(Башы өткөн сандарыбызда)
Балбылдаган сулуу көздөрү ичтен сызып, купуя кайгысы бар адамдай муңаят. Уулунун башкаларга окшобогон бул мүнөзүнөн Зина кадыресе чочулап кетчү. «Ай, Кудай ай, мынчалык тоң мүнөздү кайдан алган, бул бала? Турмуш анча-мынча ийилбегенди сындырып коёт эмеспи, абайласа экен...» деп безилдеп алчу ичинен. Азыр да уулунун көңүлүн көтөрүп, алаксыткысы келди.
Бутунун учу менен уулунун бөлмөсүнө кирди. Чөк түшүп отуруп алып берилип ойноп жаткан Рустамды көрүп, жүрөгү тилине түштү. Так эле Имандын отурушу. Имандын кыл кыяк кармашы. Алтургай толкун кара чачтары, музыканын ыргагы менен кошо бирде жазылып, бирде серпиле түшкөн каштары, балбылдаган көздөрү, бардыгы атасынын өзү болчу. Башын эшикке жөлөп, уулунан көзүн албай кыяктын күүсүнө көшүлүп тура берди. Апасын эми байкаган Рустам ойногонун токтото суроолуу карады.
Айша уулуна шыбырай сүйлөдү.
– Рустам...
– Эмне болду, апа?
– Кечир, балакай, жана ачуум келгенинен...
– Мен эмне, жаш бала белем? Ай, апам ай, ошого капа болуп эмне?
Эне-бала бири-бирин аяй карап алышты. Ортолорундагы дубалды бузуп өткөнсүп, экөө тең жеңил дем ала күнүмдүк турмушту сүйлөшүп отурушту.
– Эртең үйгө эртерээк келсең, Айнураны дагы ала кел. Тамак жасашты үйрөтөйүн,- деди Айша тамашалай.
– Макул, апа. Лекциядан кийин түптүз үйгө келем. Келин балаңды азыртан катуу кармабасаң болбойт.
Рустам апасынын тамашасын коштой кетти. Экөө тең күлүп калышты. Ошентсе да, эне-бала өздөрүн кыйнаган ойлорду бири-бирине айта алышпай, тымызын санаага батып отурушкан эле.
– Эми укта, кулунум. Түнүң бейпил болсун!
– Апа...
– О-у...
– Мени да кечирип коюңуз, ээ?
– Тентек десе, эмнеңди кечирейин?
Айша муңайым жылмая уулунун эшигин акырын жаап коюп, өз бөлмөсүнө кирди да, төшөгүнө жыгылды. Ушул калыбында көпкө жатты. Көз алдынан канча жыл өтсө да, эскирбеген элестер чууруй берди.
Аттиң дүйнө, ушуга чейин Имандын атын көөдөнүнөн сызып сала албай келет. Эч бир адамды аны сүйгөндөй сүйө албады, эч бир адамдан өзүн багындырган Имандыкындай күчтү таба албады. Ошентип жүрүп өмүрү кандай өткөнүн билбей калган экен. Эми ушунча жылдан кийин көңүл жарасы кайра ачылып турганын көр. Түйшөлүп уктай албай койгонунан акырын туруп, терезеге көз чаптырды. Жылдыздарды кусалуу тиктеген Айша ушул түнү так ушул учурда Иман да тамекисинин күлүн көккө үйлөп, ал да жылдыздарды күйүттүү тиктеп, өткөн күндөрдү эстеп жатканын билген жок.
Ооба, бул эки адамдын тагдыры бир кезде бириккен эле. Азыр ушул жылдыздуу түндө эмнегедир экөө тең өз баскан жолдоруна саресеп салып, кайрылууга аргасыз болушту.
***
Мединституттун жанында бирөөнү көзү менен издеп, чыдамсыздык менен күтүп турган Иманды көргөн Айзада Айшаны колтукка түрттү.
– Карасаң, карап кой, «күзөтчүң» өз постунда турат.
Айша артына жалт карап сүйгөнүн көрө койду да, бактылуу жылмайып алды.
– Тим кой, караба, кичине жүрөгү күйүп күтө түшсүн!
Аңгыча көздөрү чагыла түшүп, экөө тең күлүп жиберишти да, бири-бирине шаша утурлап жөнөштү.
– Көпкө күттүңбү?
– Сизди өмүр бою күткөнгө даярмын!- деди Иман жылмая.
– Чынбы?
– Чын.
Айшанын апакай жүзү нурдана сүйүнүп кетти.
Имандын балбылдаган сыйкырдуу каректерин карап, кыз жүрөгү сүйүүгө чалкып турду.
– Кечинде бошсуңбу?
– Бошмун, бирок...
Айша аркасын айта албай түйшөлө түштү. Атасы Иман экөөнүн кездешүүсүнө тыюу салган болчу.
– Анда кечинде өзүбүздүн жерибизден жолугалы. Беш мүнөт кечиксеңиз...
Иман эркелете сөөмөйүн кезеп койду да, шашыла өөп алып, жүрүп бараткан троллейбуска секирип түштү.
Колун булгалап узап бараткан Иманды Айша узатып кала берди. Өмүрүндө мындан жакын, мындан ысык адамы болбосо керек. Айша ошол учурда бул ширин сүйүүнүн артында шору да жатканын билген эмес. Ошол күнү шаардын сыртындагы Айшалардын үйүндө чуулдаган меймандардын үнү бир далайга чейин басылган жок.
Башаламан тост айтышкан аял-эркектер. Бүгүн Айшага атасынын жакын досу келип, сөйкө салып жаткан эле. Бирок эч кимиси Айшанын көңүлү барбы же жокпу, сурап да коюшкан жок.
– Айша менен Султан келечекте биздин ордубузду басып...
– Айша, тура гой, Султан менен бийлеп жиберчи.
– Эх, чиркин жашоо, кандай көңүлдүү!
– Ошону айтсаң.
– Ха-ха-ха...
Айша суз гана отура берди. Ал азыр бул чөйрөдөн өтө алыс эле. Жан дүйнөсү да, акыл туюму да бул арак жыттанган тар чөйрөдөн качып, Имандын күүлөрүндөгү тазалыкка талпынып жатты. Ушул тапта атасы мактаган Султанды да, башкасын да көргүсү келбей, тек Имандын бажырайган элеси менен сүйлөшүп отура берди. Күпүлдөгөн конокторду араң узатып, өз бөлмөсүнө келип эми гана жатайын деп камынып жатканда сыбызгыган күү кулагына шак дей түштү. Бул кларнетте ойноп жаткан Иман болчу. «Келген экен да». Айшанын жүрөгү кубангандан тыпырай түштү. Көмөкөйдөн сызылган обон айланага толуп, тазалыктын, аруулуктун дүйнөсүнө чакырып жаткандай. Күү сүйүү чачып жатты. Айша бир аз тыңшап турду да, терезени ачып, элпек секирип түштү. Коркууну да унутуп, Иманды көздөй чуркап жөнөдү. Калың бактын ортосунда Иман күү чертип отурган экен.
Жакын келип ийинине колун коё жалооруп жиберди.
– Таарындыңбы?
Иман үн каткан жок.
– Кечирип койчу, атам... Билесиң го, мүнөзүн. Сен экөөбүздү билгенден бери таптакыр эле чыгарбай калды.
Иман шуу үшкүрүп жиберип, үңкүйүп отуруп калды.
– Койчу эми, келчи, көзүңдөн өөп алайын.
Айша дирилдеген эриндери менен Имандын көздөрүнөн узакка сүйүп турду.
– Эмне, дагы эле «думанаңа» барбайсың деп жатабы?
Иман ызалуу күңк этти.
– Ошентти, бирок мен сенден башка эч бир адамга жүрөгүм жибибесин түшүнбөйт окшойт. Мен бул жашоого сен үчүн келгем, алтыным! Мейли, уруксат бербесе деле окуумду бүтөрүм менен сага качып кетем. Эмне күлөсүң?! Көрөсүң го, ошентем!
Иман Айшанын кымча белинен бурай кармап, жүзүнөн, көздөрүнөн өпкүлөп жиберди.
– Мен сени эч кимге бербейм, периштем!
– Мен сенсиз жашай албайм, Иман!
Бири-бирине ысык шыбырай көк шиберге сунала түшүштү.
Эки жүрөк үн алыша бардыгына баш байлап турушту. Асмандагы ай, жыбыраган жылдыздар гана алардын сырларын өз ичине катып кала беришти.
Балкондо туңгуюкту тиктеп, түнөргөн күйөөсүнүн жанына акырын жылып келген аял аяп тиктеп турду да, колун Имандын далысына койду. Көзүндө аёо да, таарыныч да, кечирим да бар.
– Кечир!
– Кечирбегенге айлам барбы, Иман?
Аялы тагдырына баш ийип, мүңкүрөй сүйлөгөнү Имандын каңырыгын түтөтүп жиберди. Аялын бооруна кыса кучактап, көзүнөн аккан жашын сүртүп, жалынып жатты.
– Акылдуум менин, сулуум, сенсиз менде эмне жашоо?
Экөө кучакташып көпкө турушту.
– Иман?
– О-у.
– Мен сенден бир нерсе сурайын, аткарасыңбы?
– Колумдан келсе.
– Ушунча жыл бирге жашадык, ошол күндөрдү, сүйүүбүздү сыйласаң, мага баарын айтып берчи.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)