Кыргыз жеринен 4 ШУМКАРДЫ алып чыгып кетүүгө аракет кылган Бириккен Араб Эмирликтеринин жарандары 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 14-октябрда "Манас" аэропортунан кармалган жарандарга "контрабанда" боюнча айып тагылды.
"АТА ЖУРТ"
жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого аймактарда өзүнчө чыгууда. Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин тандеми ажырады. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова тастыктады.
Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз мамлекетине келген ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР 5 күн ичинде каттоого туруусу керек деген өкмөттүн токтомун жоюуну сунуштап жатат.
ЛУНАРА МАМЫТОВА эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Ал VI чакырылышта Жогорку Кеңешке "Бир бол" партиясынан депутат болуп шайланып келип, көп өтпөй мандатын тапшырып, ордун Улукбек Ормоновго бошотуп берген эле.
Өлкөдө жыл сайын 8 миңдей ЫМЫРКАЙ ара төрөлөт. Алардын ар бир бешинчисинин салмагы 1,5 килограммга жетпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
Жогорку Кеңеш 3-окууда КОРРУПЦИЯЛЫК кылмыш жөнүндө кабар берген адамга паранын 30 пайызын сыйлык иретинде берүү тууралуу мыйзам долбоорду жактырды.
Кыргыз өлкөсү медициналык кызмат көрсөтүү жана жол коопсуздугунун деңгээли боюнча ТУРИСТТЕР үчүн кооптуу мамлекеттердин тизмесине кирди. Мындай картаны 2017-жылга карата "International SOS and Control risks" компаниясы жарыялады.
Өлкөнүн өзгөчө макамга ээ ЧЕК АРАГА ЧЕКТЕШ аймактардын тизмесине 61 айыл кирет. Анын 46сы Баткенде жайгашса, Нарын, Талас жана Чүйдө чек арага чектеш айыл жок.
Март айынан 16-ноябрга чейин "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында 491 гана киши ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТ алды.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болуп ДҮЙШӨНБЕК ЧОТКАРАЕВ дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.