ТИРИЧИЛИК ШАРТЫНДА ГАЗДЫ ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА АБОНЕНТТЕРГЕ ЭСКЕРТМЕ

Жаратылыш газы (метан) – түссүз, уусуз газ. Андыктан ал газ түтүктөрүнөн чыга баштаса, имараттын ичинде байкалбаган газдуу аба пайда болот.

Тиричилик шартында газды коопсуз колдонуу үчүн анын жаратылыштагы касиеттерин жана төмөндөгү эрежелерди эске алуу керек:

1. Имараттын ичинде газдын жыты пайда болсо, газ крандарын тезинен жаап, эшик, терезелерди ачып желдетүү керек жана 104 телефону аркылуу авария кызматына чалып чакыруу керек. От жагууга, тамеки чегүүгө, электр жарыгын же электр жабдыктарын иштетүүгө болбойт. Тезинен газ чыккан аймактан адамдарды алып чыгып кетүүгө шашылыңыз.
2. Газ плитасы иштеп жаткан убакта терезенин форточкасы ачык болушу керек. Анткени таза аба жетишсиз болсо газ толук күйбөй, ис чыга баштайт. Ис – бул метандын толук күйбөгөнүнөн пайда болгон газ. Ал түссүз, жыты жок жана өтө уулуу. Эгерде кеңсенин көлөмүнүн 10 пайызы ис болгон болсо, адам бир нече жолу дем тарткандан кийин жан бериши мүмкүн. Ис чыгып жатканынын белгилери: газ сары, кызгылт сары түстө жалындайт, идиштерде көө пайда болот.
3. Эгерде газ шаймандары бузулуп жатса же газ приборлорун текшерүү керек болсо, 104 телефон номерине чалып эксплуатациялык газ кызматын чакырыңыз.
4. Түтүн чыккычтардын жана вентиляциялардын иштөөсүн көзөмөлдөп туруу, иштетүүдөн мурун түтүн тарткычты текшерип коюу зарыл. Жылытуучу газ казанынын иштөөсүн да көзөмөлдөп туруу керек.
5. Жылытуу сезонунун алдында абонент түтүн чыккычтардын абалы тууралуу Өрткө каршы кызматынан акт алуусу тийиш.
6. Жаратылыш газын туура, коопсуз пайдалануу боюнча эксплуатациялык газ кызматынын кызматкерлеринен инструктаж алуу, колуңузда газ приборлорун коопсуз пайдалануу тууралуу нускама болушу жана аны так колдонуу керек.

Абоненттерге тыюу салынат:

1
. Үйгө же батирге өз алдынча газ киргизүүгө, газ буюмдарын алмаштырууга, орун которууга жана оңдоого;
2. Тиешелүү кызматтар менен макулдашпай туруп газ приборлору коюлган имаратты кайрадан пландоого;
3. Газ приборлорунун конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө. Түтүн чыгуучу жана вентиляциялык түзүлүштөрдүн системаларын алмаштырууга. Вентиляция каналдарын жана түтүн чыккычтарды тазалоочу люктарды жаап-бүтөп коюуга;
4. Газ приборлору, автоматика жана газ баллондору бузук убакта, айрыкча газ чыгып жаткан убакта газ колдонууга;
5. Иштеп жаткан газ жабдыктарын көзөмөлсүз калтырууга (үзгүлтүксүз иштөөгө ылайыкталган жана буга жооп берүүчү автоматташтырылган приборлордон башкалары);
6. Мектепке чейинки курактагы балдардын, өз аракеттерин көзөмөлдөй албаган жана газ приборлорун пайдаланууну билбегендердин газ приборлорун пайдалануусуна;
7. Иске ууланып калбоо үчүн газ плитасын имаратты жылытуу үчүн колдонууга;
8. Түтүн чыккычтарга түзүлгөн актынын мөөнөтү өткөндөн кийин жылытуучу казандарды пайдаланууга;
9. Кайсы жерден газ чыгып жатканын билүү үчүн ачык отту колдонууга (бул максатта көбүктүү эмульсия же атайын приборлор колдонулат).

Эсиңизде болсун! Газ чыкса, имараттын ичинде газ пайда болот. Газдуу аба күйсө жарылуу болушу же өрт чыгышы мүмкүн.

Газдын жыты пайда болсо төмөнкүлөрдү кылуу зарыл:

  • Газ приборлорунан жана газ түтүгүнөн келүүчү бардык крандарды жабуу;
  • Эшик-терезелерди ачып, бөлмөнүн ичин шамалдатуу;
  • 104 телефон номери аркылуу газ чарбасынын авариялык кызматын чакыруу;

Газдын чыкканын токтоткуча төмөнкүлөрдү кылууга тыюу салынат:

  • От жагууга, тамеки чегүүгө;
  • Электр приборлорун, электр жарыгын, электр чалууларды жана бөлмө ичиндеги телефонду колдонууга.

Эскертүү! Газды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактабоо адамдын өмүрүнө коркунуч алып келет!

Эсиңизде болсун! Сиздин жеке жоопкерчилигиңиз бир гана сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү жана мүлкүнө эмес, коңшуларыңыздын жана башка да жарандардын алдындагы жоопкерчилик. Өз коопсуздугуңуз өз колуңузда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kroxa
2016-11-29 00:11:45
Метан тузсуз,,уусуз газ дегени эмнеси газ уулу зат деп билебиз го..
0
Nuke_A
2016-11-29 10:28:33
метан туссуз, уусуз газ. бирок абага аралашканда ото уулуу болуп калат
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан