АИДА ЗАМИР МЫРЗАГА ТУРМУШКА ЧЫГУУГА ДАЯР
Блиц-маек
«Аида Кулуева менен Замир Мырза жакында үйлөнөт» деген кеп бар. Бул маалыматтын чын-төгүнүн Аиданын өз оозунан угалы.
– Аида, Замир Мырза экөөңөр кош жылдыз бололу дедиңер беле?
– Жок, кайдан, мен Замир менен достук эле мамиледемин. Өткөндө силердин гезитиңерге ушундай СМСтер келген турбайбы. Тааныштарымдын баары чалып, “Аида, той качан? Замир экөөң соо эмес турбайсыңарбы!” дешет. Алтургай Оштогу күйөрмандар чалып алышып, “эй, Аида эже, Замир аке экөөңөр үйлөнөт экенсиңер го... Бактылуу болгула!” дей башташты. Мен “шок” болуп эле отуруп калдым.
– Койчу, антип актанганың менен, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да, бирдемеңер болсо керек?
– Эч нерсебиз жок, жөн эле жакын доспуз. Мен Ошко барганда ал коноктоп, шаарды кыдыртып, Сулайман тоого алып чыгып тааныштырган. Экинчи борборубузга барганда Замирге жолукмайынча келбеймин. Ал Бишкекке келип калса, мен тосуп алып, колумдан келишинче сый көрсөтөм. Кыскасы, жакын доспуз. Балким, ошентип чогуу жүргөндөрүбүздү көрүп калгандар бул сөздөрдү чыгарып алышкандыр.
– Ушул ушак тууралуу Замир экөөңөр сүйлөшүп көрдүңөр беле?
– Албетте, жок. Анткени мен мындай ушак сөздөргө маани бербейм. Балким, анын сүйлөшкөн кызы бардыр, бул ушак экөөнүн мамилесине тоскоол болбосо экен деймин.
– Мүмкүн, Замирдин көңүлү сага түшүп жүрбөсүн? «Мага турмушка чык” десе, макул болот белең?
– Замирдей жигитке турмушка чыгууга кайсы кыз каршы болсун? Ага турмушка чыгууга мен деле даярмын. Замир үй-бүлөнүн кожоюну болууга татыктуу.
– Ийгилик сага!
Замира Рахманбердиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Бутту Замир карабай калды го, санды ушундан аркыдай сунган экенсин
Суроту отталкивать этет ко...
Апчебиздин койногунун тусу кобун ирээнжитет, ошондуктан тусту туура тандаса жакшы болмок экен... Бул сын эмес, жеке ой-пикири
Zamir Myrza. kyrgyzdyn suluu kelishimduu jigitterinin biri go... menin oiumchala Aida ejekebiz menen turmush kuruuga dayar emes bolush kerek...
Aida ejeke ozunuz asmandagy jyldyz bolsoz dagy Asmandagu aga kol sunbanyz...
Ооой шумдук элесинер ыя!?
Биринчи беттеги суроту кантет деги?!
Неудачны
о вкусах не спорят!бирок Аида эжекебиздин вкусу мага жаккан жок!
Замир азаматсын всеч девушек пои.........й
Ozu erkekterdei boiovoi kyz bolso emne kylsyn,
koinoguno konul burbai kongondoi surotko tushupturda.
Бу жердеги суротун карагылачы, татынайып, тим эле алда немедей, ушитип эле журушсо
Кантип ушул суротунду бердин? Кыздар кичине назигирээк болсонор.Кадимкидей жактырбай калдым
Кичине назик,жагымдуу болсон! Озундун кемчиликтеринди жашырып дегендей(фигура)...Не знаю о чем ты думала! Ты одна из птичек КЫРГЫЗСТАНА! И ты должна представлять наш народ самым приличным видом! Хочешь быть сексуальной, то сперва поработай над собой. Удачи!
На этой фотке такая милая, а на обложке ???????
Эмне мынча! Эко турмуш курса эмне болуптур,табылбай эле турат ээ,силерге!Ар ким озуно сулуу,Аида эже ийгилик сизге коро албагандар айта берет!!!Оштон Гулбурак.
ona v jizne ochen krasivaya. ya ee znau ochen davno kakaya byla takoi i ostalas