КЫРГЫЗСТАНДЫН МИКРОФИНАНСЫ УЮМДАРЫНЫН ӨНҮГҮҮ ТЕНДЕНЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын микрофинансылык сектору Борбордук Азиядагы эң эле динамикалуу өнүгүүгө ээ сектор болуп эсептелет. Анткени Кыргыз Республикасы Борбордук Азия аймагындагы микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясын мамлекеттик деңгээлде иштеп чыккан жана кабыл алган биринчи өлкө. Тагыраак айтканда, Кыргызстан – “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамын кабыл алган (2002-жылы) Борбордук Азиядагы эң биринчи өлкө катары таанымал. Аталган тармактын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Рустам Алымкул уулу менен маектештик.

– Рустам мырза, алгач микрофинансылык уюмдар сектору, алардын аткарган ишмердүүлүгү, артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз.
– Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдар сектору микрофинансылык уюмдардын 3 түрүнөн турат. Алар: микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер.
Микрофинансылык компаниялар лицензиянын негизинде иш алып барышат жана лицензиясы бар болгон шартта жеке адамдардан жана юридикалык жактардан депозиттерди тартуу укугуна ээ. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер депозиттерди тартууга укуктары жок жана алар мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барышат.

Микрофинансылык уюмдардын калкка насыя берүүдөгү негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Микрофинансылык уюмдардын карыз алуучуларга түздөн-түз жакын болушу. Көпчүлүк микрофинансылык уюмдар банктардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жок болгон алыскы райондордун борборлорунда жана айылдарда жайгашкан.
  • Кредиттерди тез арада берүү. Микрофинансылык уюмдардын билдирмелерди кароосу жана насыя берүү мөөнөтү орто эсеп менен 2-4 күндү түзөт, ал эми насыя алуучулардын насыя алууга билдирмелерин кароо мөөнөтү ошол эле банктарда 5-10 күндү талап кылышы мүмкүн.
  • Кредит келишимин жана күрөөнү камсыздоону тариздөөгө коюлган талаптар минималдуу.
  • Көпчүлүк микрофинансылык уюмдар күрөөсүз насыялоо механизмин колдонушат, себеби алардын негизги карыз алуучулары аз камсыз болгон жана күрөө менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөрү жок, бирок ресурстарга муктаж болгон адамдар.
  • Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер насыялоону улуттук валютада ишке ашырышат, ал эми микрофинансылык компания кошумча лицензиясы бар болгон шартта чет өлкө валютасында насыя берүүгө укуктуу.

– Микрофинансылык уюмдар финансылык кызмат көрсөтүүнүн ассортиментин жогорулатуу, өлкөнүн финансы системасын жалпы жакшыртуу сыяктуу экономикалык функцияларды аткарат, ал эми микрокаржылоо экономикалык иштин бир түрү катары киреше алып келип, жумуш орундарын түзөт. Ошондой эле ал жакырчылык менен күрөшүүнүн бир инструменти катары социалдык функцияларды да аткарат.

– Микрофинансылык уюмдар операциялардын кандай түрлөрүн ишке ашырат?
– Учурда микрофинансылык уюмдарга операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга уруксат берилген:

  • Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
  • туунду финансылык инструменттер менен операцияларды ишке ашыруу;

Кошумча лицензиясы бар болгон шартта микрофинансылык уюмдар төмөнкүдөй операцияларды ишке ашыра алышат:

  • Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу (МФК);
  • карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана андан ары сатуу (факторинг);
  • агенттик банкинг;
  • нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары;
  • Мыйзамдарда жол берилген башка операциялар.

– Микрофинансылык уюмдар сектору учурда кандай өнүгүүдө?
– Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо сектору кыйла өнүккөн жана кеңири тармакка ээ. Микрокаржылоо кызматтары менен республиканын калкынын 7 пайызга жакыны камтылган. Бул Борбордук Азиядагы мамлекеттерге салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет, бирок ошол эле убакта микрокаржылоо секторунун өнүгүү тарыхы узагыраак болгон өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул аталган секторду андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн күбөлөндүрөт. Мында микрофинансылык сектор Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган калкты жумуш менен камсыз кылуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алыскы аймактарга киргизүү жана жашоо сапатын жогорулатуу боюнча негизги милдетти аткарат.
Бул баскычта микрофинансылык уюмдар сектору микрофинансылык уюмдардын институционалдык өнүгүүсүнө негизделген жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн кеңейтүүгө, тобокелдиктерди тескөөнүн сапатын жакшыртууга жана сектордун андан ары өнүгүшү үчүн башка чараларды көрүүгө багытталган сандык өнүгүүдөн сапаттык өнүгүүгө өтүү баскычынан өтүп жатат.
Микрофинансылык уюмдардын санынын көбөйүүсүнүн туу чокусу 2007-2011-жылдарга туура келет, ошол мезгилде микрофинансылык уюмдардын саны 450дөн ашкан.
2016-жылдын 30-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 167 микрофинансылык уюм: 105 микрокредиттик компания (МКК), 55 микрокредиттик агенттик (МКА), 7 микрофинансылык компания (МФК) иш алып барган.
Өзүнүн өнүгүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана эл аралык донорлордун жигердүү колдоосу менен микрокаржылоо сектору кыйла ийгиликтерге жетишкен. Аны менен бирге эле микрокаржылоону комплекстүү өнүктүрүү маселеси 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген.

– Микрофинансылык уюмдар секторунун негизги көрсөткүчтөрүнүн динамикасы тууралуу айта кетсеңиз...
– «ФИНКА» микрокредиттик компаниясы, «Бай түшүм жана Партнёрлор», «Компаньон финансылык тобу» микрофинансылык компанияларынын банк болуп кайра өзгөртүлүп түзүлүшүнө байланыштуу микрофинансылык уюмдар секторунун негизги көрсөткүчтөрү, анын ичинде активдердин, кредит портфелинин, ресурстук базанын көрсөткүчтөрү акыркы 3 жылдын жыйынтыгы боюнча басаңдашы байкалган, бул өз кезегинде финансылык ортомчулук көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизген. Бирок жыл башынан тартып микрофинансылык уюмдардын активдеринин жана кредит портфелинин өсүшү байкалган.
2016-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча микрофинансылык уюмдардын суммардык активдери 12 миллиард 419 миллион 900 миң сомду түзгөн.
Микрофинансылык уюмдар­дын активдеринин негизги үлү­шүн кредит портфели түзөт. 2016-жылдын 30-сентябрына карата микрофинансылык уюмдардын кредит портфели 10 миллиард 115 миллион 500 миң сомду же суммардык активдердин 81,4 пайызын түзгөн.
Ушундай эле тенденция пассивдерде да байкалат. Алсак, микрофинансылык уюмдардын суммардык милдеттенмелери 4 миллиард 575 миллион 900 миң сомду түзгөн. Микрофинансылык уюмдардын төлөнгөн уставдык капиталынын жалпы суммасы 3 миллиард 626 миллион 200 миң сом чегинде катталган. 2016-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча микрофинансылык уюмдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы 3 миллиард 674 миллион 100 миң сомду түзгөн. Анын ичинде өтүп жаткан жылы түшкөн пайда – 664 миллион 19 миң сом, өткөн жылдардын пайдасы – 3 миллиард 10 миллион 80 миң сом.
2016-жылдын 30-сентябрына карата төлөө мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын суммасы 766 миллион 600 миң сомду түзгөн. Микрофинансылык уюмдардын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен насыяларынын кредит портфелине болгон суммардык катышы 7,6 пайызды түзгөн.
Кредит портфелинин сапатынын начарлашы экономиканын айрым бир секторлорунун өсүш арымы басаңдашынан, экономика ишинин айрым түрлөрү боюнча көлөмдүн төмөндөшүнөн, суроо-талаптын кыскарышынан, өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүүнүн азайышынын натыйжасынан, улуттук валютанын курсунун төмөндөшүнөн, акча которуулардын көлөмүнүн азайышынан, күйүүчү-майлоочу материалдарына баалардын көтөрүлүшүнөн улам жаралган.
Микрофинансылык уюмдардын негизги кредиттөө тармагынан болуп акыркы жылдары айыл чарбасы эсептелүүдө. Анын үлүшүнө микрофинансылык уюмдардын жыйынтыкталган кредит портфелинин 28,5 пайызы туура келет, ошондой эле соода-сатык жана керектөө насыялары тиешелүүлүгүнө жараша 17 жана 21,6 пайызды түзөт.

– Акыркы жылдарда пайыздык чендер өзгөрүүдөбү, ал эмне себептен өзгөрүп турат?
– 2016-жылдын 30-сентябрына карата микрофинансылык уюмдардын орточо пайыздык чени 31,04 пайызды түзгөн. Учурда микрофинансылык уюмдардын пайыздык чендеринин төмөндөөсү байкалууда. Жалпысынан алганда банктык эмес финансы-кредит мекемелери боюнча пайыздык чендердин жалпы деңгээли калк тарабынан аталган кредиттердин бул түрүнө суроо-талаптын сакталышы жана орун алган операциялык чыгашалардын жогору болуу себебинен мурдагы деңгээлде сакталып келет.
Пайыздык чендин төмөндөшүнө алып келген негизги себептерден болуп төмөнкүлөрдү атоого болот: финансылык рынокто атаандаштыктын жогорулашы, “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынышы.
Жогорудагы тенденцияларды жана микрофинансылык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын суроо-талабынын жогору болушун эске алганда келечекте микрофинансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү уланат, бул үчүн рыноктук, экономикалык жана социалдык шарттар бар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mirzohidjon
2016-11-28 23:50:54
Ар бир 3-уй було карыз
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан