Имамидин Ташов, «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси: «КЫРГЫЗСТАН КАЙЫРЧЫ ЭМЕС, БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРГЕН ӨЛКӨ БОЛОТ»

Өлкөбүздө жардамга муктаждарга, аз камсыз болгондорго кайрымдуулук кылып келгени менен белгилүү компания бар. «Мен өзүмө бирөөнү алдабайм, тапканым адал болот деп сөз бергем»,- деген ошол «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов менен маектештик.

– Курулуш компаниясын ачуу планы качан жаралган?
– Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин 30дан ашуун мамлекетте болдум. Анын кээ бирлеринде окусам, кээ бирлеринде иштеп жаттым. Көп эле кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. 2010-жылдын аягы, 2011-жылдын башында Кыргызстанда курулуш компаниясын ачуу планы жаралды. Ал убакта менде болгону 10-15 миң доллардын тегерегиндеги акча бар эле. Ал акчага фирма ачтым, ижарага офис алдым. Үй салганга жер таап, ээсине акча бербей эле ошол жерге курулчу үйдөн батир бере турган болуп сүйлөштүк.
Калган каражатты үлүштүк төлөөдөн түшкөн каражат аркылуу куруп баштадык. Мындайча айтканда, батир алган адам анын бир бөлүгүн, калганын ай сайын бөлүп төлөйт. Тобокелчилик өтө чоң болчу, бирок аны калыс максат менен жеңе алдым. Себеби компанияны түптөп жатканда мен байып кетейин деп максат койгон эмесмин. Кылган ишиме эл нааразы болбосун деген максатым балким жеңип кетти. Алгачкы 4 айда үй-бүлөмө да убакыт бөлө алган жокмун.
Күзөтчүлөр да мени өздөрү иштеген фирманын жетекчиси деп ойлобоптур, себеби күндүзү өзүм офис-менеджер, бухгалтер, директордун жумушун аткарсам, андан кийин курулушчуларга кошулуп иштечүмүн. Ошондо 4 айда өзүм эле 50 батирди саткам.

– Кыргызстанда канча кабатка чейинки имараттарды курууга болот?
– Архитектуралык жактан алганда жер канчалык тоолуу болсо жер кыртышы да ошончолук бекем болот. Ал эми Кыргызстандын төрттөн үч бөлүгү тоо, топурагы да кум же борпоң эмес. Бизде 60 кабатка чейинки үйлөрдү курса болот. Ага уруксат да берилет, жер кыртышы да ылайык келет. Тилекке каршы, бизде өтө көп кабаттуу үйлөр чыдамсыз болот деген түшүнүк жашап калган. Мына, Японияда күнүгө жер титиреп турса да асман тиреген имараттарды курушкан. Сингапурда болсо топурак-таш ташып океанга жасалма арал куруп, ал жерлерге 70-80 кабаттуу имараттарды салып жатышат.

– Сиздердин компания аз камсыз болгондорго жардам берип, кайрымдуулук иштерин да көп жасайт. Ошондуктан жардам сурап кайрылгандар да көп болсо керек...
– Акыркы убакта эл бизди курулуш компаниясы эмес, кайрымдуулук фонду сыяктуу элестетип калышты. Балким, бул биздин элге кээ бир кайрымдуулук фонддорунан да көп жардам бергенибизден болушу мүмкүн. Азыр көптөгөн компаниялар алдамчылык же башка терс аракеттери менен таанылып жатканда бизди кайрымдуулук кылган иштерибиз менен тааныганы биз үчүн бакыт.
Быйылкы жылдын эсебинен 800дөн ашуун адам жардам сурап кайрылыптыр. Биздин кайрымдуулук үчүн өзүнчө бюджетибиз бар, аны кайрылгандардын эң муктаждарына бөлүп бергенге аракет кылабыз.

– Курулуш тармагын кризис каптап, көптөгөн компаниялар банкрот алдында турушат, ал эми сиздердин компания ийгилик жаратууда. Ийгиликке жетүүнүн сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Пейилдин, ниеттин калыстыгы. Кудайдын колдоосуна жетүү. Ага ички дүйнөң таза болсо, бирөөгө жакшылык тилеп, алдыга калыс максат коюп жетесиң.

– Ишкерликке байланыштуу кайсы кесип ээлерине көп пара бергенсиз? Парасыз иш бүтсө, жаңы курулган үйдөгү батирдин чарчы метри канчадан болмок?
– Пара берген эмесмин десем жалган болуп калат. Аты-жөндөрүн, кайсы кызмат адамдары экенин айтпай эле коёюн, кээ бир учурларда пара берүүгө мажбур болом. Бизде жакшылык кылуу үчүн да пара берүүгө туура келет. Бул мурунтан эле тамырлап кетиптир, мен өзүм тамыры менен жулуп сала албайм. Эгер парасыз иш бүтсө кыштан салынган элиталык үйдөгү батирдин чарчы метринин өздүк баасы 370-380 долларга түшмөк. Ал эми панель же бетондон салынса андан да арзан болмок.

– Азыр акчасы, бизнеси бар адамдар арасында депутат болуу модага айланды. Көпчүлүгү «бизнесин коргоо үчүн депутаттыкка умтулушат» дешет. Сизди да келечекте саясаттан көрө алабызбы?
– Жок, менде андай ой жок. Бизнесимди коргогудай мен мыйзамсыз же күмөндүү иш кылган жокмун. Аткаруу бийлигинде иштөөгө да, депутаттыкка талапкерликке коюумду да сунуш кылышкан. Бирок менин максатым – креслосуз эле, мамлекеттик кызматта отурбай эле элге-жерге кызмат кылуу. Бул рычагдарсыз деле иш кылса болорун далилдөө. Мен өзүмө «бирөөнү алдабайм, тапканым адал болот, башкаларга караганда башкача жашайм» деген принцип койдум. Башкача жашайм дегеним, мисалы, кээ бирөөлөр тапканын жалаң өзүнө жумшайт, ондон хан сарай салат, төрөлө элек баласынын атына бизнес ачат, а мен ошолордон башкача жашайм.

– Келечектеги Кыргызстанды кандай элестетесиз?
– Кыргызстан элдин азыр түшүнө да кирбей турган деңгээлде өсүп-өнүгөрүнө ишенем. Биздин өлкө кайырчы эмес, башка муктаж мамлекеттерге жардам бере тургандай өлкө болот. Кыргыз эли талаалабай өз киндик каны тамган жерде ырыскысын таап бактылуу жашай турган күн келет. Бул күн келишине аз эле убакыт калды. Дүйнөнү титиретип жаткан державалар деле асмандан түшкөн жок, аларды деле бизге окшогон 2 кулагы, 2 көзү бар адамдар ушул деңгээлге жеткиришкен. Кыргыздын бычакка сап болчу уул-кыздары жок эмес, кыргыздын Манастары, Исхак Раззаковдору, кыргыздын Каныкейлери, Курманжандары бар. Ушулар бир күнү биригип Кыргызстанды көтөрүп кетет.

«Комуз, гитара чертип, пианино ойнойм. Ыр жазам, сүрөт тартам. Кабинетимдеги ушул Манастын сүрөтүн да өзүм тарткам. 40тан ашуун өнөрдүн ээсимин. Эми дагы 30дай өнөргө ээ болсом дейм».


«KG-групп» компаниясы курган «Байтик» аталыштагы үй.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
u.n.m
2016-11-28 18:14:54
Сиз мн такыр жолуга албай келебиз. Кичинекей уйубузду чонойтконго, урматтуу админ сураныч тел номерин бергилечи же ушул номерге байланыштырып койгулачы 0701006699
-2
Alibek-0001
2016-11-29 18:24:24
Эмнеге коммент аз! Макул. Мага жакты ушул киши. Молодец экенсиз.
+1
kamchatka
2016-11-30 11:58:10
Таза бизнесмен адал оокат кылгысы келген мыкты жигит экен,ушундай адамдар бийлике келсе олкобуз бат эле онукмок!
+2
modern-group
2016-11-30 12:43:49
Алдынызга барсам жолугууга уруксат бересиз деген ойдомун. Иншаалла!сизден тажрыйба алгым келет!
+2
ABDISHkg87
2016-12-04 01:26:41
Мыкты Азамат киши деп уккам иштеген ишинизге Алла ыраазы болсун!
+1
Anarik87
2016-12-04 20:01:12
Кыргызстанда ушундай жакшы адам бар экенине шугур кылалы ,
+1
mirto
2016-12-04 20:09:38
Азамат. Иштеринизди ийгилик коштосун...
+1
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан