ТҮРКИЯ ЭЛЧИСИ НАЗАРАЛИЕВДИН МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУНА БАШ БАКТЫ

Назаралиевдин медициналык борбору жаңы аймактарды, мамлекет жана рынокторду ачууну улантып, медициналык туризмди өнүктүрүү менен улай алкоголизм менен жабыркаган жана психикалык бузулууга дуушар болгон бейтаптарды өлкөбүздө айыктырууну улантып келет. 22 өлкөнүн 350 миллиондой калкы бар Араб дүйнөсү менен иштеп баштагандан кийин реабилитациялык клиника Түркия менен мамиле түзүп баштады. 80 миллиондон ашык калкы бар бул өлкөдө наркомания көйгөйү курч маселелердин бири.
Бул кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн медициналык борбордун президенти профессор Жеңишбек Назаралиев реабилитациялык клиникага Түркия республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылычты экскурсияга чакырган. Бул чакырууну элчи кубануу менен кабыл алды.
Элчи бейтаптарды айыктыруу процессин өз көзү менен көрүп, профессор Назаралиевдин түшүндүрмөлөрүн алды. Кызматтагы гана эмес, билими менен да дипломатиялык мүнөзгө ээ Түркия коногу клиниканын кызматкерлерине болгон элеганттуу манерасы, адептүүлүгү жана билимдүүлүгү менен эсте калды.
Ал экскурсия убагында бейтапты медикоментоздук комага түшүргөн татаал процедура – Борбордук холонолиттик блокада тууралуу суроолорду узатып жатты. Канды тазалоо процесси – плазмаферез тууралуу кызыгып, Mindcrafting’а
– денени жана рухту калыпка келтирүүчү автордук программа жөнүндө талкуу кылды.
Түркия элчиси бейтаптар менен сүйлөшүп, алардын ал-акыбалын сурап жатты. Ал Орусия, Казакстан, АКШ, Канада, Сауд Арабия жана Катардан келген бейтаптар менен сүйлөштү. Медициналык борбор Түркия элчисине өз мекендештери менен өзүнчө сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Медициналык борбордун жана «Акыл баңгиден сырт» Дүйнөлүк лиганын президенти профессор Назаралиев өз бөлмөсүндө аталган уюм тууралуу кененирээк маалымат менен тааныштырып, Араб өлкөлөрүндө жана Кыргызстан менен Түркияда да болгон «Сен дүйнөгө керексиң!» аттуу кайрымдуулук программасы жөнүндө айтып берди. Кылыч мырза медициналык клиниканын коммерциялык ишмердүүлүк менен бирге социалдык иштер жана кайрымдуулук бөлүгүн айкалыштырганына маани берди. Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча наркомания көйгөйү менен өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып иш алып барат.
Түркия элчиси профессор Назаралиевге Түркиядагы Amatem реабилитациялык клиникасынын башчылары менен жолугушуу уюштурууга сөз берди. Бул алкоголизм жана наркомания менен жабыркагандар үчүн реабилитациялык мамлекеттик мекеме. Ал Түркиянын ар бир шаарында жайгашкан.
Ошондой эле Түркиянын ири массалык маалымат каражаты болгон Anadolu Ajansi агенттигинен аталган медициналык борбор тууралуу маалымат берүүнү сунуштады. Мындан тышкары профессор Назаралиев алмашуу принцибинде – Кыргызстандагы оор жабыркаган бейтаптарды Түркияга жиберүүнү, ал эми түрк жарандарын бизде дарылоону сунуштады.
Профессор Назаралиевдин айтымында, жакынкы аралыкта Кылыч мырзаны Дүйнөлүк лиганын Ардактуу мүчөсү кылууга аракет кылат. Түркия элчиси уюмдун ар бир документи менен таанышып, XXI кылымдын адамзатына кайрылуу жасаарына сөз берди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, бул кийинки жолугушууда – Кыргызстандагы Түркия элчилигинде болмокчу.







Тынчтык Абу-Бакир

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан