11-ДЕКАБРЬ – КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА РЕФЕРЕНДУМ

Төрт күндөн кийин өлкөбүздө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өтөт. Бул референдумдун мурдагылардан кандай айырмасы, аны өткөрүүнүн кандай зарылчылыктары бар?

КЫРГЫЗСТАН – КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖАНА АДАМ УКУКТАРЫН САКТАГАН МАМЛЕКЕТ

2010-жылдагы Апрель революциясынан бери карай мамлекетте авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу жоюлду. Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда мамлекеттин көз карандысыздыгын эл аралык уюмдардын колуна кармата берүү коркунучу бар экендиги билинди. Мына ушул жагдай Конституцияны өзгөртүү демилгесинин негизги себептеринен болууда.
Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү "эл аралык келишимдер унутта калат" деген кооптонууну айтып жатышат. Бирок ал кооптоно турган жагдай эмес. Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укукту колдонуу мыйзамдар жана эгемендикти эске алуу менен аныкталат. Демек, адам укуктары боюнча эл аралык органдар Кыргызстанга өз чечимдерин таңуулоо укугуна ээ болушпайт.
Ошол эле убакта адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери – жогорку баалуулуктар болуп саналат. Демек, эл аралык уюмдардын чечимдери таңууланбай калган күндө деле Кыргызстанда адам укуктары бузулбайт.

МАМЛЕКЕТТИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА КАРШЫ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДЫН МӨӨНӨТҮ ЭСКИРБЕЙТ

Буга чейин бардык кылмыштардын эскирүү мөөнөтү бар болчу.
Эми жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, геноцид жана экоцид боюнча кылмыштарга, мындан тышкары "Кумтөр" кенин иштетүүдө жасалган кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтү алып салынат.
Дагы бир өзгөртүүгө ылайык, адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу конституциялык мыйзамдардын чегинде ишке ашат. Демек, бийлик өзүнө жакпаган саясатчыны жарандыгынан ажыратып, куугунтукка албайт.
Кыргызстан адам укуктарын бардык жагынан коргоого алган мамлекет болууга кадам таштап жатат. Маселен, келишимдик милдеттенмелерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга болбойт.
Кыргыз тилинин өнүгүшү жана үй-бүлөлүк бакыт Кыргызстандын мамлекеттик өзөгү болууга тийиш
Кыргыз тили мамлекеттик тил деген статусту алганына чейрек кылымдан ашты. Бирок статусуна заты жарашпай келе жатат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча кыргыз тилинин жана маданиятынын өнүгүшүнө мамлекет камкордук көрөт. Кыргызстан көп улуттуу өлкө, бирок мамлекеттин негизин түзүп турган улут – бул кыргыз эли. Андыктан кыргыз тилинин, маданиятынын өнүгүшү жалпы кыргызстандыктар үчүн маанилүү болууга тийиш. Муну менен башка улуттардын тили басмырланбайт, башка улуттарды өз тилиңерде сүйлөбөгүлө деп эч ким басым жасабайт. Болгону мамлекеттин түркүгү болуп турган кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси жөнгө салынат.
Мындан тышкары учурдагы Конституцияда бир жыныстагы сексуалдык карым-катыштагылардын никеге катталуусуна жол ачылып калганы да ашкере болгон. Үй-бүлө – бул кичинекей мамлекет. Кичинекей мамлекет туура түзүлсө, демек, жалпы мамлекет да туура жолдо бараткан болот. Андыктан Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлө эркек менен аялдын ыктыярдуу никесинин негизинде гана түзүлөт.

БИЙЛИК БУТАКТАРЫНДАГЫ БАЛАНС КАНДАЙЧА САКТАЛАТ?

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн башкы максаттарынын дагы бири – бул бийлик бутактарынын ортосундагы балансты сактоо, өкмөттүн туруктуулугун камсыз кылуу.
Маанилүү учурларын санап өтөлү, биринчиден: Президент соттордун өздөрүнүн сунушу менен эмес, Тартип комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот. Экинчиден, Коргоо кеңешинин аталышы "Коопсуздук кеңеши" деп өзгөртүлөт. Президент анын башчысы болуп кала берет. Президент Республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдарга, Премьер-министр мындай мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө кайрылган учурларынан тышкары милдеттүү түрдө кол коёт. Президенттин милдетин аткарып жаткан адам Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү отставкага кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер боло албайт.
Бул өзгөртүүлөр аркылуу Премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Маселен, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын өзү дайындап жана кызматтан бошотуу укугуна ээ болот. Ошол эле убакта Коргоо жана коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринен сырткары ведомстволордун жетекчилерин кызматтан бошотуу демилгесин көтөрөт. Эгер Президент 5 жумушчу күндүн ичинде жарлык чыгарбаса, анда Премьер парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешип ведомство жетекчилерин кызматтан бошото алат.
Мындан сырткары Премьер-министр жана Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка келгендер Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттарын сактап калат. Ошентип Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосундагы карым-катыш бекемделет.
Мындан сырткары сот системинин жана Баш прокуратуранын ишмердүүлүктөрүн жакшыртуу багыттарында да өзгөртүүлөр бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан