КАНТКЕНДЕ ЭРКЕК БАЛА ТӨРӨЛӨТ

НАРИСТЕНИН УУЛ ЖЕ КЫЗ БОЛУП ТӨРӨЛҮШҮНӨ КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Ар бир айда аялдын эн безинен бир гана тукум клеткасы өсүп-өнүгүп турат. Мына ошол тукум клеткада тышкы көрүнүшү боюнча “Х” тамгасына окшош болгон ургаачылык касиети бар (эркектик касиети такыр жок) бир гана “Икс” заты бар.
Эркектин бир таштаган бел суусунда 4 миллиарддан ашык урук клеткалары кыжылдап сүзүп жүрөт. Алардын 2 миллиарддайынын тышкы көрүнүшү “У” тамгасына окшоп, “Игрик” деп аталган эркектик касиети бар заттарды алып жүрүшөт.
Калган 2 миллиард урук клеткалары тышкы көрүнүшү боюнча “Х” тамгасына окшогон “Икс” деп аталган (так аялдардыкындай) аялдык касиети бар заттарды алып жүрүшөт.
Эркектин 4 миллиард урук клеткаларынан бир гана урук клеткасы аялдын урук клеткасына жетип, аны менен куюлушуп уруктана алат. Калган урук клеткалардын баары кырылып жок болушат.
Аялдын жетилип турган жалгыз урук клеткасына эркектин кайсыл “Х” же “У” урук клеткасы биринчи болуп жетип келишине карап, наристе кыз же уул болот.
Эгер эркектин “Х” ургаачы касиети бар клеткасы биринчи болуп жетсе, аялдын урук клеткасына кошулуп, “Х”+“Х”= ХХ - кыз пайда болот.
Эгер эркектин “У” эркектик касиети бар урук клеткасы аялдын урук клеткасына кошулса, анда “Х”+”У” = ХУ- эркек баланы пайда кылат.

НАРИСТЕНИН ЖЫНЫСЫН ПЛАНДООДОГУ ЫКМАЛАР

Убакыт ыкмасы
Ар бир айда аялдын оң же сол эн безинен урук клеткасы бышып жетилип турат. Жетилген урук клеткасы аялдын эн безинен чыккандан тартып, аялдын дене жылуулугу жогорулап, эти 3 күнгө дейре ысып турат.
Демек, аялдын боюна болуу мүмкүнчүлүгү күчөйт. Мына ушул дененин ысып, өйдө-ылдый болушун 3-4 ай бою так ченеп билип туруп, аялдын боюна эркек же кыз бала болоорун аныктаса болот.
Аялдын эти ысып, дене жылуулугу көтөрүлөөрүнө бир күн (24 саат) калганда же аялдын денеси ысыган күнү жубайлар кошулушса, анда эркек бала бойго бүтөт.
Ал эми аялдын денесинин ысып, дене жылуулугу көтөрүлөрүнө 3-5 күн калганда жыныстык катнаш болсо, анда аялдын боюна кыз бала бүтөт.

ТӨШӨК КАТНАШЫНЫН МӨӨНӨТҮН САКТОО ЫКМАСЫ

Дагы бир көз караш менен карасак, төшөк катнашынын аз, көп болоорлугу да баланын жынысы үчүн роль ойнойт.

Уул бала үчүн

  • Төшөк оюну канчалык көп болсо, уул баланын төрөлүшүнө мүмкүнчүлүк бар. Анткени, жатындын жыйрылып, кыскарышы сперматозоиддердин кыймылын ылдамдатат. Эркек уруктугун аялдын жыныс кынына тереңирээк таштоосу керек.
    Айта кетүүчү нерсе, бири-бирин сүйгөндөр өз ара тартылып турушат да, секске бат-бат барышат. Натыйжада, уулдуу болушат. Андыктан, жубайлар, уулдуу болом десеңиздер, бири-бириңиздерди жакшы көрүңүздөр!

Кыз бала үчүн

Жубайлар өздөрүн карманып, төшөк оюнуна 3-4 күндө бир баруулары керек. Эркек болсо уруктугун кындын кире бериш жерине таштоосу туура.

ӨЗГӨЧӨ ЫКМА:

Кандын жаңырышын эске алуу

Эркектердин каны 4 жылда, ал эми аялдардын каны 3 жылда бир жаңырып турат. Эсептөө адамдын төрөлгөн күнүнөн башталат. Бойго бүткөн кезде жубайлардын кимисинин каны жаңы болсо, бала анын жынысында төрөлөт. Мисалы, бойго бүткөн кезде эркектин каны жаңы болсо, уул бала жарыкка келет.

АЙЫЗ КАЛЕНДАРЫН ЭСЕПТӨӨ ЫКМАСЫ

Бул ыкманы ишке ашыруу үчүн айыз календарын өтө тактык менен эсептеп чыгуу кажет. Эгерде жыныстык катнаш айыздын келээр убактысынан туура 11-12 күн мурун болуп өтсө эркек, 13-14 күн калганда болуп өтсө кыз бала төрөлөт. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда, бул ыкманын тууралыгына 87 пайыз кепилдик бар.

ДИЕТАЛЫК ЫКМА

Айрым бир көз карашка таянсак, болочок баланын жынысына тамак-аштын таасири чоң. Сунушталган диетаны бойго болтуруудан мурун 3 ай бою сактоо керектелет.

Эркек балалуу болгусу келген жубайларга төмөнкү тамак-аштар сунушталат:

  • Эт азыктары, анын ичинде колбаса, балык эти.
  • Суусундуктардан пиво, чай, вино, минералдык суулар.
  • Дан жана андан жасалган тамак-аштардан таттуу токоч, күрүч.
  • Кургатылган жемиштерден өрүк жана кара өрүк.
  • Жашылчалардан картошка, козу карын, ак буурчак.
    Эскерте кетүүчү нерсе, уул балалуу болууну каалагандар тамакка тузду өткүр салуулары кажет.

Кыздуу болгусу келгендерге төмөнкү тамак-аштарды көп колдонуу сунушталат:

  • Дан азыктарынын бардык түрүн жегенге болот. Бирок, тузу аз жана ачыткы кошулбоосу керек.
  • Суусундуктардан кофе, какао, кальцийлүү минералдык суулар.
  • Жашылчалардан баклажан, кызылча, сабиз, бадыраң, нокот, пияз.
  • Жумуртка жана сүт азыктарынын бардык түрлөрү.
  • Таттуу тамак-аштан варенье, торт ж.б.

КЫТАЙ КАЛЕНДАРЫ БОЮНЧА

18-20 жаштагы келиндерден көбүнчө эркек бала, 21 жаштагылардан кыздар арбын төрөлөт. 22-25 жаштагылардан кыздар-балдар аралаш туулушат. 26-29 жашка чейинкилерде кыздар арбыныраак төрөлүп жүрүп отуруп, 30-35 жашка келгенде төрөлгөн кыздардын саны абдан көптү түзүп калат. Ал эми 36дан 45ке чейин кайра кыздар менен балдар аралаш туула башташат.

ЭЛДИК ИШЕНИМДЕРДЕН

Сизде уул төрөлөт, эгерде...

  • Эмчегиңиздин үрпү каралжын тартып кетсе.
  • Белокко бай тамак-ашка: этке, сүткө, сырга басым жасасаңыз.
  • Боюңузда жок кезге салыштырмалуу бутуңуз бат үшүй баштаса.
  • Алаканыңыз кургак болсо.
  • Кош бойлуулук ажарыңызды ачып, сулуу көрсөтүп калса.

Сизде кыз төрөлөт, эгерде...

  • Сан менен жамбашыңызда май топтоло баштаса.
  • Таттууларды жана жемиштерди (өзгөчө апельсинди) көп талап кылууга өтсөңүз.
  • Маанайыңыз бат-бат өзгөрүлүп, эч нерсени сүйбөй кежирлене баштасаңыз.
  • Эртең менен көбүрөөк көңүлүңүз айланса.
  • Чачыңыздын түсү өзгөрүлсө.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
prezent
2012-12-17 23:46:29
Канымжан эже рахмат!
0
zoiy_asad2014
2016-10-12 14:28:37
Менин куйоом 1987-жылкы мен 1993-жылкымын ошондо бизде кыз болобу же уулбу
0
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан