Мыктыбек Арстанбек: «УТРКнын ОҢОЛУШУНА САКАЛЫМ ТОСКООЛ БОЛДУ»

Бир кездеги белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбектин караанын УТРКдан азыр таппай калдыңызбы? Өз көрөрмандарынан кайра-кайра алыстаганга аргасыз болгон Мыктыбек мырза башынан турмуштун ысык-суугун көп өткөрдү.

Мыктыбек мырза, 2000-жылдардын башында эфирден таптакыр көрүнбөй калган учуруңуз да болду ...
– Улуттук телевидениенин бир нече көрсөтүүлөрүнүн башын кошкон «Айкөл» чыгармачылык бирикмесин жетектеп турганда биринин артынан экинчи берүүнү эфирге чыгара берчүбүз. Ошондо корпорацияга жаңы келген президент Айтикеева менен карама-каршылык башталды. КТРге чоң болгондордун баары эле реформа кылабыз деп келишет. Айтикееванын реформасы экрандан арак ичкен, жылаңач адамдарды ачык чыгаруудан баш тартпоо эле. Мен ага каршы турдум. Анан ал мени чакырып алып “башка студияны жетекте. Мен “Айкөлдү” таратам” деди. “Ысык-Көлдө кадыр түн”, “ТВ автограф”, “Кош келиңиздер” өңдүү программаларды чыгарып жаткандардын баарын бир тууганымдай көрүп калыптырмын. «Эже, коюңуз, жумуш деп канчасы үй-бүлө да кура элек. Мен жаңы жумушка барсам “Айкөл” менен барам, эгер кетсем “Айкөл” менен кетем» дедим. Ошондо Айтикеева “карап тур, балдарың сени 15 мүнөттө сатат” деди. Айтканындай эле ар бир баламды кабинетине чакырып, жакшы жумуштарды берип койду. Ар жерден сууруп чыгып адам кылган кесиптештерим ошентип тарап кетишти. Алардын көбү азыр аты белгилүү продюсер, режиссёрлор.
– Ошол кесиптештериңизди кечире алдыңызбы?
– Адатта кечирдим дегени менен, ичинен кек сактап жүрө беришет. Мен кечире алат экем. Жумуштан чыгып калгандан кийин басып келмек тургай бирөө да телефон чалып сурап койгон жок. Бутум баспай ооруп калдым. Дарыгерлерге барсам диагноз коё алышкан жок. Ошол учурда шаардын четинен жер алгам. 5-6 тамдан башка эч нерсе жок, ээн талаа. Анан эмеректеримди жайып алып, төрт балам менен талаада жашадым. Кудай жалгап жай эле. Жалаң шаан-шөкөттө жашап, “кел, төргө өттөн” башканы укпаган адам капилеттен талаада жашап калганы чоң сокку болду. Элестет, иштеген ишиң жок, үстүңдө үйүң жок.
– Ишиңизге кайрылып барган жоксузбу?
– Жумушумду аябай сагындым. Бир күнү чолоңдоп барсам, эшик тоскон милиция кызматкери “сизди киргизбе дешкен” деп жолумду тосту. Көзүмдөн буурчактап жаш агып кеткенин байкабай калыптырмын. Көрсө, ошол жаш ага чейинки өмүргө чекит болуптур. Мен үчүн чоң сабак болду. Дегеле адамдарга үзүлүп түшүп мамиле жасабай калдым. Анткени алардан бир күнү болбосо бир күн айрылууга туура келет экен. Сатып кетпесе да, бул жарык менен коштошуу бар да.
– 2005-жылкы ыңкылаптан кийин сизди кайрадан экрандан көрө баштадык...
– Ыңкылапта мени киргизбей жаткан баягы милиция кызматкерлеринен, Айтикееванын учурунда талтаңдап жүргөндөрдөн дайын жок. КТР аңгырап бош. Кыжырданып турган элден телевидениени корудук. Ошентип, кайрадан иштеп калдым. “Академия” деген долбоорду ачтым. Сексенге жакын бала окуттум. Алардын жарымынан көбү азыр телевизиондук мейкиндикте аты чыгып калды. Алар менен сыймыктанам.
Ошентип, чоңдор келип-кете берди. Азыркысы бир күнү чакырып алып “сакалыңызды алыңыз” дейт?! Мен эмне айтарымды билбей, далдайып эле туруп калыптырмын. Реформасына, ишинин оңолушуна менин сакалым тоскоол болуп жатканын араң акылым сиңирди да, кетейин деп арыз жазып чыгып кеттим.
– Сакал үчүн эле кетип калдыңызбы?
– Баары чогулуп сакалымдан айлансын!
– Жумушта болгон соккулар сизди дин жолуна түрткөн экен да...
– УТРКдан биринчи кеткениме чейин эле намаз окуп калгам. Дин жолуна түшүүгө турмуш соккусу, оору, жоготуу, кандайдыр бир кырсык же кимдир бирөөнүн үндөөсү түрткү болот деген туура эмес. Мисалы, мага эч ким, эч нерсе таасир берген жок. Адам болуп энеден төрөлдүңбү, дин жолуна түшүшүңө мына ошол түрткү.
– Кесибиңиз боюнча инженер белеңиз?
– Ооба, Политехти бүткөм. 2-курстан баштап эле телевидениеге байланып калдым.
– Телевидениеге барарыңыз менен эле “Айкөл” чыгармачыл бирикмесин ачууга үлгүрдүңүзбү?
– Үч жыл штаттан сырткары, андан соң “Баластан” студиясында, жаштар редакциясында иштедим. Ошондо “Жалаң кыздар жана мен” көрсөтүүсү жаралды. Анан Аманбек Карыпкуловдун учурунда “Марс” тобун сунуш кылдым. Топту “Айкөл” чыгармачылык бирикмесине айлантып, көңүл ачуучу музыкалык көрсөтүүлөрдүн баары бизге карады. Штатта 15тей адам болгону менен, штаттан сырткары 50дөн ашуун жаштар эмгектенишчү. Таш ыргытсаң эле биздин балага тийчү. “Айкөлдүн” алты жылдык өмүрүндө канчалаган клиптерди, концерттерди тартпадык. Шоунун бизнес экенин анча аңдабаптырбыз. Бизден кийин келгендер аны басып алып мүлжүштү.
– ЭлТР телеканалына кандайча келип калдыңыз?
– “Негизги маселе” деген долбоорду ЭлТРдин жетекчисине сунуштасам колдоп берди. Бул көрсөтүүмдү даярдоодон сырткары “Манас жаңырыгы” телеканалында коомдук негизде салттык, диний программаларды даярдоого жардам берем. Ошондой эле ЖОЖдордо журналистика боюнча сабак берем.
– Жогоруда айтылган сөздөргө бир аз кайрылгым келип жатат. Талаада жашап калганыңызды жубайыңыз кантип көтөрдү?
– Балким, башка бирөө болсо талаада өзүң эле жашай бер деп басып кетмек. Келинчегим анткен жок.
– “Мыктыбек Арстанбек келинчеги менен таанышкан күндүн эртеси эле үйлөнүп алган” деген сөздөрдү уктум эле...
– Образдуу айтканда, ошондой.Таанышарым менен эле жылдызыбыз келишип калды да, «мага тиесиңби?» дедим. Ал дагы ооба деп жооп берди. Бирок кыз-жигит катары көп убакыт сүйлөшүп жүрдүк. Кесиби боюнча ал дагы инженер. Окуусун бүткөндөн бери бала тарбиялап, тамашалап айтсам, үйдө төрөгүч болуп иштеп жатат. Мен дин жолуна өткөндөн бери ал дагы жоолук салынып, намаз окуйт.
– “Редакцияга чакырып алып “канча аялыңыз бар?” деп сурады деп таарынбаңыз. Бирок ушул суроону бергим келип жатат.
– Кыргызстанда менин аялдарымдын санына караганда алда канча олуттуу маселелер көп болсо керек. Анын үстүнө шариятта үй-бүлө жабык маселе.
– Ал эми балдарыңыз жөнүндө айтасызбы?
– Сегиз балам бар. Улуусу 25те. Кичүүсү бир жарым жашта. Балдарымдын улуулары тайларында өскөндүктөн, азырынча намаз окуй элек. Кичүүлөрүнүн баары дин жолунда.
– Азыр сүйүп калуудан коркпойсузбу?
– Жок, коркпойм. Сүйүү деген эмне? Мисалы, кыздардын ачык кийинүүсү, алардын сулуулугу жөн гана инстинктти козгойт. Адамдар адатта ошого азгырылышат. Ал эми сүйүү – интеллектуалдык сфера. Болгондо да жөн эле эмес, конкреттүү бир нерсе үчүн сүйөт. Мисалы, энени бизди төрөгөнү үчүн, баланы келечеги үчүн сүйөбүз. Ал эми көчөдөн көрүп калып эле сүйөм деген жигит эмне үчүн сүйүп жатат?! Кыздар ушуну ойлонушу керек.
– Жумуш учурунда көбүрүп-жабырып жинденгениңизди, ошол эле учурда кыздарга тийишип күлүп жатканыңызды да көп эле көрдүм...
– Бир жолу бирөөдөн бизде иштеген бир кызды көрсөтүп, “мунун жигити барбы?” десем “күнү-түнү иштеп жүрсө жигиттин балээсин билеби?” деп жатпайбы. Ошонун сыңары, жумуштагы кыздарга күлсө күлгөндүрмүн, бирок мен аларды аял деп деле карабаптырмын. Алар мен үчүн болгону кызматкерлер эле.

МЫКТЫБЕК МЫРЗАНЫ АРСТАНБЕК БАЙКЕ ДЕП...

  • 1965-жылы Фрунзеде туулган.
  • Төрт бир туугандын улуусу. Ата-энеси студент болгондуктан, төрөлгөнүнө 15 күн болгондо эле чоң энеси Сузак районундагы Атабеков айылына алып кеткен.
  • Мектепти айылдан жалаң “беш” деген баага аяктаган.
  • Динге бериле элек кезинде арак ичкен, тамеки тарткан, айтор, жашоонун рахатын таткан.
  • Мурунку Мыктыбек менен азыркынын айрымасы деле жок. Болгону, мурун динди билбей жүргөн.
  • Арстанбек – атасынын аты. Арстанбек байке деп кайрылгандар көп. Аларга таарынбайт деле.
  • Сексти балалуу болуунун каражаты деп эсептейт.
  • Мүнөзү кырдаалга жараша өзгөрүп турат.
  • Өзүнө кек сактап, бут тоскондорду эч качан душман деп баркын көтөрбөйт.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
mirjanel
2010-03-20 14:07:26
мен бул адамдын создоруно такыр тушуно албадым.Негедир арыздангандай озуно конул буруусун каалап,пиар жаратып жаткансыйт тушунуксуз...........
0
Таллас
2010-03-20 21:39:50
Мыктыбек байкени сыйлайм. Кыскасы, ЭРКЕК.
0
yahaha
2010-03-22 10:20:54
Чыныгы Эркек! УТРК сакалы дини учун кодулаганы кызык. Директири мусулман эмес окшойт...
0
ХАНЗАДА
2010-03-22 10:55:35
Жакшы жазылыптыр. Мыктыбек байкенин таасирдуу создор эсте калат экен.
0
akylzirek
2010-03-22 13:10:49
Ушундай крышаеддердин айынын кыргыз журналистикасы онуго албай келатат го чиркин.Диндин "д" сын тушунбой динчил болгон кишилер азыр биздин коомдо кобойду.Мен бул кишини да ошондойлордун бири деп ойлойм.Анткени чыныгы ислам дини сакал кой деп эч качан айтпайт.Бул турушу менен арабизм.КТРдин азыркы жетекчилиги абдан туура кылышыптыр.Анткени Мыктыбектин бетине чыккан кыл - адам баласынын кайсыл жерине гана чыкпайт.Акылдуусунган Мыктыбек мырза дагы бир жолу талаада калып кала элегинде мына ушуну бил
0
yahaha
2010-03-22 15:53:02
akylzirek лысый окшойт))))))
0
kyrs
2010-03-23 16:57:44
Ee brat Politehke tapshyrbai univerge tapshyrsan bolmok eken jurnalistika fakultetke.
0
azamatdatka
2010-03-27 21:47:04
jok mikti jurnalist bolchu
ар бир нерсенин адамдын оз доору болот.
бул адам озунун доорун жакшы эле жашап алган, аны кайра нааразы болуунун кажети жок.
0
xxx-xxx
2012-02-19 09:00:51
akil zirek aial okshoit murunku atalaribiz sakal koigon alarda ushundaibi erkek sakali menen korktuu a senchi emnen menen kortuusun pankallan menen korktusunbu sen kaapir okshoisun dindi miskildap oozun kyishaiyp kalbasin tooba kilip kudaiga kait bolboso kaapir bolup olup ketesin oo kokui
0
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан