4-5 АЙЛЫК ЫМЫРКАЙГА КАМ КӨРҮҮ

4-5 айлык баланын физикалык жактан да, психикалык жактан да өсүүсү жогорку темпте жүрөт. Бул учурда балага кантип кам көрүү керек? Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосунун негизинде иштелип чыккан стандартта белгиленген. Таанышып коюңуз.

4 АЙЛЫК ЫМЫРКАЙ

  • Бала салмагына айына жок дегенде 500 граммдан ашык кошот.
  • Башы 15 миллиметрге чейин өсөт.
  • Көкүрөгү 20 миллиметрге чейин чоңоёт. Дем алуусу өөрчүп, мындан улам өпкөсү эки эсе чоңоёт.
  • Өтү жана боору да өсүп, тамак сиңирүүсү жакшырат. Ал мурдагыдай кулгуп куспай, ыйлабай тынч уктап калат.
  • Айрым балдардын бул куракта тиши жарылышы мүмкүн. Эгер балаңыздын шилекейи агып, түн ичинде ойгонуп катуу ыйласа, чыргоолонсо тиши чыга башташы мүмкүн. Ошого карабай медицина кызматкерине кайрылуу зарыл, себеби балага суук тийген оорунун белгиси да болушу ыктымал.

КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИ

  • Бала оюнчуктарга умтулуп, колуна алганга аракет кылат.
  • Башын оңго, солго буруп, үн издейт, колунан түшкөн оюнчуктарын көз карашы менен узатат, издейт. Бул учурда балага музыкалуу оюнчуктарды сатып берген туура. Бетиңизге жоолукту тосуп, жашынмак ойносоңуз болот. Бул оюн балага кубаныч тартуулайт жана кыймылын өөрчүтөт.
  • Бала ары-бери оодарыла баштайт. Андыктан жалгыз калтырбоого аракеттениңиз. Бала үчүн коопсуз жай бул төрт тарабы тосулган атайын керебет, манеж. Мында бала оодарыла алат, атайын оюнчуктар менен ойнойт, кооптуу нерселерден оолак болот.

ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ

  • Бала ата-энесин, жакындарын көргөндө колу-бутун тарбаңдатып, күлүп, кубанат, талпынат.
  • Үн чыгарып маектешүүгө өтөт. Бала менен сүйлөшкөндө көзүнө карап акырын сүйлөңүз, сөздөрүңүздө мээримдүүлүк билинип турушу керек. Тез да, жай да темпте сүйлөп көрүңүз. Анан бир нече секунд унчукпай туруңуз. Мындай токтоп калуулар, үндүн күчү баланын көңүлүн бурат. Бала үн чыгарганда сиз да аны туураңыз. Бала мына ушинтип акырындык менен үн жасоону, анан сөз жасоону үйрөнөт. Баланы атынан айтып чакырып, ага жакшы ырлардан ырдап бериңиз, кол чапканды үйрөтүңүз.

5 АЙЛЫК ЫМЫРКАЙ

  • Салмагына айына жок дегенде 500 граммдан ашык кошот.
  • Бою 3 сантиметрге узарат. Башынын көлөмү да бир аз чоңоёт.
  • Көкүрөгү 1,5-2 сантиметрге чоңоёт.

КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИ

  • Далысын көтөрүп, башын көпкө түз кармап тура алат, жанындагы оюнчуктарга умтулат. Ары-бери оодарылып, ичи менен жылып, жөргөлөгөнгө аракеттенет.
  • Жаздык менен тосуп же атайын креслого отургузсаңыз отура алат. Бирок көпкө отургузууга болбойт. Медицина кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен балага массаж жана гимнастика жасаңыз. Бул ар кандай кыймылга үйрөтүүдө чоң мааниге ээ. Курагына ылайык келбеген көнүгүүнү зордоп жасатуу зыян, кыймылы менен нервдик-психикалык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.
  • Бул куракта оозуна бардык нерсени салып тиштеп, жалап көрөт. Азырынча оозу анын мыкты изилдөөчү аспабы. Ошондуктан баары таза, коркунучсуз болушу маанилүү.

ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ

  • Ар кандай үндөрдү чыгарып, "гау-гау" деген сыяктуу кыскача сөздөрдү айта баштайт. Жалгыз калган учурда да өзү менен өзү сүйлөшүп, ар кандай үн жасоого аракет кылат.
  • Чоңдордун мамилесине жооп кылып жылмаят, күлөт. Өзүнө тааныш жүздөрдү көргөндө кубанып, үнүн чыгарып жыргайт. Кээде бир нерсе көңүлүнө жакпай жатканын да үнү менен билдирет.
  • Угуусу менен көрүүсү күн санап жакшыра баштайт. Бала өңдөрдү айырмалап, ата-энесине көңүл токтото карап, апасынын жүзүн сылап, мурдун кармалап, көздөрүнө тигилип, чачынан тартып, оозуна колун салып байкап көрөт.
  • Тегеректеги 2,5-3 метр алыстыктагы үндөргө маани берет. Үн чыккан булакты кадимкидей издейт. Жагымдуу музыкадан коюп бериңиз. Бир аздан кийин өчүрүп коюңуз. Мындан бала музыка бар жана жок кезди айырмалай баштайт. Музыканы көп убакыт койбоңуз, себеби ал баланын тез чарчоосуна алып келет.

ЫМЫРКАЙДЫ ЖУУНТУУ

  • Күн сайын ымыркайды бир учурда, кечки тамактануунун алдында киринтүү зарыл.
  • Баланы сууга түшүрүп жатканда бөлмөнүн температурасы 24-26°С, ал эми суунун температурасы 37°С болушу кажет. Сууга балдарга арналган атайын каражаттарды кошсоңуз болот. Бирок ар бир нерсеге аяр мамиле кылыңыз. Себеби баланын териси өтө назик болот. Кээ бир нерселер ага жакпай калышы ыктымал.
  • Баланы 2 айына чейин 5 мүнөт, андан кийинки айларда 12-15 мүнөттөн сууга түшүрүү туура.
  • Баланы жуунтуу ирети менен болушу зарыл: алгач моюнун, көкүрөгүн, ичин, колу-бутун, анан аркасын жууш керек. Эң аягында баланын башы жуулат.
  • Жуунткан соң баланын денесин аарчып, колтугун, бутун, чатын атайын бала үчүн упа же бет май менен майлаңыз. Эми балага таза, үтүктөлгөн кийимдерин, баш кийимин кийинтип, эмизип, уктатыңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ымыркайдын дене табы көтөрүлгөндө көрүлүүчү аракеттер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
kirgizstan
2016-12-07 09:55:50
Менин кызым беш айлыгында эле ака паппа деп суйлоду азыр алты айлык апа аппа деп турат. Байкесин шапкаларын жулуп ыргытат. Ходунокто чуркап калды эле врачтар азыр мумкун эмес деп койду жатат бакырып тургуз деп
+4
kuba1985
2016-12-07 10:52:49
kirgizstan,бактынызга коз тийбесин.Кандай жакшы.Негизи ар бир баланын физиологиясы ар турдуу болот. Менин байкемдин кызы 10 айында баскан.
+1
omka100514
2016-12-07 11:36:03
Менин балам да беш жарым айлык болду, атасын өлө жакшы көрөт, иштен келсе эле күлүп, талпынып болбой калат. Кудайга шүгүр физикалык өсүүсү, аң-сезими да жакшы баары нормада. Бирок күндө жуунтурбайм, азыр кыштын күнү оорутуп албайын деп
+3
ainura220888
2016-12-07 16:21:53
Менин кызымы кундо эртен менен утренный туалет деп кайнатылган сууга ваттный дискти салып алып кулагынын артын моюнун чатын манжаларын арчып майлап кунду баштайт элек кескисин созсуз жуунчубуз. Азыр медицинада кабыл алынган мурда суу бербегиле дейт эле азыр бергиле деп калган. Москвада кыргызстанда кандай билбейм. Эгер смесь менен баксаныз баланызды созсуз турдо кайнатылган суу бериниз. Менин кызымда 3ай 20кун болгондо алдынкы торт тиши бары бирдей чыкан. 9айында басты.
+1
ainura220888
2016-12-07 16:24:31
1жашка чыканда баардык тиштери чыккан болчу. Беш айынан баштап бир нерселериди кармап туруп калган бирок ал ото зыян экен массаж жасап атайын ортопедический бут кийимдерди кийип бутун тузодук. 3 айынан баштап массаж жасата баштадык ар 6 айда 2жашка чейин жасатып журдук.
0
Antoshka2016
2016-12-07 17:03:58
ainura220888,охоо 5айында кармап туруп.9айында басса аябай чыйраак экен го
0
ainura220888
2016-12-07 18:49:58
Antoshka2016,ооба аябай чыйрак азыр 2жаш 7ай болду кадимкидей 2-3ырды бир эки куплетен жатап ырдап калдык. Бою узун учун ар турдуу кастингдерге суроторун жонотот элем жаны жылдын алдынан уч журналдан чакыруу алдык фотосессияга. Москвада буйруса жаны жылдык сандарында чыгып калат.
0
kirgizstan
2016-12-07 17:23:28
ainura220888, менин кызым да беш айлыктан Ходунокто чуркап калды эле врач болбойт деп ..
Бутуна шина кийгизип тургузбагыла деп массаж лфк дагы физио лечения бирдемкелерди жазып салды азыр кундо больницага каттап жатабыз.

0
Abdullatif
2016-12-07 17:20:33
Макаланы, комментарийлерди окуп олтуруп, кызымды сагынып, эзилип кеттим (((
0
Shirin_N88
2016-12-07 22:20:09
8айлык баланы жазгылачы кийинки санда.
0
admin_superstan
2016-12-08 10:32:40
Shirin_N88, саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
Nora
2016-12-08 07:21:06
menin kyzym 2ai bolup kaldy, men dagy kundun suugunda suuk tyigizip albaiyn dep 3 je 4kundo bir juuntup atam, sutum az bolgonduktan kununo koshumcha 2jolu butylkada sut berem, kudaiga shugur, jakshynakai bolup kozgo korunup kaldy.
0
elhanchik
2016-12-09 02:56:37
менин балама 8 ай болот 12.де тиши эми чыгып жатат атайын булоосунун кытышканын басып бат жарылат дегенинен мазь суйкоп атам зыян эмеспи? анан бутуна типтик туруп алат кошумча деле тамак коп бербейм сут эмет,оодарылып аркасы мн жылып калды мени корсо суйунуп жыргап кулот азыр коп отургуза элекмин бирок озу аракет кылып атат коркуп атам эрте эмеспи деп,
0
Tairova8484
2016-12-09 09:36:36
жакшы кенештер экен ,чооон рахмат.супер
0
Baktygul2016
2016-12-12 10:19:17
Менин балам 7 айдан өтүп калды буйруса, ходунокко сала баштадык. Анан астыңкы 2 тиши чыккан боюнча тиш чыга элек бул норма элеби сурап билип берип коюңуздарчы?
0
admin_superstan
2016-12-12 10:24:59
Baktygul2016, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жибериңиз.
0
Kunum_6
2016-12-13 12:42:29
Менин кызым 1 жаш 1 айлык болду 6 тиши чыккан бойунча турат 3 ай болду кийинкилерден дайын жок. Зыяны жокбу экен.
0
pero5184
2019-03-22 18:10:47
Ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырса экен
0
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан