САПАТТУУ СПИРТ – ЗЫЯНСЫЗ ИЧИМДИК

Заман жаңырып, технология өнүккөн сайын адамзаттын да табити өзгөрүп, күнүмдүк турмуштагы тиричилик буюм-тайымдарынан тартып азык-түлүккө чейин талабы бийиктеп баратат. Айталы, бүгүн адамдар алкоголдук ичимдиктерди ичүүдө да сапатка басым жасап, аз-маз татыган ичимдиктер эртеси анын ден соолугуна зыян алып келбегендей шартта болушуна көңүл бөлүшөт. Мурда социалдык турмуштун оордугубу же адамдардын азыркыдай өзүнүн саламаттыгы тууралуу кам көрүү аң-сезими азыраак болгонбу, колго эптеп илинген эле ичимдикти ичип, анын артынан ден соолугуна залал келип, сапатсыз ичимдиктерден улам өмүрү менен да кош айтышчу. Демек, азыр абал башка, адамдар дайыма өзүн ойлошот десек болот. Анда эмесе, бүгүн ошол алкоголдук ичимдиктердин сапаты тууралуу сөз кылсак.
Баарыбыз билгендей эле арак-шарап үчүн эң башкы сырьё – бул спирт жана суу. Спиртти дан эгини буудайдын жогорку сортун ачытуу менен алсак, сууну жаратылыш өзү тартуулайт. Спирттин сапаттуулугу – анын ар кандай кошулма заттардан, майлардан тазаланып-чыпкалангандыгы менен белгиленет. Бул заттардын курамынан улам спирттин жыты, азыктын жеңил даамы жана анын организмге тийгизген таасири көз каранды. Дүйнөдө спиртти тазалыгына карай "Экстра", "Люкс", жана "Альфа" деп жогорку чыпкалануу сортторуна бөлүшөт. Мыктысы болуп "Люкс" менен "Альфа" сорттору саналып, булар курамында ден соолукка терс таасир этүүчү зыяндуу заттардын аздыгы менен айырмаланат. Андыктан спирттин жогорку сорттору адамдын организмине айрым убакта оң таасирин тийгизип, кан айлануу, тамак сиңирүү процесстерин калыбына келтиргенин медицина да танбайт.
Ичимдиктеги экинчи маанилүү курам – суу. Анын даамы, жумшактыгы, минералдык курамы даярдалган продукцияга эң маанилүү таасирин тийгизет. Андыктан ичимдиктерди даярдоодо сууну даярдоонун өзүнчө ыкмасы колдонулат. Жер алдындагы суунун курамы, андагы тирүү биоэлементтердин адам ден соолугуна пайда-зыяны атайын илимий текшерүүгө алынып, спирт менен кошулгандагы реакцияларына чейин аныкталган соң гана уруксат берилет. Таза суу жана таза, пайдалуу минералдарга бай суу – сапаттуу ичимдиктин кепилдиги!
Кыргызстанда азыр мындай стандарттагы эл аралык спирт өндүрүүчүлөр менен эксперттердин сынынан өткөн спирт же алкоголдук ичимдиктер барбы? Бар! Албетте, ал "Аю" холдинги өндүрүп жаткан "Альфа" спирти жана андан даярдалган ичимдиктер. Буга мисал, жакында эле Орусияда өткөн "Эң мыкты спирт-2016" Эл аралык сынагында эксперттик комиссиянын чечими менен "Аю" спирт заводу тарабынан өндүрүлгөн "Альфа" классындагы спирт күмүш медалга татыктуу болду.
Спирт ичимдиктерин татып, баалоо Орусия айыл чарба илимдер академиясынын Бүткүл орусиялык азык-түлүк биотехнологиясын илимий-иликтөө институтунда ММКлардын жана спирт өндүрүүчү бирикмелердин байкоочуларынын катышуусунда өттү. Ал эми дегустаторлордун курамы "Россельхозакадемиянын", "РОСТЕСТтин" жана Беларусь, Казакстан өлкөлөрүнөн чакыртылган жогорку квалификациялуу дегустаторлордон куралды.
"Жылдын эң мыкты спирти" – бул тамак-аш спиртинин сапатын текшерген Ыраакы жана Жакынкы Чыгыш, КМШ өлкөлөрүн, Орусия федерациясынын аймагын камтыган жалгыз көз карандысыз профессионалдуу сынак болуп эсептелет. Анын калыстыктан жаралган кадыр-баркы менен ийгиликтүү тарыхы көп убакыттан бери эле өндүрүүчүлөрдүн сыйына татып, өзгөчө бүйүр кызытып келет. Демек, "Аю" КМШ мамлекеттеринин ичинен сапаттуу спирт өндүрүү боюнча алдыңкы сапта.

Маалымат үчүн:

  • "Аю" спирт өндүрүүчү заводундагы акыркы технологиялык жабдыктар жердин жети түпкүрүнөн чыккан "Артезиан" суусун түз мембраналуу суу чыпкалагычка куюуга ылайыкташтырылып жайгаштырылган. Сууну чыпкалоо жана жумшартууда нукура фильтрдик элементтер колдонулат.
  • Ошондой эле "Аю" компаниясы спирттин жогорку "Люкс" жана "Альфа" сортун өндүрүп, азырынча Кыргызстандагы атаандашы жок флагман катары белгилүү. Анткени заводдун лабораториясы ультра заманбап жабдыктар менен камсыздалып, анын жардамы менен ичимдиктердин сыйымдуулугу жана спирттин уулуу заттардын бары-жогун аныктоо мүмкүнчүлүгү жогоркудай абройлуу сыйлыктарды алып келүүдө.
  • Кыскасы, "Аю" компаниясынын өндүргөн продукциялары жарандардын саламаттыгын сактоо эрежелерине шайкеш келгендиги менен айырмаланат. Болгону ичимдиктерди аз-аздап, аш кыла тургандай колдонуу сунуш кылынат.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Patriot..kg
2016-11-28 15:47:00
Ушул аракты КGде сатыктан алып таштаса кана
0
TEH
2016-11-30 20:07:09
Арам нерсени рекламалабай эле койсо десем эмне кылат? (
0
Kroxa
2016-11-28 22:45:19
Алып таштабаса да баасын которуп койсо алы жетсе ичсин кылып...500сомдон ойдо кылып койсо тыйылаар беле????
0
Amanel
2016-12-06 00:21:44
Сатуучулар тыйганы менен адамдар оозун тыялбайт эн жакшысы элибиз оозун тыйганы он
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан