САНЖАР ИЧКЕНДЕ ЖАКУТ ЖАНЫНА ЖОЛОБОЙ КАЛЧУ

Жылдыздар турмушунан

Жер бетинде канча адам болсо, ар биринин өзүнчө мүнөзү бар. Ал адамга таандык кыялды бирге иштеген, чогуу жүргөндөрү гана жакшы билишет эмеспи. Бүгүн биздин төрүбүздөн орун алгандар бири-биринин мүнөзүндөгү жакшы сапаттарын жана кемчиликтерин айтып өтүшөт.

САНЖАР БЕРДИБЕКОВ, куудул:
– Жакуттун жүрүш-турушу, турган турпаты эле жоош экенинен кабар берип турса керек. Башкалардай болуп куулук-шумдугу жок, таланттуу жигит. Куудулдуктан сырткары жакшы ырларды жазып жүрөт. Эми төкмөлүк өнөрү ачылып жатат. Ошко барып иштеймин деп кетти эле, 3 ай жашап кайра Бишкекке көчүп келип алды. Жалкоолук, жоопкерчиликсиз сапатын да айта кетейин. Азыр беш мүнөттө барам дегенде эле 3 саат күтүш керек.

ЖАКУТ СЫДЫКОВ, куудул:
– Санжар болду болбоду менин жалкоолугума тийишти болушу керек. Керек болсо Санжар менден өткөн жалкоо. Жадакалса дааратканага барып келгенден да эринет. Мурда өзүнчө эле кыйын боло берчү. Азыр токтолуп, акыл кирип калды. Санжар өзү досторуна күйүмдүү, ак көңүл. Бирок ичип алганда анын айланасында кыямат-кайым болчу да калчу. Аны ичти деп укканда мен жанына жологондон коркчумун.

АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА, ырчы:
– Биз Райхан экөөбүз көп жылдан бери үй-бүлөлүк катыштабыз. Райхан жөнүндө айтсам, мүнөзү жумшак. Катуу айтып бирөөнүн көңүлүн такыр оорутпайт. Дайыма күлүп жүрөт. Жадакалса орчундуу маселелер болсо да күлкүсү менен чечип коёт. Бизнести катырат, тигүүчү цехиндеги кыздарга да жакшы мамиле кылат. Кемчилиги катары иш деп жүрүп өзүнө көп көңүл бурбаганын айтар элем.

РАЙХАН АБДУБАЛИЕВА, ырчы:
– Алина мырзалардын кыялындагы аялзаты. Балдарын татыктуу тарбиялап, жолдошуна сүйүктүү жар болуу менен кыргыз элинин да сүймөнчүлүгүнө ээ. Анын чымынга да жамандыгы жок. Аялдай болуп бир айкырып, кыйкырганын көргөн эмесмин. Ал эми кемчилиги катары боштугун айтар элем. Эч бирөө менен иши жок. Адамдын баарын өзүндөй ойлоп, көп алданып калат.

НАЗИРА КАДЫЕВА, “Кыргызстан Обондору”
радиосунун ди-джейи:
– Кесиптешим Азаматты менин устатым десем болот. Радиого жаңы келгенимде көп жардам берген. Азамат таланттуу, идеяларга бай, энергиялуу жигит. Орус мектепти бүткөнүнө карабай кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөнүн баалай кетсе болот. Жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүткөн. Мамлекеттик жумуштарга резюмесин жиберип, сынактан өтүп кеткенин билем. Бирок эмнегедир артка кетенчиктей берет. Мүнөзү тамашакөй, достукка бекем. Мыкты дос болуп бере алганы менен, көк беттиги бар. Таарынтып алсаң бир жылга чейин сүйлөбөй коюшу мүмкүн.

АЗАМАТ ЭРКИНБАЕВ, “Тумар” радиосунун ди-джейи:
– Назике жөнүндө айтсам, чыгармачылыгы менен үй-бүлөсүн бирге алып кетип бараткан заманбап аялзаты. Жумушка да, ырдаганга да, үйүнө да жетишет. Сөздү баалай билет. Ак көңүл, жан дүйнөсү таза, бала кыял. Назира мага дос эле эмес, бир тууганымдай сезилет. Ортобузда эч кандай сыр жок. Идеалдуу адам болбогондой эле Назиранын мага жакпаган сапаты да бар. Ал – ыйлаактыгы. Болор болбоско эле көз жашын көлдөтүп жиберет.

НАЗИК, “Назик” бий тобунун жетекчиси:
– Биз “Агама” бий тобу менен көп эле концерт, тойлордо жолугушуп жүрөбүз, саламыбыз түз. Бул топтун жетишкендиги сахнадан түшпөй бийлеп келе жаткандыгында болушу керек. Бирок азырынча аталган топту профессионал деп айтууга эрте деп ойлоймун. Ал эми Махабат жөнүндө айта турган болсом, жаркылдаган, сахнага ылайык өңү-түсү бар жакшы кыз. Жаман жагын деле көрө элекмин. Тааныбагандарга бой көтөрүп жүргөндөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок сүйлөшө келгендер андай оюнан кайтып калат.

МАХАБАТ, “Агама” бий тобунун бийчиси:
– Мен “Назик” бий тобунун жетекчиси Назик Исраилованын эмгегин баалайм. Бир нече кыздын башын бириктирүү ар кимдин эле колунан келе бербейт да. Назиктин мүнөзүнө токтолсом, акырын сүйлөгөн, кимге кандай мамиле кылышты билген кыз. Кесиптеш катары жакшы сүйлөшөбүз. Билишимче, тобундагы кыздарга бийди өзү үйрөтөт. Чыгыш бийин бийлешкенде кээде туура эмес кыймылдарды жасашат. Ошондуктан стиль, кыймыл-аракет жагынан көп изденсе деп айтар элем. Назик бийди өзү эле үйрөтө бербей, чыныгы адистерден кеп-кеңеш алса.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tokmok
2010-03-31 01:37:45
Baarynarga iyigilik!!!
0
JAMEL
2010-03-31 04:15:53
АЗАМАТСЫНАР
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан