Концертке келиңиз
19-20-март күндөрү Кыргызстанга өзүнүн жеке концерти менен чыгыштын популярдуу жылдызы Шахзода келмекчи. Концерт тууралуу анын уюштуруучусу, «Тумар» радиосунун директору Алексей Сидоров төмөндөгүлөрдү баяндап берди.
– Нооруз майрамынын алдында кыргыз элине жагымдуу маанай тартуулоо максатында популярдуу ырчы жана актриса Шахзоданын жеке концертин уюштуруп жатабыз. Бул концерт “Тумар” радиосунун 2 жашка толгонуна да байланыштуу. Ырчы Шахзоданын концерти менен бирге биринчи чыгыш радиосу туулган күнүн белгилейт. Концерттин башкы демөөрчүсү «Daisy» фирмасы.
Кыргызстанда концерт эки күн болот. 19-мартта Ош шаарындагы “Олигарх” (мурунку “Мундуз”) ресторанында, 20-мартта Бишкекте өтмөкчү. Бишкектеги концерти Спорт Ордосунда болот. Бул Шахзоданын анык жеке концерти.
2 саат 30 мүнөткө пландалып жатат. Чыгыш жылдызынын чыгармачылыгын сүйгөндөргө кепилдик берем, нааразы болбой кайтышат. Себеби азыр түзүлгөн программа боюнча концерт чындыгында оригиналдуу жана уникалдуу болот. «Эмнеси менен?» деген суроо узаса керек. Сахнанын жасалгасы эми бир укмуш. Мындай жасалга Спорт Ордосунун тарыхында болгон эмес. Кечени 3 мүнөттөн түзүлгөн “Тумар” радиосу тууралуу даярдалган видеоролик ачмакчы. Андан соң учурда баары тааныган оригиналдуу бийчи Атай Өмүрзаков өнөрүн тартуулайт. Атай бүтөрү менен кеченин «күнөөкөрү» чыгат.
Чыгыш жылдызы жеке концертинде 23 ыр ырдайт. Кече үч бөлүккө бөлүнөт: жай ритмдеги ырлар, чыгыш стилиндеги чыгармалар жана заманбап ырлар. Шахзоданын ырларын “Стар Дэнс”, “Агама”, “Visiblе Steps”, ”Step by step” жана Кыргызтандагы бий ассоциациясынын бийчилери коштомокчу. Ал эми коноктору – кыргыз эстрадасынын аттуу-баштуу ырчылары. Мындан тышкары көрүүчүлөрдү көптөгөн жагымдуу сюрприздер күтөт.
Чыгыш стилине оролгон концерттик программанын тизгини “Тумар” радиосунун ди-джейлеринде. Билет баасы 300-500 сомго чейин. Аны кассадан алууга мүмкүн.