Мезгил үнү
Ата-бабаларыбыз 21-мартты "күн менен түн теңелди, жер жарылып чөп чыкты" деп жылдын башаты катары санап келишкен. Ушундан улам кыргыздар үчүн жаңы жыл 1-январь эмес, 21-март деп кесе айткандар да бар. Мындай ойлордон улам бүгүн Нооруз майрамынын күнгөй-тескейи туурасында кеп кылууну көздөдүк.
АМАНТУР ЖАПАРОВ,
Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас институтунун
археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы:
– Нооруз майрамын кыргыздар илгертен эле майрамдап келишет. “Союз ураганда улуттук идеология керек болду. Нооруздун арча түтөтүү, сүмөлөк жасоо, Умай эне сыяктуу элементтери кыргызга таандык эмес” деп айрымдардын айткандары туура эмес. Башка элдин маданиятынын бир жерин сиңирип алуу ар улутта бар. Кыргыздар Ноорузду “күн менен түн теңелди, жерге көк чыкты” деп келечектен жакшылыкты үмүттөнүп, майрамдашат. Көп баланын энеси болгон байбичелер арча менен:
“Алас, алас, ар балээден калас,
Эски жыл кетти жаңы жыл келди.
Молчулук, токчулук болсун”,- деп аласташат.
ЧУБАК ЖАЛИЛОВ,
Кыргызстан мусулмандардин
башкармасынын Фатва бөлүм башчысы:
– Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Отко, ташка сыйынган байыркы ирандыктардын майрамы. Өз огунда айланган күн ирандыктардын түшүнүгү боюнча март айында ордун алмаштырат. Мусулмандар бир гана Кудайды бийик тутушу керек. Эгер алар Ноорузду майрамдашса, анда күндүн орун алмаштырганынын урматына сыйынган болуп калышат.
Пайгамбарыбыз Меккеден ыйык Мединага көчүп барганда, мединалыктардын эки майрамы бар экенин билген. Ошондо алардын ордуна “Орозо айт жана Курман айт майрамдарынын ээси болгула” деген. Кийин аалымдар мединалыктар кайсы майрамдарды майрамдашканын изилдей келишкенде, Нооруз жана Махаржан болуп чыккан.
Арча түтөтүү шариятта "шайтандарды кубалоо" дегенди түшүндүрөт. Сүмөлөктү атайын Нооруздун урматына жасоо туура эмес. Мусулман баласы жөн гана тамактын бир түрү катары гана жасап жеши керек.
ДАСТАН САРЫГУЛОВ,
“Теңир Ордо” фондунун негиздөөчүсү:
– Нооруз мусулмандарга таандык болбогону менен, кыргыз элинин өздүк майрамы. Нооруз майрамы ислам дини пайда болгон доордон бир нече кылым мурда майрамдала баштаган.
Адам баласы, анын ичинде кыргыз, дайыма табият менен эриш-аркак жашайт. Дайыма жыл мезгилдерине байкоо жүргүзүп, кайсы убакта жаз келерине, кайсы убакта суук кайтып каларына көз салып келишкен.
Март айында кыргыз эли “кыштан мал-жан аман чыкты, кышкы уйкуда жаткандар ойгонду” деп маанай жарыла сүйүнүшкөн. Аластоо адамдардын отту тааныган мезгилине барып такалат.
Ал эми Теңир, Умай эне, кут мындан 7000 жыл мурун пайда болгон байыркы түшүнүк. Жаңы төрөлгөн балдардын 70-80 пайызы ар түрдүү себептерден улам чарчап калышкан. Ошондо Умай эне болбосо, балдар чарчай берет экен деген түшүнүк келип чыккан. Кыргыздар үчүн жаңы жыл 1-январь эмес, 21-март.
МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА,
Кыргыз Эл акыны:
– Менин эс тарткан курагым согуш бүткөндөн кийинки 1946-47-жылдарга туш келди. Эсимде, Ноорузду ар бир айыл майрамдашчу. Апаларыбыз күн мурун боорсок бышырышып, үйдүн ичин тазалашып, кир жуушчу. Нооруз күнү арча түтөтүп, “жакшылык бере көр” деп күбүрөшкөндөрү дале кулагымдын түбүндө.
Ал эми аталарыбыз айылдын башындагы булакка барып сыйынып, тегерек-четин тазалашчу. Бизге кандай майрам болбосун, баары бир кызык да, таза көйнөктөрүбүздү кийип алып, ата-энелерибизди ээрчип жүрө берчүбүз. Чоңдор ар бир үйгө кирип, дасторкондон даам сызышчу. Колунда барлар кой союшчу. Үй-бүлөдө согушта курман болгон адам болсо, ага аталып сөзсүз куран окулчу.
НООРУЗ ТУУРАЛУУ
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
СИЗ ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛ 1-ЯНВАРБЫ ЖЕ 21-МАРТПЫ?
Ажыбек,
75 жашта, пенсионер:
– Кыргыздар үчүн чыныгы жаңы жыл – 21-март. Мына ушул маалда жаңы жашоо башталат. Мисалы, көк чөптүн кылтыйышы, бак-дарактардын бүрдөшү, чээнде жаткан жаныбарлардын чыгышы. Мына, мунун баары – жаңы жашоонун башаты.
Динара,
45 жашта, сатуучу:
– Өзүм Нооруз майрамын жаңы жылдын келиши катары кабыл алам. Эгерде тереңдетип карап көрсөк, чыныгы жаңы жыл Нооруздан кийин болушу керек. Табият ойгонуп, кыймылга келет. Бирок ошол эле учурда балдарым үчүн жаңы жыл – 1-январь.
Макулбек,
30 жашта, жеке ишкер:
– Мен 1-январды жаңы жыл деп эсептейм. Жаңы жылга бир ай калганда үй-бүлөм менен даярдана баштайбыз. Ал эми Нооруз майрамын катардагы эле майрамдардай тособуз. Ноорузду көпчүлүк деле 1-январдагыдай күтпөсө керек.
Назгүл,
22 жашта, студент:
– Мен 1-январды эле жылдын башталышы деп билем. Себеби 1-январдын шаан-шөкөтү көп, дүйнө жүзүндөгү элдердин көбү майрамдаганы менен да жагат. Ал эми Ноорузда майрамдык дасторкон жайылганы менен, шаңдуу деле өтпөйт.
Кеңеш,
25 жашта, айдоочу:
– Мен үчүн жаңы жыл –1-январь. Акыркы жылдары эле Нооруз майрамын жаңы жылдын келиши катары кабыл алып калдым. Ноорузду жаңы жылдын келиши деп талашкандары менен, календарда жаңы жыл 1-январдан башталып жатпайбы.
Салтанат,
51 жашта, пенсионер:
– Албетте, Нооруз – Жаңы жыл. Себеби жылдын жаңырышы мына ушул март айына туш келет. “Жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыкты” деп бекеринен айтылбаса керек. Жазында айлана чөйрө жанданат эмеспи.
Айдана,
19 жашта, студент:
– Менимче, көпчүлүк эле 1-январды жаңы жылдын келиши катары майрамдашат. Ал эми Ноорузду мусулмандардын бир майрамы катары эле кабыл алышат. Мен үчүн деле ошондой.
Бахияна Сатылганова