МАГНИТТИК-РЕЗОНАНСТЫК ТОМОГРАФИЯ ЭЛДИН САЛАМАТТЫГЫН САКТООДО

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Магниттик-резонанстык томография бөлүмү 1996-жылы ачылып, ага өлкөбүздөгү жана Борбор Азиядагы алгачкы аппараттардын бири коюлган. Адистерибиз Германиядан жана Орусиядан окуп келишкен жана 20 жылдан бери билимдерин жогорулатып келе жатышат.
Эне жана баланы коргоо борбору эң ири илимий изилдөө, уюштуруу-методикалык, дарылоо-консультативдик мекеме болуп эсептелет. Быйыл 55 жылдык юбилейин белгиледи.
Магниттик-резонанстык томографиянын адамдын ден соолугуна зыяны тийбейт, андыктан жаңы төрөлгөн ымыркайлардан баштап изилдөөгө болот. Изилдөөгө болбойт: денесинде темири бар адамдарды (сөөктөгү металл пластинасы, жүрөк стимулятору, кан тамырларды кысуучу медициналык клипсы жана башка).
Магниттик-резонанстык томографиядан республиканын ар аймактарынан келген оорулуулар текшерүүдөн өтөт. Эне жана баланы коргоо борбору болгондуктан көбүнчө балдар изилденет, алардын көбү неврологиялык ооруларга чалдыккандар. Кичинекей балдарга наркоз берилип уктатылып, анан текшерилет. Себеби тартуу учурунда пациент 15 мүнөт же андан көп убакыт кыймылсыз жатуусу кажет.
Биздин борбор элдин саламаттыгын сактоодо чоң салымын кошуп келет.

Мусаев Чоро Мусаевич,
МРТ бөлүмүнүн дарыгери

Асадов Ильхам Ибадулла оглы:
– Эне жана баланы коргоо борборундагы МРТ бөлүмүнө биз чоң ишеним менен текшерүүдөн өтүүгө келебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан