптир деген сыяктуу ушак сөздөрдүн тарап кетишине да ушул нерсе себеп болгон өңдөнөт”-, деп билдирет министр.
«Кенди чалгындоо иштерин өзүбүз эле жасасак болбойт беле?» деген суроо туулат. Министрдин маалыматы боюнча Жетим-Тоодо кен бар же жок экенин аныктоо иштери СССР мезгилинде эле башталып, эки минералдын: магнентит менен гематиттен турган руданын белгилери аныкталган. «Ал канчалык тереңдикте жайгашкандыгын, запасы канча экендигин аныкташ үчүн беш жылдан аз эмес убакыт кетет. Геологиялык чалгындоо иштерине 20 миллион доллардан көбүрөөк каражат талап кылынат. Ошондон кийин гана бул участок киреше берер-бербесин аныктоого болот”,- дейт Капар Курманалиев.


ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ МАМЛЕКЕТ ҮЙ КУРУП БЕРЕБИ?

«Журналист деген кесиптин ээлеринин жашоо шартына мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келатат”,- деп жазат президентке жазган кайрылуу катында «Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошова.

«Массалык маалымат каражаттары бийликтин төртүнчү бутагы деп эсептелет. Бирок, тилекке каршы, ошол төртүнчү бийликте иштеген журналисттердин 90 пайызы турак жай менен камсыз болгон эмес. Үй-бүлөсү менен батирлеп, өтө оор шарттарда жашашат.
Буга карабастан, журналисттер мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет. Ошондуктан урматтуу Курманбек Салиевич, мамлекеттик жана эркин массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттердин эмгегин эске алууңузду өтүнөбүз. Алар үчүн атайын журналисттерге арналган көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча Бишкек шаарынын мэрине тапшырма берүүңүздү суранар элек»,- деп айтылат кайрылуу катында.


МИНИСТРЛИК КЫЗМАТКЕРИ ПАРА СУРАП...

Мамлекеттик мүлк министрлигинин кызматкери 2 миллион 150 миң сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды.

Маалыматка караганда, финансы полициясына “Т-Б” ЖЧКнын түзүүчүсү Д.А. аттуу айым кайрылган. Ал өз арызында Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкротчулук иштери боюнча департаментинин кызматкерине чара көрүүнү суранган. Ал өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Т-Б” ЖЧКны банкрот деп жарыялоо үчүн ал айымдан 2 миллион 150 миң сом талап кылган. Оперативдик тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө министрлик кызматкери 2 миң 500­ доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Учурда бул факты боюнча иликтөө жүрүп жатат.


АЖО РЕВОЛЮЦИЯ ТУУРАЛУУ КИТЕП ЖАЗДЫ

Президент Курманбек Бакиевдин 2005-жылкы революция тууралуу “Март революциясы: элдин тарыхый тандоосу” аттуу китеби басылып чыкты.

Аталган китеп Москвадагы басмаканалардын биринен жарык көрдү. Китепте автор 24-март революциясынын мыйзам ченемдүү жактарын жана өзгөчөлүктөрүн талдоого алат. Революциянын негизги милдети авторитардык башкарууну сындыруу жана саясий системаны демократиялаштырууга багыттоо болгондугу айтылат. Ошондой эле аталган эмгекте өлкө башчысынын эгемендүү мамлекет катары Кыргызстандын келечеги туура­луу көз караштары камтылган.


Эл аралык кабарлар

НАЗАРБАЕВ ГЭСтер БОЮНЧА КАРИМОВДУ КОЛДОДУ

Иш сапары менен Ташкентке келген Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «аймактагы жаңы ГЭСтердин курулушу сөзсүз экспертизадан өтүшү керек» деген оюн айтты.

Назарбаевдин айтымында, Тажикстандын «Рогун», Кыргызстандын «Камбар-Ата» ГЭСтерин эл аралык экспертизадан өткөрүү зарыл. Андай экспертиза учурунда экологиялык, техникалык коопсуздук маселелери жана суу агымынын жөнгө салынышы каралууга тийиш. Ал экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана Тажикстан менен Кыргызстандагы ГЭС­тердин курулушуна катышууга даяр экендигин кошумчалады. Айта кетчү жагдай, экспертизадан өткөрүү талабын буга чейин Өзбекстан гана айтып келсе, эми Казакстан да колдой баштады.


УКРАИНА НАТОдон БАШ ТАРТАТ

Жаңы өкмөт парламентке эч кандай аскердик уюмдарга, анын ичинде НАТОго да мүчө болбой турган мыйзамды сунуш кылууда.

Мындай демилгени жаңы түзүлгөн бийлик коалициясы көтөрүп чыккан. Ошол эле учурда жаңы шайланган президент Виктор Янукович мындай идеяны мурдатан эле колдоп келе жаткандардын катарында. Бул мыйзам кабыл алынса, Орусия менен Украина мамилелеринде да чоң жетишкендик болмокчу. Себеби Орусия Украинанын НАТОго мүчө болуусуна каршы чыгып келет.


ТАИЛАНДДА КАН ТӨГҮЛДҮ

Таиландда демонстранттар өздөрүнөн алынган адам канын Өкмөт үйүнүн башкы дарбазасына нааразылык символу катары төгүштү.

Демонстранттар мындай жол менен талаптарына курмандык чалышканын билдиришкен. Борбор калаа Бангкокто 13-марттан бери акция өткөрүп жаткандар, негизинен, мурдагы премьер-министр Таксин Чинаватранын жактоочулары. Алар “учурдагы өкмөт бийликте мыйзамсыз отурат” деп өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Ал эми Таиланддын учурдагы премьер-министри Апхисит Ветчачива нааразылык акциясы башталганда эле өз резиденциясын таштап кетүүгө аргасыз болгон.


БУУ ЖАНА ЖККУ КЫЗМАТТАШАТ

Москвада Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа биргелешкен декларацияга кол коюшту.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун бул иш-чарага катышуу үчүн 18-мартта атайын Орусияга учуп келген. Бул макулдашуу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 64-жыйынында кабыл алынган “БУУ менен ЖККУнун ортосундагы кызматташтык” деген резолюцияга ылайык ишке ашты. Анда тараптар эл аралык деңгээлде жардамдашуу, гуманитардык, терроризм жана баңгизат менен күрөшүүдө кызматташмакчы. Айта кетсек, ЖККУга (ОДКБ) Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ylduska
2010-03-19 14:07:11
Элдик курултайды баштагандар - жакшы талаптарды коюшуптур, келгиле эми эл-журт баарыбыз кайдыгер карабай аракет кылалы.
0
Rim
2010-03-20 14:54:20
чын дилимден кошулам элим учун.......
0
kyrs
2010-03-25 16:58:33
Davai davaiopozisiya alga.Jekshenkulovtu chygargyla. Olso bir turk olptur da anyn emnesi bar eken. Amerikalyk soldat bizdin jarandy olturup koyp jon ele kachyp kettigo, ech kim dele sottogon jok.Bizdin jarandar bashka jarandardy jon ele sabap koiso da joopko tartylat.
0
kyrs
2010-03-25 17:00:22
P.S eshikterdi almashtysa emne boluptur.
0
kyrs
2010-03-25 17:05:50
Uzbekter birinchiden KG menen vizasyn joisun anan bizdin gesterge kiligishsin. A Kazaktarga emne jok Kg svetin berip jatkandan kiin bir jerin kysyp ele jurboibu. Je biz alalrdyn jashoosuna kiligiship jatabyzby. Karimov Nazarbaevke davno pora na pensiy.
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан