КЫРГЫЗСТАН ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТЕРДИН МЕКЕНИБИ?

"Кыргыз мамлекети башка өлкөлөрдөн артта калды" дегендер жаңылышат. Себеби биздин өлкө – жумушсуздук, паракорчулук, жол кырсыктарынын көптүгү, жасалма документтерди жасоо сыяктуу "үлгү алчу" көрүнүштөр менен коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла алдыда. Бул ирет жасалма документтер боюнча сөз кылмакчыбыз.

АКЧА ҮЧҮН "ӨЛГӨН" АДАМ ИЗДӨӨДӨ

"Ийнени каптын ичине катсаң тешип чыгат" демекчи, чындык бир күнү ачыкка чыгат эмеспи. Кээде Кыргызстан жасалма документтерди алуунун мекениби деген ой келет. Себеби бизде кайсы тармак болбосун документтерди жасоого "шыктуу", мисалдарды санай келсең колуңдун манжасы жетпейт, ал эми аларды көрүп-билип турса да бийликтегилердин мурдун балта кеспейт. Сөзүбүз куру болбошу үчүн өлкөбүздө болуп өткөн соңку окуяларды эсиңиздерге сала кетели.
Ушул жылдын 16-ноябрында ИИМдин басма сөз кызматы АКШнын жараны Ош облусунда өлдү деп өзүнө эстелик тургузуп, камсыздандыруу компаниясынан акча өндүрүүнү көздөгөнүн маалымдады. Маалыматка таянсак, 1985-жылы Өзбекстанда туулган Аслан Камал Ибрагим аттуу адам 2000-жылы АКШга барып, ал жактын жарандыгын алуу менен, камсыздандыруу компанияларынын биринен өз өмүрүн 1 миллион долларга камсыздандырган. Кийин 2014-жылы ал Кыргызстанга келип, Ош облусундагы ооруканалардын биринен өзүнө "өлдү" деген жасалма маалым кат алган. Андан соң Ош облусунун Кара-Суу районундагы мүрзөлөрдүн бириндеги бейиттин үстүнө өзүнө эстелик тургузган. Анын бул амалкөйлүгү ашкереленип, ал кыргыз күч түзүмдөрү жана эл аралык интерпол аркылуу издөөгө алынган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө эстелик тургузулган көрдөгү сөөк экспертизадан өткөрүлүп, жыйынтыгында ал башка адамга таандык экендиги аныкталган.
Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иштери козголгон.
"Өлдү" деп жасалма документ берген дарыгер болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ага сот тарабынан 400 миң сом айып пул салынуу менен бирге жумушунан бошотулган.

АРБАКТАР ЖОЛДОМО АЛГАНДА...

Көзү өткөн же таптакыр иштебеген адамдар айлык алышы мүмкүнбү? Биздин өлкөдө баары мүмкүн. Ушул жылдын 10-ноябрында Башкы прокуратура Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголгондугун билдирген. Маалыматка караганда, 1934-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран 2015-жылдын 15-июлунда каза болгон. Бирок анын атынан Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызмат адамдары арыз жазышып, Ош шаарында дарыланууга жолдомо алышкан. Кийин жолдомону Н.Т. аттуу жаранга сатып жиберишкен. Азыркы тапта бул боюнча "кызмат абалынан пайдалануу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Өлдү делген адамдын өзүнө тургузган эстелиги.


ИШТЕБЕГЕНДЕР ТИШТЕЙТ

Башкы прокуратуранын 29-сентябрда билдиргенине караганда, Кочкордогу №15-кесиптик лицейдин директоруна 2014-2016-жылдар аралыгында аталган лицейдин кызмат адамдары иштебеген адамга
90 949 сом жана 8 кызматкердин айлык акысына жалпы 78 286 сом негизсиз которушканы үчүн кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары лицейдин директору ДТ-75 үлгүсүндөгү тракторду металлоломго сатып жиберген деп шектелүүдө. Мыйзамсыз иштердин кесепетинен мамлекетке
200 235 сом зыян келтирилген.
Кошумчалай кетсек, Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейдин директоруна да "кызматтык жасалмачылык", "кызмат абалынан пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган лицейдин Т.К. аттуу директору жана лицейдин Ш.А. аттуу эсепчиси жасалма документтер аркылуу "8 кызматкерди жумушка алдык" деп буйрук чыгарып, аларга бөлүнгөн акчаны жеп жүрүшкөн. Анын кесепетинен мамлекетке 287 миң сом зыян келтирилген.

"АРДАКТАП ТУРСА КЕҢ МЕКЕН, ДЕПУТАТ БОЛУУ КЕП БЕКЕН?.."

Кээде билим алуунун деле кажети жоктой сезилет. Себеби дипломду жасатып, аны менен жооптуу кызматтарга оңой эле орношууга, керек болсо депутат болууга да мүмкүн. 2015-жылы Бишкек ШИИББи Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Р.Е.нин жасалма диплом менен иштеп келгени аныкталганын билдирген. Маалыматка караганда, жогорудагы кызматкер жумушка алынарда 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде юрист адистиги боюнча билим алгандыгын аныктаган дипломду көрсөткөн. Шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган окуу жайдын архивин текшергенде бүтүрүүчүлөрдүн арасынан Р.Е.нин аты-жөнү табылган эмес. Ошол эле жылы Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты М.А. жогорку билими жөнүндө жасалма диплом колдонгону аныкталып, анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 350-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2011-жылы ишке орношуу үчүн 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөндүгү жөнүндө жасалма диплом колдонгон, бирок ал ЖОЖдо окуган эмес.
Былтыр Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылындагы №68-кесиптик лицейинде 5 жылдан бери жасалма диплом менен иштеп жүргөн жаран мыйзамсыз ишин жашыруу үчүн милиция кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен кармалган. Анын 2010-жылы Ош мамлекеттик университетин тарых адистиги боюнча аяктаганы тууралуу диплому жасалма экени тастыкталган соң "былыгын" жашыргысы келген. Ал эми 2014-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу жасалма диплом сатып жаткан жеринен кармалган. Ал Ош медициналык колледжин бүтүргөндүгү тууралуу жасалма дипломду 30 миң сомго баалап сатып жаткан.
Жакында эле, тактап айтканда, 28-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциянын мурдагы жетекчиси, маркум Алманбет Анапияевдин агасы Галмамат Анапияевдин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит адистигинде окубагандыгы, ал дипломду Ош шаардык филиалынын жалган тактамаларынын негизинде алгандыгы аныкталганын билдирди. Буга окшогон мисалдарды санап отурсак гезит бетине батпайт.

КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ ОЮНЧУКПУ?

2016-жылдын 17-майында Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон Cауд Арабиясына учмакчы болушкан 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Иликтөөдө алар ар бир паспортту 2 жарым миң еврого жасатканы белгилүү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматы бул документтердин чыныгы ээлери Кыргызстанда жашаарын жана ал паспорттор жасалма экенин билдирген. Кийинчерээк бул кылмышка шектүү делинип 4 кыргыз жараны кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ошондой эле алар бул окуяга чейин да башка адамдарга жасалма паспорт жасап жүрүшкөнү аныкталган. Тактап айтканда, алар жалпы жонунан 107 жасалма паспорт жасашкан. Бул окуя чети. Ишенбесеңиз маалымат булактарына "чет өлкөгө жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган" деген жаңылыктар ат тезегин кургатпай чыгып турат.
Балким, документтерге байланышкан алдамчылыктын тыйылбай жатышына жазанын жеңилдиги себеп болуп жүрбөсүн? Анткени документтерди жасаган же колдонгон адамга мыйзам чегинде эң жогорку жаза – 2 жыл эркинен ажыратуу каралган. Болбосо айып пул төлөп кутулушат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Djal1987
2016-12-07 12:19:34
Супер инфо ушул кабарды окуганда тобо чачым тик турду. Шумдугун кургур акча учун озуно мурзого эстелик тургузган озбекистандын мурунку жаранына... Ажобуздун боштугуна чек жок. Тергоо иштери деле таза журбойт жасалма документерге. Иштин баары тергоочулордо жатат.алар кандай тергесе иш ошондой жабылат.
+3
jalalabad93
2016-12-07 16:11:18
дээрге соз жок
+1
Kroxa
2016-12-08 09:35:17
Тупураа,,,москвадан депорт болуп,издоодо жургондор келип аты жонун которуп алып барышып журду го 100долл берсен баарын жасайт биздикилер
+1
sirenaaaaa
2016-12-09 17:17:10
Кытайда мыйзам кучтуу, мамлекетке кыянаттык кылгандарга олум жазасы
+1
bai.2011
2016-12-11 13:54:06
Э тугандар буга окошгон паспортон тажиктерлин жарымы алып койдуго
+1
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан