УРМАТТУУ БОРБОР ШААРДЫН ТУРГУНДАРЫ!

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы соңку жылдары Бишкектеги сапаттуу өзгөрүүлөргө башка партияларга караганда көбүрөөк таасир эткенин белгилөө адилеттик болот. Албетте, эгер биздин көпчүлүк өкүлдөр борбор шаардагы өзгөрүүлөргө тиешеси болбогондо жакшы долбоорлорду демилгелеп жана жүзөгө ашыра алмак эмеспиз. Биз Бишкек шаар кеңешинде көпчүлүк мандаттарга ээ болуп, КСДП өкүлдөрү мэрияны жетектеп турушту.
Мына ошентип утурумдук иштер менен чектелбей, терең ойлонулган стратегияны, аны аткара турган мыкты команданы жарата алдык.
Артка кылчаюу менен биз сүйүктүү шаарыбыз 6 жылда кыйла жакшы жагына өзгөргөнүн көрөбүз. Негизи адамдар кызыкпыз, жакшы нерселерге бат көнүп, аларды байкабай калабыз. А бирок кемчиликтерди дароо көрүп, бат туталанабыз.
Бүгүн, урматтуу шайлоочулар, сиздер кайрадан тандоо алдыда турган күнү биз Бишкектеги урунттуу өзгөрүүлөрдү эсиңиздерге салгыбыз келет. Бул жакшы өзгөрүштөргө КСДПнын депутаттары менен мэрия кызматкерлеринин тикелей тиешеси бар экенин сыймык менен айтабыз. Ошондой эле мэрия менен БШКдагы өкүлчүлүктөрүбүздүн күчүн пайдалануу менен КСДП жакынкы айларда эмнелерди жасай турганы тууралуу кыскача айткыбыз келди.Биздин келечекте сөз жок аткарыла турган программабыз да, жакынкы аралыкка пландарыбыз да бар. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн шайлоо алдында бир топ иштер жасалды. Сиздер кайсы иштерге добушуңуздарды берип жатканыңыздарды билүүгө акылуусуздар – төмөндө айтылган жакшы өзгөрүүлөргө добуш бериңиздер.
Дагы бир нерсе тууралуу айтууга милдеттүүбүз. Эриш-аркак чаалыкпастан иштөө менен социал-демократтар борбордун көзгө урунган сырткы эмес, тереңде жаткан көйгөйлөрүн таап чыгууда. Анан аларды чындап чечүү жолдорун иштеп чыктык! КСДП Бишкектин бышып жетилген көйгөйлөрүн айтып гана тим болбостон, аларга чыныгы чечимдерди да сунуш кылат! Бизде мол тажрыйба, иштей турган, күчкө толгон команда бар. Бишкектин кайталангыс келбет-жүзүн сактоо менен аны жашоого жайлуу, заманбап шаар кылуу үчүн саясий эркибиз да бар. Бул үчүн бизге бир гана нерсе – шаардыктардын колдоосу керек. Эми чечим сиздер тарапта!

Бишкек шаардык кеңеши, мэрия, КСДП жана шаардыктар – БИРГЕБИЗ!

ЭМНЕЛЕР ЖАСАЛДЫ?

1. 2010-жылы апрелде борбор шаардын чеке-белинде өз бетинче жер ээлөөгө жол берилген жок;
2. «Ош базарынын» айланасы тартипке салынды, мыйзамсыз курулуштар алынды;
3. 200 чакырым жол курулду, кичи райондор аралык 67 көчө калыбына келтирилди, Л.Толстой, Алма-Ата көчөлөрү жана Түштүк магистраль бири-бирине кошулду, конуштарда 70 чакырым жолго таш төшөлдү, асфальт заводу кайра иштеди;
4. «Ала-Тоо» аянты, ЦУМдун жанындагы фонтан жаңыланды, Арсен Өмүралиев атындагы театр калыбына келтирилди;
5. 30 атайын техника жана 5 миң жаңы таштанды контейнерлери сатып алынды, жабык контейнер аянттары салынды;
6. «Дельфин» бассейни жаңыртылып, ишке берилди;
7. 9 миң көчө шамдары энергия үнөмдөөчү шамдарга алмаштырылып, 2 эсе үнөм болду;
8. «Баш-Кара-Суу» суу тосмосу курулуп, 150 миң шаардыктын (борбордун бүт түштүк-батышы) ичүүчү сууга муктаждыгы чечилди;
9. Жаңы 2 парк түптөлдү: Түштүк дарбазада (10 гектар) жана Гейдар Алиев атындагы (5,5 гектар). Түштүк дарбазадагы парктын периметри боюнча жарыктандырылган веложол салынды;
10. Тоолордун көрүнүшүн жаап турган 100 жарнамалык такта алынды, борбордун көркүн бузган көрнөк-жарнактар алына баштады.

2017-ЖЫЛЫ ЭМНЕЛЕР ЖАСАЛАТ?

1. Жаңы таштанды полигону курула баштайт, азыркы таштанды жай рекультивацияланып, ордуна бак-дарактар тигилет;
2. Конуштардагы таш жолдорго асфальт төшөлө баштайт, 70 кварталдар аралык жолдор оңдолот, тротуарларды оңдоо иштери улантылат;
3. Борбордун түштүк-чыгышындагы суу көйгөйүн чечүү үчүн «Орто-Алыш» суу тосмосу курулат, анын натыйжасында шаардын бул бөлүгү тез өнүгө баштайт;
4. Муниципалдык транспортто электрондук билет системи киргизилет;
5. «Ататүрк» паркы менен Кара-Жыгач багын калыбына келтирүү башталат, Ботаникалык бакты сактоо жана жаңылоо чаралары көрүлөт;
6. Шаарга керектүү кар күрөөчү техника сатып алынат;
7. Шаарды жашылдандыруу концепциясын ишке ашыруу, ирригациялык системди жаңылоо иштери башталат;
8. 10 миң көчө шамдары кошумча орнотулат;
9. Бишкек борборун пландаштыруу долбоору бүтүп, кабыл алынат.

Биз алдыга карай жыла беребиз жана борборубуздун жакшылыгы үчүн СИЗДЕР менен эриш-аркак иштөөгө даярбыз, урматтуу шаардыктар! Бул үчүн 11-декабрдагы шайлоодо СИЗДЕРДИН КОЛДОО керек. Бишкектин тагдырын бизге ишенип тапшырсаңыздар болот!


Материал КСДПнын шайлоо фондунан каржыланды. Заказ берүүчү – КСДП. Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Надира Сатыгул кызы.
"Супер-Инфо" гезити, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү - 402, 02.12.2016. Нускасы – 84 500

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ariet.kaary90
2016-12-14 08:49:51
Биз убадага бай мамлектте жашайбыз!
+2
Kanzada97
2016-12-14 10:38:44
ишенбейм
+2
Bekbolot.akylbek
2016-12-15 09:16:16
2010 жылдан баштап 6жылда ушунча иш кылганынарды мактансанар ошондо 1жылда бир кочону асфальтап 15 рекламаны алып койсонор бир жылдык план толот экенда э бул айтып жатканынар бир айда кылына турган ишко 6 жылда эмес билбейм биз кайра силерге ишене турган болсок Кыргызстан эмес Бишкектин эле жакшынакай онугуп кетиши учун 60 жыл кутот окшойбуз
6 жылда ушунчада иш аткарып турсанар
0
admin_superstan
2016-12-15 11:01:18
A3A, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүгө тыюу салынат. Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан