БИШКЕК ШААРЫН ӨЗГӨРТӨ ТУРГАН КРИЗИСКЕ КАРШЫ 15 ЧАРА

"Республика-Ата Журт" 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында "Жашоону өзгөртө турган 15 мыйзам. Өлкөнү өзгөртө турган Конституция" деген программа менен чыккан. Көпчүлүк бул айткан убадаларга ишенбей, амбициялуу кадам катары баалашкан. Бирок алар колунда бийлиги жок, оппозициялык азчылыкта туруп, шайлоочулар колдогон идеяларды ишке ашырып келе жатышат.

«РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ОЛУТТУУ РЕФОРМАЛАР САЯСАТЫ ПРОГРАММАСЫНА ТАЯНЫП, ШААРДЫН СЫРТКЫ ЖАНА ИЧКИ КӨРҮНҮШҮН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ШААРДЫКТАРДЫН ЖАШООСУН ЖАКШЫРТА ТУРГАН, КРИЗИСКЕ КАРШЫ 15 ЧАРА ИШТЕП ЧЫКТЫ

1. АВТОУНАА САЛЫГЫН ЖОККО ЧЫГАРАБЫЗ
Автоунаага болгон салыкты жокко чыгарат. Партия салыкка карата альтернативдүү жана натыйжалуу ыкманы ишке ашырат.

2. КАРАПАЙЫМ ЖАРАНДАР ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКА
Мамлекеттик ипотеканы мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана эмес, жөнөкөй жарандарга да берүү демилгесин көтөрөт. Ар бир адам жеткиликтүү үйгө укуктуу!

3. ЭСКИ ЛИФТТЕРДИ АЛМАШТЫРУУ
Мамлекеттик лизинг программасы аркылуу бардык көп кабаттуу үйлөрдөгү эски лифттерди жаңыртууну демилгелейт.

4. ҮЛҮШҮ БАРЛАР АЛДАНБАШЫ КЕРЕК
Курулуш компанияларын курулуш иштерин толук бүтүрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштайт. Ошондой эле бир курулушту толугу менен бүтүрбөгөн компания экинчи жаңы курулушту баштай албайт деген норманы киргизет.

5. «КООПСУЗ ШААР»
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга бар күчүн жумшайт. "Коопсуз шаар" долбоору – жол кырсыгын азайтып, миңдеген адам өмүрүн сактайт. Ошондой эле укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоого көмөктөшөт.

6. СЕЙСМОЛОГИЯЛЫК ТУРУКТУУЛУКТУ ТЕКШЕРҮҮ
Курулуш объектилерин сейсмикалык коркунучу төмөн жерлерге курууну, курулуп бүткөн турак-жайлардын сейсмикалык абалын өз убагында текшерүүнү, курулуп жаткан жана курулган имарат, турак-жайлардын сейсмикалык туруктуулугун бекемдөө үчүн пландуу түрдө текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талаптарын киргизет.

7. «ТЕЗ ЖАРДАМ» 7 МҮНӨТТҮН ИЧИНДЕ
"Тез жардам" станцияларында медициналык бригадалардын мобилдик иши үчүн эффективдүү логистиканы ишке ашырат. Шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар бирине 2-3 "Тез жардам" унаасын бекитип берүүнү сунуштайбыз. Мындай ыкма врачтардын 7 мүнөттүн ичинде бейтаптарга ылдам келүүсүнө шарт түзөт.

8. ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК ӨСПҮРҮМДӨРГӨ АЛКОГОЛЬ МЕНЕН ТАМЕКИ САТУУ ҮЧҮН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИ
Жашы жете элек өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдик, тамеки сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү боюнча маселени көтөрүп жатат. Биз өсүп келе жаткан муунду зыяндуу чылым чегүү адатынан жана тагдырды талкалаган аракечтик илдетинен сактап калышыбыз керек.

9. 3 МАРШРУТТУК ТАКСИНИН ОРДУНА 1 АВТОБУС
Коомдук транспорт паркына автобустарды көбөйтүү демилгесин көтөрөт. 2020-жылга карата ыңгайлуу жана заманбап автобустардын саны 4 эсе көбөйөт. Маршруттук таксиден автобуска өтөбүз.

10. УНАА ТОКТОТУУЧУ ЖАЙ: 1 БАТИР – 1 ОРУН
Жаңы курулуп жаткан объектилерге унаалар үчүн орундарды түзүү талабын киргизет. Анын принциби жөнөкөй – 1 батир болсо, 1 унаага орун курулушу шарт.

11. «БАКЫТ КНОПКАСЫ»
«Бакыт кнопкасын» ишке ашырат. Мамлекеттик кызмат жана укук коргоо системасындагы бардык аткаминерлер менен кызматкерлердин жарандарга жасаган этикага жат жана орой мамилеси үчүн, далилдер көрсөтүлгөн болсо, административдик жана дисциплинардык жоопкерчиликти киргизүү боюнча маселени көтөрөт.

12. МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ ОНЛАЙН-АУКЦИОНДОР
Ижара жана жеке менчикти сатуу боюнча онлайн-аукциондорду киргизет. Аукциондун жүрүшү телевидение жана интернет аркылуу көрсөтүлөт. Мындай ачык ыкма менен шаар муниципалдык объектилер үчүн ижара акыны толук ала алат. Бул акча каражаты шаарды жакшыртуу үчүн жумшалат.

13. СЕЙИЛ БАКТАРДЫ САЛУУ ЖАНА АЛАРДЫ САКТОО
Борбордун сейил бактарын сактоону жана жаңы сейил бактарды салуу демилгесин көтөрүп чыгат. Бишкекке "Дүйнөдөгү эң жашыл шаар" деген аталышты кайтарып берет.

14. КЕЧКИ УБАКЫТТА САЛЮТТАРГА ТЫЮУ
Расмий майрамдар учурларын эске албаганда, кечки саат 10дон кийин Бишкекте фейерверк аттырууга тыюу салууну көтөрүп чыгат.

15. ШААРДЫН БАШКЫ ПЛАНЫ АЧЫК БОЛОТ
Башкы план – өтө маанилүү документтердин бири. Ал ар бир жаранга ачык болушу керек. Бишкектин башкы планы ачык болуусун, шаар тургундары анын өнүгүүсүнө арналган ар кандай коомдук талкууларга, угууларга катышууну демилгелейт. Мындай демилге коррупция схемаларын жоюп, ачыктыкты камсыз кылып, шаардыктардын борбордун көрүнүшүн өзгөртүү пландарын ишке ашырууга катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Материал "Республика-Ата Журт" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды. Заказ берүүчү – "Республика-Ата Журт" партиясы. Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Акылбекова А.Б. "Супер-Инфо" гезити, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү-402, 02.12.2016. Нускасы – 84 000

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
GGggUUuuLLll
2016-12-07 21:51:11
Кыргыз эл жомогу)))
+2
dasta
2016-12-08 12:33:03
. Бизге Каримовдой каардуу суурду башчы керек. Болбосо беш жылдан кийн деле ушул еле корунуш....мен 100 пайыз кепилдик бере алам
+1
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан