ЖАШТАР ЭМИ ОНЛАЙН ЖАНА СМС ТҮРҮНДӨ ӨЗ ОЙЛОРУН БИЛДИРЕ АЛЫШАТ

Жагымдуу жаңылык! Кыргызстандын жаштары орчундуу маселелер боюнча өз ойлорун онлайн түрүндө жана СМС жөнөтүү менен билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кантип дейсизби? Сурооңузга жоопту төмөнкү макаладан таба аласыз.

18-ноябрда Бишкектеги "Ололо хаус" борборунда Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ)
демилгеси жана БУУнун тынчтыкты орнотуу фондунун каржылоосу менен Кыргызстанда "M-Report" сурамжылоо долбоорунун расмий түрдө бет ачар аземи болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медиа өкүлдөрү, эксперттер, блогерлер, студенттер катышып, долбоор тууралуу кеңири маалымат алышты. Ачылыш аземди Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун (СИУИ) директору Азамат Дикамбаев жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо ачып, долбоорго ийгилик, жаштарга шаңдуу маанай каалашты. Андан соң келген конокторго ЮНИСЕФтин эксперти Исабек Асанбаев менен СИУИнин адиси Жамиля Ирсакова "M-Report" долбоору, анын максаты тууралуу кеңири маалымат беришти. "Өлкөбүздүн калкынын жарымынын жашы 25 жаштан төмөн. Ал эми мыйзам боюнча жаш деп 14-28 жаш арасындагылар калкыбыздын үчтөн бирин түзөт. Бирок алар орчундуу маселелер боюнча чечим чыгарууда катышуусу өтө чектелүү. Ал гана эмес, өз ойлорун, идеяларын билдирүүгө да мүмкүнчүлүктөрү абдан аз. "M-Report" долбоору жаштардын оюн билүүнү, аларды ишке ашырууну максат кылат. Долбоор алардын максатын гана билип тим болбостон, аны тиешелүү органдарга жеткирип, ишке ашырууга ынтызар",- дейт Жамиля Ирсакова өз сөзүндө. Ал эми Исабек Асанбаев долбоорго катышуунун жолдорун кеңири түшүндүрүп берди.

Сурамжылоого кантип катышууга болот?

  • Сиз О! жана MegaCom уюлдук операторлорунун абоненти болушуңуз зарыл.
  • Уюлдук телефонуңуздан 4747 кыска номерине "Алга" сөзүн жазып жөнөтүү менен сурамжылоого катыша аласыз.
  • СМС баасы акысыз жана анонимдүү.
  • Сурамжылоого 14-28 жаштагылар катыша алышат.
  • Берилген суроолор Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан түзүлүп, Илим жана билим берүү министрлигинин алдындагы этикалык комитеттин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин, Улуттук статистикалык комитеттин жана тийиштүү Жарандык коом өкүлдөрүнүн сыноосунан өткөрүлөт.
  • Жөнөтүлгөн жооптор www.mnenie.kg сайтында автоматтык түрдө эсептелинип, графика түрүндө көрсөтүлөт.
  • Айына 2 сурамжылоо жүргүзүлөт. Буга чейин "Жаштар бош убактысын кантип өткөрүшөт?" жана "Кызматтар" боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, ага 1000ден ашык колдонуучу катышкан. Учурда шайлоо боюнча сурамжылоо жүрүп жатат.
  • Мындан сырткары "M-Report" долбоорунун ар бир катышуучусу www.mnenie.kg
    сайтына катталып жана долбоордун Facebook, Instagram, Одноклассники социалдык тармактарындагы баракчаларына кирип өз ойлору, идеялары менен бөлүшүп, кызыктуу талкууларга катыша алышат.

«M-REPORT» ТУУРАЛУУ

  • "M-Report" алгач 2011-жылы Уганда өлкөсүндө ишке киргизилген.
  • Учурда дүйнө жүзү боюнча 330 миң колдонуучусу бар.
  • Бүгүнкү күндө 18 өлкөдө иш жүргүзүп келет.

СИУИнин директору Азамат Дикамбаев жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо долбоорго ийгилик, жаштарга шаңдуу маанай каалашты.


4747 кыска номерине "Алга" сөзүн жазып акысыз СМС жөнөт. Берилген добуштар www.mnenie.kg сайтына автоматтык түрдө эсептелинип чыгат.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MARAT.OZGON
2016-11-29 19:01:15
Биздагы катышсак болобууу?
0
Amanel
2016-12-06 00:24:15
MARAT.OZGON,ахахах
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан