MEGACOM АЛДЫДА

2016-жыл MegaCom компаниясы үчүн жемиштүү болду. Дегенибиз, аталган компания жыл сайын өткөрүлүүчү #OneMagazine AWARDS 2016 тандоосу "Жылдын мобилдик оператору" жана «Жыл тандоосу» эл аралык сынак-фестивалынын жыйынтыгында №1-мобилдик оператор болуп табылып, удаасынан жогорку даражадагы эки сыйлыктын ээси болду. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында сыйлык Кыргызстандын мобилдик тармагынын көч башында келе жаткан MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловго тапшырылды.

MEGACOM – ЖЫЛДЫН МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ

Сурамжылоо OneMagazine интеллектуалдык журналы тарабынан жүргүзүлүп, ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында MegaCom #OneMagazine AWARDS 2016 версиясы боюнча "Жылдын мобилдик оператору" болуп табылды.
«Бул жеңиш баарынан мурда биздин мега-командабыздын түйшүктүү эмгегинин үзүрү, өнөктөштөрүбүздүн жана да, албетте, абоненттерибиздин ишеними. Сыйлыкка татыктуу экендигибиз кардарларыбыз тарабынан аныкталгандыгы бизди өзгөчө кубандырат. Жакында эле MegaCom №1-мобилдик оператор наамына татыктуу болду. «Жыл тандоосу» фестиваль-сынагынын алкагында өткөрүлгөн сурамжылоодо көптөгөн мекендештерибиз бизге ишеним көрсөтүштү. Бул демибизге дем кошору бышык. Мындай сыйлыктар абоненттер тарабынан артылган ишеничтин жогорку деңгээлин аныктап, компаниянын мыктылардын мыктысы экендигин дагы бир ирет тастыктап турат. Эмгегибизди жогору баалаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!»- деп белгилей кетти сыйлоо аземинде сүйлөгөн сөзүндө Азат Базаркулов.
Мекенибиздин белгилүү инсандары, бизнес-компаниялардын топ менеджерлери, атактуу артисттер жана коомдук ишмерлер салтанаттуу кеченин меймандары болушту. Салтка айланып калган иш-чарага жылды ийгиликтүү жыйынтыктаган мекендештерибиз, өлкөбүздүн бизнес-компаниялары, демилгелүү долбоорлор катыша алышат, ал эми жеңүүчүлөр журналдын сайты аркылуу элдик добуш берүүчүлөрдүн добуштары боюнча аныкталат.

MEGACOM – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ №1-МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ

Дагы бир жагымдуу жаңылык! Кыргызстандагы «Жыл тандоосу» эл аралык сынак-фестивалынын жыйынтыгында MegaCom №1-мобилдик оператор болуп табылды. Бизнес-элиталарга сыйлык тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда болуп өттү.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, алар 15 жылдан ашык убакыттан бери жылдын эң мыкты товарлары менен кызматтарын тандап келишет. Алардын пикиринде, жылдан жылга продукциялардын сапаттары өсүп, атаандаштык күчөп келүүдө. Айрыкча быйылкы жылы атаандаштык катуу болгондугу сезилди. Катышуучулардын жыйынтык баалары көп деле айырмаланган жок. «Бул таң калычтуу эмес, анткени кызмат көрсөтүүнүн деңгээли, сапаты өсүүдө. Ар бир номинация боюнча керектөөчүлөрдүн, эксперттик кеңештин жана жогорку калыстар тобунун комплекстүү добуш берүүлөрүндө эң көп упай топтогондор жеңүүчү аталышты»,- дейт уюштуруучулар. Сурамжылоо «Эл-Пикир» коомдук пикирди иликтөөчү борбору тарабынан жүргүзүлдү. 2016-жылдагы сезондун долбоорунун расмий аудитору – «Кыргызаудит» Аудитордук-консалтингдик ишканасы ЖАКсы.
«MegaCom`дун бардык абоненттерин жалпы жеңишибиз менен куттуктайм, алардын берген жогорку баасына жана көрсөткөн ишенимине ыраазычылык билдирем. Биз жаңы тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгууда абоненттерибиздин каалоосун ар дайым эске алабыз, биз үчүн сиздердин пикириңиздер маанилүү. Дайыма тейлөө сапатын төмөндөтпөй, жогору кармоого аракет кылабыз. Ал эми бул жеңиш компанияны мындан ары дагы талбай эмгектенип, дагы жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат!»- деди MegaCom компаниясынын коммерциялык жетекчиси Нурбек Ишекеев.
Белгилей кетсек, MegaCom бүгүнкү күндө өлкө боюнча дайыма инновациялык мобилдик кызматтарды киргизип жаткан лидер болуп саналат, азырынча Кыргызстанда буга теңдеш компания жок. Өлкөнүн эң алдыңкы бизнес-түзүмдөрү ыңгайлуу жана пайдалуу байланыш үчүн MegaCom`ду тандагандыгы буга айгине. Өнүгүү жолунда келе жаткан компания 10 жылдан бери ардагерлерге, балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүп, спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Телекоммуникациялык тармак боюнча эң көп салык төлөөчүлөрдүн көч башында келе жаткан мобилдик оператор Кыргыз Республикасындагы жумуш менен камсыз кылуучу эң ири компаниялардын да бири болуп саналат десек жаңылышпайбыз.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
melko6070
2016-12-14 11:15:01
Бирок Мегакомдо кымбат баары интернет тарифке отуу
+1
Ryskulova
2016-12-14 16:16:00
Тушуно бербей , мен телофонду билгенден баштап биллайн колдоном
+1
nur007mir009kg
2016-12-15 08:47:43
Мен Мегаком колдончумун ал кымбат. Эми О! тарифине оттум. Арзан каалаганча колдоносун интернетти.
+2
munduz2016
2016-12-20 08:53:51
Мегаком кымбат компания болсо да колдоном интернетке.Себеби билайн станциясы бизге келе элек.
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан