ЖАЗ ТИБИНДЕГИ АЙЫМДАР

Мурунку сандарыбызда айымдар терисинин түсүнө жараша мезгилдерге бөлүнөрүн жазганбыз. Бул жолу жаз тибине кирген айымдарга визажист Замира Самидинованын кеп-кеңештерин сунуштайбыз.

Териңиздин тибин аныктаңыз

КҮЗ

Териси: теринин өңү саргыч боз, коло түстө болот
Көзү: жашыл, көк, күрөң түстө
Чачы: сары, күрөң, алтындай болуп кубулуп турат

КЫШ

Териси:
ак жуумал, кара тору
Көзү: кара, күрөң, көк, жашыл түстө
Чачы: кара, кара күрөң

ЖАЗ

Териси:
сары
Көзү: деңиздей көк жана жашыл
Чачы: ачык сары, ток сары, күрөң жана алтын түстө

ЖАЙ

Териси:
ак сары, саргыч боз келип, кызыл тартып турат
Көзү: көгүш жана күрөң түстө
Чачы: ачык күрөң, буудай түстө болот

Макияж

Сырткы келбетке кам көрүүдө кара жана кочкул кызыл, кочкул сыя, кара көк, жапжашыл түстөрдөн алыс болушу керек. Ошондуктан тандалган түстөр билинер-билинбес болсо, боёнгонуңуз анчейин байкалбайт. Макияж жүзүңүздөгү кемчиликтерди гана жашыруу үчүн эмес, сулуулугуңузду арттыруу үчүн керек.

Көзгө арналган карандаш – күрөң, жашыл


Тушь
– күрөң


Тоналдык крем
– буудай жана агыш түстөр сунушталат. Ал эми саргыч боз сунушталбайт, анткени бул түс терини бозомук кылып көрсөтөт.


Тень
– янтарь, жашыл, саргыч боз, хаки, көгүш түстөр көздү бакырайтып, күлүп тургандай көрсөтөт. Кара, кочкул сыя жана кара көк түстөр болсо көздү муңайыңкы тарттырып, жарашыксыз кылат.


Эндик
(румяна) – шабдалы же коралл түсүндө


Помада
– ачык күлгүн, коралл, саргыч, кызыл өңдөр жакшы жарашат. Кочкул кызыл, сыя түстөр жарашпайт.

Төмөнкү сунуштарды эстеп калыңыз:

  • Бир эле мезгилде көздү жана кашты да кара түскө боёодон алыс болуңуз.
  • Макияж жасаганда оозго же көзгө гана басым жасоо керек.
  • Подводканы ичке жана учун кыска кылып чийүү кажет.

Жарашыктуу түстөр жана кийимдер:

Боз – негизги түстөрдүн бири. Ал бардык өңдөр – сары, кызгылт сары, жашыл, көгүш, күлгүн, ачык түстөр менен айкалышат. Ал эми кара жана аппак түстөр бырыштарды, тактарды, темгилдерди даана көрсөтүп, жашыңызга жаш кошот.
Кийимдин фасону жөнөкөй жана бир өңчөй түстө болсо, өз стилиңизди тапкан болосуз. Мындан тышкары кэжуал жана спорттук стиль жарашат. Эгерде сүрөтү бар кийимдерди кийүүнү кааласаңыз сызыкча, чатыраш же сүрөттөрү майда болгондорун тандаңыз.

Аксессуарлар:


Жаз тибиндеги айымдардын кутучасындагы эң башкы атрибут – алтын жасалгалар. Ошондой эле агыш түстөгү бермет шурулар. Күмүш жана күмүш түстүү башка металлдардан жасалган аксессуарларды колдонуу сунушталбайт.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан