КАРШЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢЕБИЗ! ШААР РЕФОРМАСЫН КИМ КОЛДОЙТ, КИМ КАРШЫ?

Баткен окуясынын катышуучусу Алмаз Улановдун өмүрүнүн көп жылы күч түзүмдөрүнө байланышкан. Шаар көйгөйлөрүн чындап чечүү аракеттери кандай тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга туш келери боюнча анын өз көз карашы бар. Ошондой эле мындай кырдаалда эмне кылыш керектигин да билет. Төмөндө анын ой-пикирлери:

МАРШРУТКАЛАР ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЭМЕС!

Дайым жык-жыйма болгон жана кир маршруткалар жол эрежелерин бузуп, шаар көчөлөрүндө сигналын жаңыртып зуулдап баратканы ар бир бишкектикке тааныш. Мына жакында эле эреже бузганы үчүн айып тарткан ушундай маршруткалардын 18 айдоочусун жол кайгуул кызматы жолдо жүрүү эрежелери боюнча сынак тапшыртты эле, бирөө да өтпөй калды.
Маршруткалардын көпчүлүгүн борбордук көчөлөрдөн алмайынча тыгын азайбасы айдан ачык. Азыр жок дегенде эрежелер боюнча иштөөгө мажбур кылуу керек. Маршруткаларды бир гана сынактын негизинде бөлүштүрүү маселесин жөнгө салган мурдагы чакырылыштагы БШК бекиткен токтом ушуга өбөлгө түзүүгө тийиш болчу. Токтомго ылайык, тиги же бул каттамга уруксат берүүдөн мурда фирма ээлери жүргүнчүлөр үчүн канчалык ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылары эске алынышы абзел. Токтом кабыл алынган, бирок иштебейт. Жакынкы жылдары иштээри да күмөн. Шаарда маршруткалары каттамга чыгып турган 44 автотранспорт фирмасы бар. Ошолордун ону шаар кеңешинин токтомун сотко берди. Бул иш инстанциялардын баарынан өтүп бүткүчө токтом иштебей турат. Анан дагы 10 фирма башка жагынан сотко беришет, анан кайра башынан түшмөй… Иши кылса, өзүңөр түшүндүңөр. Айтылып жүргөндөй, же падыша өлүш керек, же эшек өлүш керек.
Ошентип, өзгөрүүлөргө каршы тургандар азырынча мыйзамдуу жолдорду колдонуп жатышат. Жүргүнчүлөрдү ташуу жаатын тартипке салууга киришкен мэрияны автотранспорт фирма ээлери "силер антсеңер, анда биз киши ташыбай коёбуз" деп коркуткан учурлар да болгон. Айла жок, мэрия артка чегинген.
Автотранспорт фирма ээлеринин артында өзүнчө "пайгамбар" адамдар турары белгилүү. Ошолор Бишкектин борборлоруна ыңгайлуу, кенен автобустарды жөн эле киргизе коюшабы?

ЖАШЫЛ ТИЛКЕЛЕРДИ БААРЫ БИР КАЙТАРАБЫЗ!

КСДПнын платформасында борбор шаардан мыйзамсыз кесип алган жашыл тилкелерди кайтаруу үчүн салгылаша турган юридикалык борбор түзө турганы айтылган. Бул жагынан биз Бакаев менен Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги парк жана "Журналисттер аллеясы" үчүн салгылаш тажрыйбасына таянабыз.
Бул жеңиш менен аяктаган салгылаш КСДПнын демилгеси болгон эле. Бул үчүн аябай дасыккан юристтерди тартууга туура келген. Үрөй учурарлык окуя. «Журналисттер аллеясы» 1990-жылдардын соңунда кайсы бир коммерциялык фирмага "көрктөндүрүү максатында" 99 жылга ижарага берилген экен. Албетте, ал фирма 15 жылда көрктөндүрүүгө бир сом да салган эмес. Андан жаманы: ирригациялык системасы кыйрагандыктан, сейил бак соолуй баштаган. Аларга эптеп эле ошол жерге бийик үйлөрдү салуу керек болгон. Келишимде каралган боюнча 15 жыл ичинде шаар бюджетине бир сом да ижара акысы түшкөн эмес! Негизи эле 99 жылга ижарага берүү мыйзамда жок! Эң көп дегенде – 49 жыл. Мына ушул ачык мыйзам бузууларга карабастан, мэриянын юристтери жылдар бою соттордо утулуп келишкен. Эмне үчүн? Анткени алар туура эмес негизде доо коюшкандыктан Жогорку Сотко чейин бардык инстанция ишти артка кайтарышкан. Юристтер неге мындай кылышкан – компетентсиздигиненби же башка себептерденби, суроого жооп жок.
БШКда социал-демократтар фракциясы тажрыйбалуу юристти тапкандан кийин гана иш ордунан жылды. Айтмакчы, мен нааразы адамдардын прокуратурага кайрылуу катына кол койдуртуп, ошондон кийин жаңы сот иши башталган.
Андан кийин 2 ай ичинде 2 деңгээлдеги сот ишинде жеңдик. Фирма акыркы инстанцияга кайрылган жок, анткени утулары анык эле. Ошол ишти кароонун жүрүшүндө бул сырдуу фирманын артында архитектуранын мурдагы чиновниктери турганы айгине болду. Тилекке каршы, негиздер турса да, прокуратура кылмыш ишин козгогон жок. Дасыккан юристтер аралашса мындай көмүскө схемаларды сындыруу мүмкүн экенин көрдүңүздөр. Мындан ары башка да парктар жана гүлбактар боюнча схемаларды ушул эле жол менен текшермекчибиз. Бул ишке тажрыйбалуу 2-3 юрист эле жетет. Алардын акысын бюджет эмес, партия өзү төлөйт. Натыйжада биз көптөгөн жашыл тилкелерди шаарга кайтарабыз.

САЛГЫЛАШКА ДАЯРБЫЗ ЖАНА ЖЕҢЕБИЗ!

Шаарга өзгөрүүлөр программасын сунуш кылып жатып, биз шаарда тартип орнотуу чаралары аябай катуу каршылыкка дуушар болорун түшүнөбүз. Каяктагы сырткы күчтөрдүн эмес эле, шаар көйгөйлөрүнөн мителик кылып жаткан көмүскө чөйрөлөрдөн каршылык болот. Андай күчтөр жаңы саамалыктарды башкалардын колу менен үзгүлтүккө учуратуу үчүн көп акча төлөөгө да даяр.
Алар кимдер? Кыскача айтсак, алар колу булганган коммерсанттарды, укук коргоо органдарынын коррупциялашкан кызматкерлерин жана чиновниктерди, а балким, уюшулган кылмыш анабаштарын бириктирген бейформал топтор.
Шаар бюджетине чап жармашып мителик кылгандар өзгөрүүлөргө каршы. Булар – шаардын жана шаардыктардын душмандары. Колу булганган куруучуларга бул тармакта тартип керекпи? Же маршруткалардын кожоюндарына салык жагынан бекем тартип, ошондой эле кенен, жайлуу жана коопсуз муниципалдык транспорттун атаандаш болгону керекпи? Же коррупционерлерге «Коопсуз шаар» керекпи? Парктар менен гүлбактардан мыйзамсыз кесип алган жер тилкелеринин ээлери аларды жөн эле кайтара коёбу? Мына ушул сыяктуу суроолор азыр кабыргадан коюлган.
Айтмакчы, КСДПнын өкүлү болгон азыркы мэрге каршы маалымат каржаттары аркылуу жалган ушактар менен жалаалар жөн жерден жайылтылган жок. Анын артында кандай күчтөр турганын билүү кыйын эмес. Тилекке каршы, алдыдагы максаттарды ишке ашыруу башталганда мындай чабуулдар менен ишти үзгүлтүккө учуратуулар күчөгөндүн үстүндө болот.
Мыйзамды четтеп өтүп салынган курулуштар түртүлмөйүн, мэрия менен шаар кеңеши мыйзамсыз курулуштар менен күрөшкө даяр экенине эч ким ишенбейт. Бирок азыр шаарда бир нерсени түртүп көрчү, ошол замат ызы-чуу от алат – парламент депутаттары, прокурорлор, журналисттер телефон чалып башташат… Бульдозердин дөңгөлөгүнүн астына жата калган ОБОНчулар пайда болот, жана башка ушул сыяктуулар. Көмүскө көпөстөр, коррупционерлер, кандай гана өзгөрүүгө болбосун каршылар азыр Бишкек шаар кеңешинде орундарды сатып алуу аракетин көрүүдө. Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, айрым саясий партиялар шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн
түйүнчөктөрдү даярдап жатышканы бекеринен эмес.
КСДПнын талапкерлери алдыда кандай тоскоолдуктар менен кыйынчылыктарга туш келерин жакшы түшүнүшөт. Бирок биз алардан коркпойбуз. Биз шаардыктардын укуктарын коргоого даярбыз. Кандай коррупционерлер болбосун, биздин жолду торой алышпайт!

Жоомарт Кожомкулов

Материал КСДПнын шайлоо фондунан каржыланды. Заказ берүүчү – КСДП. Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Надира Сатыгул кызы.
"Супер-Инфо" гезити, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү - 402, 02.12.2016. Нускасы – 84 000

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан