"МАЙЛУУ-СУУ ЧЫРАК ЗАВОДУ": "БИЗ ЖАРЫКТЫН КУБАНЫЧЫН ТАРТУУЛАЙБЫЗ!"

Азыркы учурда бир дагы адамдын жашоосун жарыксыз элестетүү мүмкүн эмес. Жарыктын жардамы менен адам күндүзү да, түнү да бардыгын көрө алат. Дүйнө жүзүн таануу, керектүү маалыматтарды алууда жарыктын адамзатка тийгизген таасири абдан зор.

САПАТТУУ ЖАНА ЗАМАНБАП

"Биз жарыктын кубанычын тартуулайбыз!" – дал ушундай жылуу жана үйдөгүдөй жайлуу лозунг менен "Майлуу-Суу Чырак Заводу" ЖЧКсы электр чырактарын иштеп чыгарат. Жарым кылымдык тарыхы бар ишкана учурда жөнөкөй чырактардан тарта заманбап диоддуу жарык бергендерге чейин чырактардын жүзгө жакын түрү чыгарылат.
ЖЧК "МС ЧЗнын" чырактары жогорку сапаты менен айырмаланып, электротехникалык продукттарды чыгарууда алдыңкы орундарды ээлейт. Заводдун продукциялары жыл сайын көз карандысыз сапаттарды текшерүү адистердин эл аралык сапаттын стандарттык менеджментинин ISO-9001-2008 талаптарына жооп берип, орусиялык жана кыргыз сапат сертификаттарына ээ. Чырактарга керектүү жабдыктардын бардыгы ушул эле заводдон чыгат. Өздүк чырактардан тышкары жабдыктар Орусиянын электр чырак заводдоруна да чыгарып турат. Кошумча керектүү жабдыктар бардык сыноо стадиялардан өтүп, сапаттын нормативдүү талаптарына жооп берет. Бул алюминий цоколдору, кызартуу спиралы (тело накала), айнек буюмдар (колба, штенгель, штабик жана табактар), картон идиш (коробка жана манжеттер), кагаздардын калдыктарынан даарат кагаздары да чыгарылат.
Акыркы убакта көпчүлүк өлкөлөр диоддуу жарык чырактарына өтүп жаткандыктан, ишкана бул жаатта да иш алып барууну өздөштүрдү. 2016-жылдын июль айынан тарта "МС ЧЗ" ЖЧКсы филаменттүү диоддору менен диоддуу жарык чырактарын чыгара баштады. Бул чырак кадимки чыракты алмаштырып, 4Вттан 10 Втга чейин эле керектейт. Жаңы чырактын иштөө мөөнөтү 10 000 саатка ылайыкталган. Жөнөкөй чырак менен салыштырсак, колдонуучу 9-10 эсе аз электр энергиясын сарптайт. Мындан тышкары чыракты пайдалануу мөөнөтү 90 пайызга көбөйүп, көз ачып-жумгуча иштеген чырак ар түрдүү шам чырактар менен колдонууну ырастайт.

КООПСУЗ ДИОДДУУ ЖАРЫК ЧЫРАКТАР

LED (light-emitting diode – жарык чачыратуучу диод) диоддуу чырактары – жарык берүү рыногундагы жаңычылдык. Аталган чырактар жакынкы убактарда жөнөкөй чырактарды сүрүп чыгарат. Булардын жарык берүү булагы диоддуу жарыктар болуп саналат.
2008-жылы "Ushio" компаниясы алгач сыртынан жөнөкөй чырактардан айырмасы жок диоддуу чырактарды чыгарган. Бул жаңы продукция Filament LED Bulb атын алган. filament сөзүн англис тилинен которгондо "чыңалуунун учугу" деген маанини камтыйт. Азыркы убакта "филаменттүү диоддуу жарык чырактары" (ФСЛ) термини кабыл алынып калды.
Алгач ФСЛ кооздук үчүн чыгарылып баштаган, анын жарыктык нуру толугу менен жарык кылууга жетчү эмес. Андыктан Япониядан башка жерде белгилүү болгон эмес. 2013-жылы бир нече кытайлык компания бир убакытта кубаттуулугу 60 Втка чейин ФСЛдерди жалпы жарык кылуу үчүн чыгарганда "атагы" чыккан.
Заманбап технологиялардын жардамы менен жөнөкөй чырактарга салыштырганда, диоддуу жарык чырактарына 10 Вт гана керектелет, ал эми имаратка жарык берүү үчүн жөнөкөй чырактарга 100 Вт керек. Мунун жыйынтыгында бир канча эсеге электр энергиясын үнөмдөсө болот.
Орто толкундуу диапазондун ультрафиолет нурдануулары (280—315 нм) адамдын көздөрүнө билинбейт, жалпысынан көздүн сыртындагы тунук бөлүкчөсү менен тартып алынат. Эгерде интенсивдүү нурдануу болуп кетсе, ал бөлүкчөнүн күйүп кетүүсүнө (электроофтальмия) түрткү болот. Ал эми диоддуу жарык чырактарында ультрафиолеттүү нурдануулары деген жок, андыктан булар көздөрүңүзгө коркунуч туудурбайт.
Филоменттүү диоддук жарык чырактар сымабы бар энергия сактоочу чырактарга салыштырмалуу коопсуз. Экологиялык жактан коопсуз болгондугу айлана-чөйрөнү да сактоого, атайы жок кылуу үчүн аракеттери көрүлбөйт. Сымап жана башка өндүрүш, уулуу, зыян жана коркунучтуу нерселер жок. Диоддуу жарык берүүчү чырактар механикалык таасирлерге, сокку жана вибрацияларга туруктуу. Шам чырактардагы жөнөкөй чырактардын ордун толугу менен алмаштыра алат.
Диоддуу жарыктар электр тогун начар өткөрүүчү болгондуктан алардын жарыгы айлана-чөйрөнүн температурасына пропорционалдуу. Бул биздин климатка колдонууга актуалдуу жана туура келет. Диоддуу жарык чырактын колдонуу температура диапазону -25тен +60 градус. Бул чырактарды колдонуу масштабы абдан ири. Алсак, оорукана, мектеп, соода павильондору, жарнама тактайлары, транспорттук унааларга, парк жана тротуарларды кооздоп жарык кылууга жана башка ушундай сыяктуу жактарга колдонсо болот.
Электр энергиясын аз сарптоосу менен узак мөөнөткө чейин колдонууга боло тургандыгы, экологиялык жактан таза жана жарык берүүнүн чоңдугу – диоддуу жарык чырактарынын негизги артыкчылыгы болуп, лидерлик сапка жайгашуусуна өбөлгө. "МС ЧЗ" ЖЧКсы өндүрүүчү болгондуктан, сапаттуу жана коопсуз продукцияны чыгаруу иштерин алгылыктуу жасайт. "МС ЧЗ" ЖЧКсы чыгарган продукциялар "аз вольттуу жабдуулардын коопсуздугу" жана "техникалык жабдуулардын электромагнит шайкештигине", Бажы биримдигинин техникалык регламентине жооп берип, тастыкталган. Өлкөдөгү чырак рыногундагы жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, Кытайдан арзан баада алып келинген продукциялар эч бир текшерүүсүз жана эч кандай коопсуздук сыноосунан өткөрүлбөстөн сатыкка чыгарылып келет. Кытайдын диоддуу жарык чырактарынын жарык өткөрүү агымы 80-100 пайызды түзүп, тийиштүү талаптарга жооп бербейт. Бул адамдын көрүүсүнө туура эмес таасир берип, көздү чарчатат.
LED диоддуу жарык чырактарын сатып алуу менен сиз Кыргыз Республикасынын өндүрүшүнө салым кошосуз. Муну менен өлкөбүздүн электр техникалык өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө шарт түзүп, мезгил менен кошо басып, чырак чыгарууда жаңы технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сурап-билүү телефондору: Майлуу-Суу шаарында: 03744 52-607, 52460, 52500, 0312 90-61-91, 90-61-92, 90-61-73.
Бишкек шаарындагы соода үйүнүн дареги: Беларусь көчөсү, 126 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет): 0312 57-31-37, 0773 16-17-20.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Kroxa
2016-11-29 00:01:35
Оххх..ушу жакында Майлы сууга кыз бердик эле эмнеси болсо да лампочкалары бекер болсунчу деги,,,
0
elif1997
2016-11-29 19:08:34
Туулган жерим Майлуу-Суу сагындымго аябай
0
DNurgiza
2016-12-01 08:52:28
лампочканын зымынын өңү сары б.п турабы....биз колдонуп жаткандын өңү башкача го...
0
ABDISHkg87
2016-12-04 01:35:57
Сары бул жаны лампочкалар, качество лучше! Я поддержу отечественной продукции! И сравнил качество с китайцами У нас вышеее и цены ниже чем китайцы
0
future_kg
2016-12-06 14:59:04
Сырттан кирген товарга эле баажы толомду которуп коюш керек.
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан