ХОТТАБЫЧ

Режиссёру – Пётр Точилин
Сценарийин жазгандар – Пётр Точилин, Сергей Кладо
Продюсери – Сергей Сельянов
Ролдордо: Владимир Толоконников, Марюс Ямпольскис, Лива Крумина, Марк Гейхман

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
“...Биздин заманда Москва шаарында Геннадий аттуу жалгыз бой жигит жашайт” деп башталат жомок. Чынында, аны достору интернеттеги Мазахака деген ысымы менен таанышат. Анткени, ал Москвада катардагы адамдардай жашабай, жалгыз интернет менен гана жашайт. Интернет аркылуу дос күтөт, көңүл ачат. Анын болгон байлыгы – эскирген “ЗиЛ” муздаткычы жана куурап калган кактус. Ал эми эң баалуу, керек болсо ал үчүн бөйрөгүн сатууга даяр болгон буюму – албетте, сүйүктүү компьютери. Гена үчүн реалдуу жашоодо эч кызыкчылык жок. Кичинесинен бери самаган тилеги – Майкрософт серверин (дүйнө­дөгү эң бай адамдын компаниясынын жашыруун сайты) талкалап кирүү. “Жок дегенде чай кайнатканга бир чайнек алып коюуга жарабайсың!”- деп сүйлөшкөн кызы Ленанын жемелегенинен аукциондордун биринен (интернет аркылуу) эски, арзан баадагы жез кумура сатып алат. Аны көргөн Лена жигитине чыныгы жашоо менен жашашты үйрөтө албасына көзү жетип, кетип калат. Ал кумуранын ичинде үч миң жылдан ашык жашап келген сыйкырдуу жин болоорун ким билиптир?
Так ошол Хоттабыч менен таанышкан күндөн баштап Генанын жашоосунда ойдо жок окуялар башталат. Майкрософттун расмий сайтын талкалагандыгы үчүн америкалык коргоо кызматы, ал эми көп акча карыз болгону үчүн жергиликтүү зөөкүрлөр байкуш Генанын аркасынан кууп алышат. Ал аз келгенсип, Хоттабычтын душманы, дүйнөнү башкарууну көздөгөн куу Шайтаныч башкалардан кем калбай биздин каармандарга бут тосот.
Хакер менен сыйкырчы душмандардан кутулууга линолеум-учак менен (килем-учакты күбө жеп койгон болот) шаар аралап учуп күн өткөрүшөт. Хоттабычтын арты менен миллион доллар жаадырып алган Хакер жаңы таанышы Эннини романтикалуу кездешүүгө чакырат да, аны эч жерден табылгыс машинага отургузуп саякатташат.
Күлкүлүү сыйкырчы чал кадимки өспүрүмдөрдөй кийинип, санарип сүрөт тартканды үйрө­нөт. Гена жаныбарлардын тилин билип алса, Хоттабыч компьютер оюндарын тез өздөш­түрүп, мыкты “геймер” болуп чыгат да, жаштардын урматына татыйт. Акыры коопсуздук кызматкерлеринин колуна түшкөн Генаны Хоттабыч сыйкырынын жардамы менен куткарып калат. Кезегинде Шайтанычтын куулугуна алданып калган Хоттабычтан Гена да жардамын аябайт.
Ошентип, кыска мөөнөттүн ичинде “ээси менен кулу” чыныгы досторго айланышат. Эми Хоттабычты жоготуп албаш үчүн Гена менен Энни түнү менен абышканын генетикалык кодун изилдеп чыгышып, ага эч кимден көз карандысыз чексиз жашоону белек кылышат. Тагыраак айтканда, интернеттин ичиндеги жашоону тартуулашат.

ЖАҢЫ ЖАНР ПАЙДА БОЛДУ
Жыйырма үч жаштагы таланттуу режиссёр Пётр Точилин XXI кылымдын заманбап техникасын туура колдонууну билгендигине тасманы көргөндөр күбө болушту. Фильмге 13-17 жаштагы өспү­рүмдөр интернет менен компьютерге кызыкдар болгондуктары үчүн азгырылса, 30-40ка чамалап калган улуу муун “баягы Хоттабыч кандай болуп өзгөрдү экен?” деп көрүүгө шашылышат.
Совет мезгилинде Лазарь Лагиндин колунан жарык көргөн «Хоттабыч чал менен досу Ибн-Волька жөнүндө жомок» Сергей Кладонун китебинин өзөгүн тү­зөт. Автор жомокту үч жыл бою киносценарийге ылайыктап жазган. Ошондон кийин жомок интернет-комедия жанрындагы тасмага айланып чыга келген.
Пионер Вольканын ордунда бекерчи хакер Гена. Мурунку душмандар милиционерлер болсо, эми каардуу Шайтаныч алардын ордун ээледи. Футбол менен цирк интернет жана компьютер оюндарына айланды. Жалгыз гана биз сүйгөн куу абышка Хоттабыч ошол бойдон назарыбызда.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК АКТЁРЛОР ОРУС ТАСМАСЫНДА
Актёрлор бул тасмага катуу талап менен тандалган. Программист Генанын ролуна ылайыктуу актёрду миңдеген россиялыктардын ичинен таба албаган соң, режиссёр Литваны көздөй жөнөп, жакында эле кыздуу болгон Марюс Ямпольскиске туш болот. Америкалык ЦРУдан келген тыңчы кыздын ролун аткаруучу Лива Круминаны да Литвадан таап, аны да ала келет.
Таланттуу жана тажрыйбалуу актёр Марк Гейхмандын да улуту орус эмес, немис экендигин кошо кетели. Тагдырдын тамашасыбы, айтор, башкы ролдогу Владимир Толоконниковду да режиссёр Москвадан издегени менен Алматыдан табат. “Балким, Толоконников болбогондо, фильм мынчалык бийик даражага жетпейт эле” дешет сынчылар.
Кинонун дагы бир айырмачылыгы – каармандардын көптүгү. Алардын ичинен Шайтанычтын кол алдында кызмат өтөгөн байкуш Көлөкө (компьютердик графика менен тартылган) эсте калаарлык.

КӨРСӨ...

  • Фильмдеги Көлөкөнү, итти жана күбөнү бир эле адам сүй­лөткөн. Ал кайталангыс үндүн ээси – мырза Гоблин.
  • Лива Круминанын айтуусунда, ролундагы эң оор нерсе машина айдоо болгон. “Мен машина айдаганды билем. Бирок, орустун эски “Победасы” машина эмес, танк экен. Педалдарына бутум жете албаганы аз келгенсип, рулду бүткүл боюм менен аракеттенип буруп аттым” деп күлөт Лива.
  • Режиссёр дегеле фильмге машинаны кошуп койгону үчүн аябай өкүнгөн. Себеби, тасманы тартуу учурунда кызыккан элдер сейрек кездешүүчү машинанын жанында сүрөткө түшүп, анда жүктөлгөн пиводон да ичкилери келген. Бир таксист аны ижарага сурап тажатса, башка бирөө машинаңды сат деп кыйнаган.
  • Гена “менттерден” тепки жеген эпизодду тартууда актёрлордун бирөөсү Марюстун бөйрөгүнө жаздым катуу тээп алат. Режиссёр онтоп жаткан Марюстун жакшы аткарганына сүйүнүп мактаса, актёр оорусуна чыдабай “жарым саат жата турайынчы” деп өтүнүп­түр.
  • Бул кинонун шыптан миллион доллар жааган эпизодун тартууда тартуучу топ экинчи акча карагыс болуптур. Себеби, бул дублди кайталап тарткан сайын акчаны жерден чогултуп, улам-улам жаадырып атышып эстери оогон экен.
  • Толоконников менен Гейхман фильмде компьютерде кыйын иштешсе да, чыныгы жашоодо экөө тең бул техника менен тааныш эмес.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан