БИШКЕК: ЖОЛ ТЫГЫНЫН КАНТИП АЗАЙТСА БОЛОТ?

КӨЙГӨЙЛӨР БАР. АЛАРГА ЧЕЧИМДЕРИБИЗ БАР! КСДП

Бишкек – өлкөбүздүн борбор шаары жана башкы дарбазасы. Калкынын бейрасмий саны миллиондон ашып, борборубузга тынымсыз агылган ички миграция социалдык көйгөйлөрдү курчутуп, соңку 5 жылда 4,5 эсе көбөйгөн автоунаалар тыгындарды жаратып, шаардын экологиясы бузулууда. Бул макалабызда борборубуздагы эң орчундуу эки көйгөй: жол жана транспорт жөнүндө кеп кылабыз.
Шаардыктардын эсинде болсо керек, 2010-жылы Бишкектин айланасында мыйзамсыз жер ээлөө, жеке менчиктерди талоонго алуулар эң чоң көйгөй эле. Бул көйгөйлөрдү ошондогу мэр Иса Өмүркулов шаарыбыздын активдүү тургундарынын колдоосу менен ийгиликтүү чечип, атүгүл эзели башаламандыктан башы чыкпаган "Ош базарын" да иретке келтирген. Бул ийгиликтерде 26-чакырылыштагы шаардык кеңеште көп мандатка ээ болуп, БШКда көпчүлүк коалицияны түзгөн КСДПнын ролу чоң. Анткени социал-демократтар бардык тараптар, анын ичинде оппозиция менен да конструктивдүү иштешүү жолун тапты. БШКда кабыл алынган дээрлик бардык токтомдор КСДП фракциясы тарабынан демилгеленип же социал-демократтардын катышуусу менен иштелип, кабыл алынды. Маселен, шаардын өнүгүү концепциясын иштеп чыккан депутаттык комиссияны КСДПнын өкүлү жетектеген. 2014-жылы Бишкек шаардык кеңеши ушул концепциянын негизинде "Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары" аталган орто мөөнөттүү (2018-жылга чейин) социалдык-экономикалык программаны кабыл алган. Ошол документ учурунда аткаруу бийлигин жетектеген Кубанычбек Кулматов жана азыркы мэр Албек Ибраимов үчүн да "жол картасы" болуп калды.
26-чакырылыштагы БШКнын эң чоң жетишкендиги – бул шаардын бюджетинин өсүшү. Мисалы, шаар казынасына быйыл 8 миллиард 496 миллион сом түшөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга көп болсо да, шаарды өнүктүрүү үчүн аздык кылат. Ошентсе да алгачкы жолу шаарыбыздын тарыхында өнүгүү бюджети пайда болуп, инфраструктурасын өз алдынча өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалымат иретинде:
2016-жылы капиталдык курулуш беренесине 1 миллиард 200 миллион сом бөлүндү (2013-жылы бюджетти кабыл алганда 212 миллион сом болгон). Шаардагы 44 кварталдар аралык жана кичи райондордун ички жолдорун капиталдык оңдоо иштери каралып, капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 600 миллион сомду түздү. Бул каражаттарды максаттуу иштетүүнүн натыйжасында 133 миллион сом үнөмдөлүп, ага дагы 9 жол капиталдык оңдоодон өтөт.

Шаар бийлиги учурда кытайлык 1 миллиард юанга барабар грантты өздөштүрө баштады. Ага ылайык, шаар ичинде 6 көпүрө, 2 асма жол айрылыш түйүнү курулуп, 136 чакырым магистралдык жол салынат. Шаардын түндүгүнөн түштүгүнө түз чыгып кетүүгө мүмкүн болгон Шабдан баатыр (мурдагы Алма-Ата), Абдрахманов (Совет) көчөлөрү сыяктуу дагы 4 жол салынмакчы. Ал эми чыгыштан батышты карай шаарды аралап өткөн түштүк магистралы Сокулукка чейин узартылат. Автомобилдердин көбөйүшү жана жүк ташуунун өскөнүнө байланыштуу Чүй проспектисинде да жол тыгыны кадыресе көрүнүшкө айланды. Ошондуктан шаардын чыгышы менен батышына түз чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бере турган дагы 4 жол салынат.

Маалымат иретинде:
Бул долбоорду ишке ашыруу негизги 3 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү боюнча учурда кызуу иш жүрүп, кытайлык компания 2 көпүрө куруп жатат (Тыналиев жана Достоевский көчөлөрүндө). Долбоордун экинчи бөлүгү 2017-жылдын башында башталып, 2 жылга созулат. Ал эми үчүнчү бөлүгү болсо 2017-жылдын аягында башталат. Жалпысынан алганда 2016-2019-жылдардын аралыгында бул долбоор толугу менен бүтүп, шаардын өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзмөкчү.

Бишкекте жүргүнчүлөрдү негизинен муниципалдык «Бишкек троллейбус башкармалыгы» (БТБ), «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа ишканасы» (БЖТАИ) жана жеке менчиктеги автоунаалар тейлешет. Алардын ичинен шаардын экологиясына эң ылайык келген транспорт – бул троллейбус. Көп орундуу автобустар андан кийинки орунду ээлейт. Ал эми кара таандай каптаган кичи автобустар шаардын анык көйгөйү. Анткени жүргүнчү талашып, жолдо жүрүүнүн эрежелерин көп бузушат жана тыгындарга түздөн-түз себепкер. Ал эми жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты тууралуу сөз да жок.

Маалымат иретинде:
2016-жылдын 9 айлык жыйынтыгы боюнча жалпысынан 170 миллион 818 миң жүргүнчү тейленген (өткөн жылдын 9 айында бул көрсөткүч 161 миллион 223 миң). Анын ичинде БТБ – 17 миллион 320 миң, БЖТАИ – 19 миллион 434 миң, ал эми 40 менчик фирмага катталган кичи автобустар 134 миллион 63 миң жүргүнчү ташыган. Башкача айтканда, шаар боюнча күнүгө 2600-2800гө жакын кичи автобус жолго чыгып, 118 каттамда жүргүнчүлөрдү тейлейт.

«Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбооруна ылайык, Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн грант жана кредиттердин эсебинен троллейбус каттамындагы 41 чакырым электр линиясы алмаштырылып (Юнусалиев, Москва, Толстой, Элебесов, Байтик баатыр, Жибек-Жолу, Фрунзе көчөлөрү), 2 көмөк чордонун курду. Эми кезекте троллейбустарды жууй турган комплекс, чубалгылар илинчү темир түтүктөр жана тетиктерди сатып алганы турат. Мындан тышкары жаңы 50 троллейбусту сатып алып, каттамга чыгаруу маселеси да чечилген.

Маалымат иретинде:
Бүгүнкү күндө шаардык жүргүнчүлөрдү 19 каттам боюнча 149 троллейбус ташыйт. Шаар боюнча чубалжыган зымдын узундугу 210 чакырым, ал эми чубалгылары – 147,5 чакырым жана 19 көмөк чордону менен 11 диспетчердик бекети бар.

Экологияны бузбаганы жана сыйымдуулугу жагынан да артыкчылыкка ээ болгон бул транспортту мындан ары өнүктүрүү каралганбы? Жок. Буга салынып жаткан жолдордун тардыгы негизги себеп болсо, экинчиден, троллейбус жүрө турган жаңы каттамдагы линияны куруу да эбегейсиз чыгымды талап кылат. Ошондуктан шаар бийлиги жаратылышка зыяны аз, метан газы менен жүргөн көп орундуу автобустарга артыкчылык берүүнү көздөөдө.

Маалымат иретинде:
БЖТА ишканасында ишке жарамдуу 165, оңдоону күтүп турган 113, ал эми ишке жараксыз абалдагы 192 автобус бар. Өткөн жылы 15 каттам боюнча орточо эсеп менен 134 автобус жүрсө, быйыл 11 каттамда 109 автобус иштеп, №3, №19, №29, №35 каттамдары токтотулган. Буга автобустардын жетишсиздиги себеп болгон.

Дегинкиси, шаардык муниципалитетке баш ийген БЖТА ишканасынын бүгүнкү абалы оор. Буга биринчиден, муниципалдык коомдук транспортто акысыз тейленген жүргүнчүлөрүбүз себеп болсо (бул – 18 категорияда жеңилдик алышкан жарандарыбыз жана алардын эң басымдуу бөлүгүн пенсионерлер менен милиция кызматкерлери түзүшөт), экинчиден, автобазанын ичинде коррупция менен уурулук (күйүүчү жана майлоочу майлар, автотетиктерди сатып алуу жана башка учурлар) залакасын тийгизүүдө. Анан калса, кошуна өлкөлөрдүн шаарларына салыштырмалуу жол кире акысы да арзан. Мисалы, так эле ушундай жол билетинин баасы Алматыда – 25, Москвада – 40 сом.

Маалымат иретинде:
Муниципалитеттик транспорттун каттамына байкоо жүргүзүү учурунда жол акысын төлөгөн 1 жүргүнчүгө төлөбөгөн 2 адам туура келген. Бир жылда орточо эсеп менен 13 миллиондон ашык жүргүнчү ташып, болгону 5 миллион сом тапкан. Ошентип өзүнүн чыгымын жаба албаган муниципалитеттик транспорту шаардын бюджетинен кошумча каржыланууга муктаж.

Мындай абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолун азыр Бишкектин аткаруу бийлиги муниципалдык транспорт ишканаларынын ишинен эмес, муниципалдык каттамдарды түзүүдөн көрүп отурат. «Бүгүн биз кичи автобустарды чана албайбыз. Анткени аларга азырынча альтернатива жок. Качан гана шаарга жаңы автобустарды сатып алып, муниципалдык каттамдарды ордуна койгондон кийин шаарыбыздын жүргүнчүлөрү чоң өзгөрүүлөрдү сезишет»,- дейт Бишкектин мэри Албек Ибраимов. Анын айтымында, ушул жылдын аягына чейин шаардын жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаа ишканасына 40, кийинки жылы 150 метан газы менен жүргөн автобустар сатып алынат. Негизинен шаарыбыздагы жүргүнчүлөрдүн талабын канааттандырууга 600 автобус туура келсе, ошонун 300үн шаардык автоунаа ишканасы тейлеп, калган 300дү муниципалдык каттамга тендер аркылуу кирген жеке менчик ээлеринин сатып алуусу каралган. Муну менен шаардын мэриясы муниципалитетке караган автоунаа ишканасындагы башаламандыкты жоюп, ошол эле учурда менчик ээлери тарабынан да жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты оңолот деген ойдо. Ошентип 2012-жылдын 22-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамына ылайык, бирдей шартта атаандашып иштегенге жол ачылат.

Маалымат иретинде:
Учурда каттамдагы муниципалдык транспорттун кыймылына көзөмөл жүргүзүү үчүн 60 автобус, 24 троллейбуска GPS трекери жана 25 автобус менен троллейбустарга Wi-Fi орнотулган.

Кыскасы, КСДП алдыдагы шайлоого конкреттүү жана аткарыла турган максаттар менен келе жатат. Социал-демократтар убадаларын иши менен бекемдей турган ишенимдүү күч экенин шайлоочулар жакшы билишет.

Жоомарт Кожомкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kg.arts.
2016-11-28 12:49:04
Келечекте курулуучу жолдордун, копуролордун картасын пландарын кайдан корсок болот.
0
Bekbolot.akylbek
2016-11-28 20:29:22
Убадасын аткарып жатабыз дешет кайдан бирда байкалбайт онолгону кайра эле жылдан жылга начарлап бара жатат жолдор тыгын жарым саатта жетчу жерине бир саатта жетесин алдынкы жылдары автобус,тралебустарды 10минута кутсон азыр 15,20минута кутосун анан кайсы арына айтышат уялбай онуктуруп жатабыз онуккон олколордун катарына жетип калдык бизди шайласанар кийинки жылы жетебиз деп
0
aisyrga88
2016-12-04 12:44:37
Эшек ылайдан откучода
0
aisyrga88
2016-12-04 12:49:46
Ушу бийликтегилер башка мамлекет менен салыштырып эле балээ болушту айлыкты салыштыргылачы биринчи
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан