Быйылкы Жаңы жылды өзгөчө балатылар менен тосуңуз. Ал үчүн сизге колдо бар буюмдар менен жасалуучу балатыларды сунуштайбыз.
КИТЕП БАЛАТЫСЫ
Үйүңүздөгү китеп жыйнаган текчени бошотуп, китептерден балатынын формасын окшоштуруп жаңы жылдык балаты жасап алсаңыз болот. Ал үчүн болгону китептер, текче жана кооздук үчүн оюнчуктарды колдонсоңуз болот.
ДУБАЛ БАЛАТЫСЫ
Бул үчүн бутактарды сүрөттөгүдөй кесип алып, калың жип менен пирамида түрүнө келтирип байлайбыз. Андан кийин аны дубалга илип оюнчук, гирляндалар менен ороп коёбуз.
ГИРЛЯНДА БАЛАТЫСЫ
Балатыны кооздоп жүргөн гирляндадан да өзгөчө балаты жасасаңыз болот. Ал үчүн дубалга балатынын формасында мыктарды кагып, ага гирлянданы илип чыгыңыз. Электр тогу менен иштеген балаты даяр.
АСМА БАЛАТЫ
Балатыны кооздоочу кадимки оюнчуктарды жипке байлап, аларды узун-кыска кылып балатынын формасына келтирип илесиз. Жаңы жылдык атрибут даяр!
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg