МЫРЗАЛАРДЫН КӨЗ ЖООСУН АЛГАН “ВИА Гра”

Орусиянын эстрадасына фурор жараткан “ВИА Гра” тобун тааныбаган жан болбосо керек. Сексуалдуу кыздардан түзүлгөн топко быйыл 3-сентябрда 10 жыл толот. Бул убакыттан бери анда 12 ырчы кыз алмашты. Кеп айтылуу “ВИА Гра” тобу тууралуу болмокчу.

ТОПТУН ТҮЗҮЛҮҮ ТАРЫХЫНАН
2000-жыл. Продюсер Дмитрий Кос­тюк BIZ-TV музыкалык-маанайшат телеканалында иштеп жүрүп, шоу-бизнеске өзгөчөлүк киргизүүнү кыялданат. Бирок кандай өзгөчөлүк? Дмитрий ойлонуп жүргөндө ырчы Валерий Меладзенин бир тууган агасы Константин Меладзе менен таанышып калат. Ага жалаң кыздардан же балдардан турган топ түзүүнү сунуштаганда Меладзе макулдугун берген.
Экөө “бүгүнкү шоу-бизнеске бүтүн­дөй мырзалардын көз жоосун алган ай чырайлуу, сексуалдуу кыздар керек” деп ырчы тандоого киришет. Алгач топко Алёна Винницкая оңой эле алынат. Алёна ал кезде телеалпаруучу болуп иштечү. Дагы эки кыз керек эле. Ал үчүн кастинг өткөрүшүп, 2000ден ашуун­ сулуулардын арасынан экөөсүн тандашат. Аларды 6 ай бою жылдыз кылабыз деп бардык жактан сабак беришет. Бирок жыйынтыгы болгон эмес. Продюсерлердин эмгеги талаага кетип, топту жабууга туура келет.
Алдыга койгон максатын орундатууну самаган продюсерлер кол куушуруп отуруп калышпайт. Алар экинчи аракетине ашыгышат. Издеп жүрүп топко Надежда Грановс­кая аттуу сулуу бийкечти табышат.

ЭМНЕ ҮЧҮН “ВИА Гра”?
Эки кыздан түзүлгөн топту Меладзе менен Костюк “ВИА Гра” деп аташат. Топ эмне үчүн “ВИА Гра” деп аталганы тууралуу үч түшүндүрмө бар.

  1. “Виа” бул – аббревиатура, вокал­дык музыкалык аспаптарда ойногон ансамбль (вокально-инстру­мен­таль­ный ансамбль), ал эми «гра» деген сөз украин тилинен, “оюн” деп которулат.
  2. "ВИА Гра" топтогу ырчы кыздардын аты-жөнүнөн кыскартылып алынган делет. Винницкая деген Алёнанын фамилиясынын башкы эки тамгасы жана атынын баш тамгасы алынган ("Ви", "А"). Ал эми “гра” бул Грановскаянын башкы үч тамгасы делет.
  3. Дагы бир түшүндүрмөсү бул виагра (эркектердин бел кубатын күчөтүүчү таблетка) деген мааниде. Анткени “топтогу кыздар чындыгында эле мырзаларды шилекейи чууруган абалга алып келет” делинет.

ТОПКО КЕЛГЕНДЕР КЕЛИШИМ ТҮЗҮШПӨЙТ
Эки кыздан түзүлгөн “ВИА Гра” тобунун “№5-аракет” (“Попытка №5”) ыры хит ырларга айланат. Топ түзүлгөндөн кийин эки жыл ичинде «Золотой Граммофон», «Стопудовый хит» жана башка сыйлыктарга татып, эл оозуна алынат.
Дмитрий менен Константин ийгиликтин даамын тата баштаганда Надежда кош бойлуу болуп, топтон кетүүгө туура келет. Тез аранын ичинде кастинг жарыялап, ордуна Анна Седокова алынат. Негизи эле продюсерлердин планы топту үч адамдан түзүү эле. Кастингге келгендердин арасынан Татьяна Найникти да алып, “ВИА Граны” триого айлантышат. Кыздар жаңы топко дем-күч, продюсерлерге илхам алып келгенби, айтор, укмуштуудай иштеше башташат. Тез убакыттын ичинде «Стоп! Стоп! Стоп!» деп аталган ырды жаздырып, ырга жарым жылаңач кийимчен клип тартышат. Аталган эле ырга жыл аягында “Овация” аттуу сыйлык ыйгарылат.
“ВИА Гра” тобунда ырчылар башынан эле туруктуу болгон эмес. Бири кетип, бири келип... Буга бир чети продюсерлер ырчы менен атайын келишим түзбөгөнү себеп десе да болот. “Эмне үчүн келишим түзбөй иштешесиңер?” деген суроого продюсерлер ”ырчыны кыйнап бир убакытка чейин кармоонун кызыгы жок. Ар бир адам ишти өз каалоосу менен аткарышы керек. Келишим түзгөндө кыздарды кысымга алып калгандай болобуз” дешет. Мүмкүн топто кыздардын туруктуу болбой жатканына да ошол себептир. Бүгүнкү күнгө чейин топтун тарыхында 11 ырчы алмашкан. Биринин себеби үй-бүлөлүк абал болсо, дагы бириники пикир келишпестиктер.
Жакында эле топтун продюсерлери кыздардын курамын алмаштырууну туу­ра көрүп, Татьяна Котованы кетирип, ордуна 20 жаштагы Ева Бушмин аттуу бийкечти алышты. (Топто ушул күнгө чейин кайсы ырчылар кайсы убакытта ырдап келгени инфографикада көрсөтүлгөн).

ТОПТУН “АЛТЫН КУРАМЫ”
2003-жыл. Топтогу ырчылар Анна Седокова менен Алёна Винницкаянын ортосунда пикир келишпестик болуп, Алёна өз каалоосу менен кетип, анын ордуна Вера Брежнева келет. Негизи эле Надя, Анна, Вера болуп иштеген “доор” “алтын курам” делинет. Анткени бул үчөө бардык жагынан төп келишкен кыздар эле. Вера ишке киргенине 6 ай болгондо “Стоп! Снято!» аттуу альбому жарык көрөт. Ал тез убакыттын ичинде 500 000ден ашуун нуска менен сатылып, концерттеринде билет баалары эки эсеге жогорулаган. Топтун Валерий Меладзе менен чогуу ырдаган ар бир ыры супер хитке айланып, популярдуулукту алып келген. Ал эми Брежнева “ВИА Градан” кеткенден кийин күйөрмандардын саны азайганы байкалган. "Ушул сулуу үчүн топту капчыгы калыңдардын жабык кечелерине чакырышчу" дешет.

КЫЗДАР СЕКС-СИМВОЛ ЭМЕС...
“ВИА Гра” тобунун продюсерлеринин айтымында, топтон Аня менен Надя эле өз каалоосу менен кеткен. “Калгандарын кайсы бир күнөөсү үчүн топтон кетирүүгө туура келген. Ал эми топко кирүү үчүн сөзсүз түрдө продюсерлеринин бири менен ысык мамиле куруш керек деген да болбогон кеп” дешет уюштуруучулар. Алар эң биринчи кыздын сексуалдуу келбети, анан гана таланты бааланарын да жашырышпайт. “ВИА Граны” көпчүлүк күйөрмандары секс-символ деп аташат. Бирок кыздар буга кошулушпайт. Алар үчүн секс-символ бул – Памела Андерсон. Ал эми чырайлуу кыздар өздөрүн жөн гана сексуалдуубуз дешет.

КӨП АКЧА ТАПКАНЫ МЕНЕН, АЙЫП ДА АЛЫШАТ
Сексуалдуу кыздар концерттен эмес, корпоративдик кечелерден акчаны көбүрөөк табышат. Мисалы, жакында эле топ бир ишкердин кечесине 45 000 еврого ырдап кетишкен. Ал эми Жаңы жыл алдында бул гонорар 3 эсеге чоңоёт делет. Көпчүлүк мырзалардын көз жоосун алган ырчы кыздардын “аталары” тартипти өтө катуу кармашат. Канчалык акчаны көп табышса да эгер ишти туура эмес жасаган болсо, ага айып алышат. Мисалы, топтун мурунку ырчысы Светлана Лобода концерттик кечеге чачын жасатам деп жүрүп 5 мүнөткө кечигип келгендиги үчүн 300 доллар айып алган. Ошондой эле корпоративдик кечелерде алкоголь ичимдигин ууртап-татпоолору керек. Бул үчүн да чоң сөгүш жана айып алышат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан