Учурда күндүн суукташы менен көпчүлүк балдар ар кандай илдетке кабылып жатышат. Айрым ата-энелер дароо эле оорукананы көздөй бет алса, айрымдары убактысынын тартыштыгынан баласын дарыгерге алып бара албайт. Эмесе, ата-энелерге жеңилдик болушу үчүн Бишкек шаарындагы №11-поликлиниканын педиатры Эльмира Иманалиева кеңештери менен бөлүшөт.
"БАЛАНЫН ДЕНЕ ТАБЫН КАНТИП ТҮШҮРҮҮ КЕРЕК?"
– Учурда балдардын дене табы жогорулап, эти ысып жатат. Бул кайсы оорунун белгиси жана кантип дене табын түшүрүүгө болот?
Айсулуу, Баткен
– Азыркы тапта вирустук оорулар 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында күч алууда. Мындай дартка, башкача айтканда, сасык тумоого кабылган баланын дене табы жогорулайт. Дене табын түшүрүү үчүн парацетамол жана ибуфен берүү керек. Мындан тышкары бөлмө температурасындагы суу менен денени сүрүү, суюктукту бат-баттан ичирүү кажет. Ал эми эмчектеги баланы бат-бат эмизүү зарыл.
"КӨЗДҮН ШИШИГИ ГЕНДЕН БЕРИЛЕБИ ЖЕ ООРУНУН БЕЛГИСИБИ?"
– Баламдын көзүнүн алды шишип турат. Бул ген аркылуу берилеби же оорунун белгисиби?
Жамиля, Бишкек
– Баланын кайсы бир жери ооруйт же туздуу тамактарды көп жейт. Кечкисин жатарда сууну ашыкча ичкенден да болот. Бирок сөзсүз медициналык кароо жасатып, эмнеден улам болуп жаткандыгын аныктап алуу кажет. Жай өөрчүгөн өнөкөт оорунун башталгыч этабы да болушу мүмкүн. Ошондуктан балаңыздын ден соолугуна азыртадан кам көрсөңүз, оорунун алдын алган болосуз.
"ЭМЧЕК ЭМГЕН БАЛАНЫН ИММУНИТЕТИ ЖОГОРУ БОЛОБУ?"
– Балам 1 жашка толду. Эмчектен чыгарайын деп ойлоп, кайра иммунитети түшүп кетеби деп чочулап жатам?
Милана, Кара-Балта
– Баланын иммунитети күчтүү болуш үчүн 2 жашка чейин эмизүү керек. Мындан тышкары тамактануу рационунда белок, углевод, темир, кальций жана башка керектүү витаминдерди, минералдарды камтыган азыктардын болушу шарт. Иммунитет күчтүү болсо зыяндуу микроорганизмдерден коргоп, оорунун алдын алат.
"ПИЯЗ ЖАНА САРЫМСАКТЫ ЖАШ БАЛДАРГА БЕРҮҮГӨ БОЛОБУ?"
– Пияз жана сарымсакты сасык тумоо менен ооруганда колдонушат. Бул ыкманы жасап көрбөгөндүктөн жаш балдарга колдонуу кооптуу эмеспи?
Айпери, Талас
– Пияз жана сарымсак микробдорду өлтүрүүчү антисептик болуп саналат. Андыктан балдарга сүткө кайнатып, жылуу кезинде ичирүү керек. Мындан сырткары пиязды туурап бөлмөгө коюп койсо микробдорду өлтүрүп турат.
"САСЫК ТУМООНУ АЛДЫН АЛУУНУН ЖОЛДОРУ БАРБЫ?"
– 2 жаштагы балам сасык тумоолоп калыптыр. Кандай дары-дармектерди берсем болот? Бул оорунун алдын алуу жолдорун айтып бересизби?
Бурул, Нарын
– Вирустук инфекция болсо антибиотиктер жардам бербейт. Эгерде мурдунан суу акса туздуу суу менен чайкап туруу зарыл. Ал үчүн 100 грамм жылуу сууга бир чымчым ашкана тузун салып, аралаштырып, пипетка менен баланын мурдуна тамызып жууйбуз. Ал эми сасык тумоонун алдын алуу үчүн үйдүн ичин шамалдатып, абаны алмаштыруу жана баланын иммунитетин көтөрүү маанилүү. Витаминдүү тамактарды берип, суюктукту көп өлчөмдө ичирүү кажет.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg