«РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТ» ӨЛКӨНҮ БАШКАРУУНУН САЯСИЙ СТИЛИН ӨЗГӨРТӨ ТУРГАН ПАРТИЯ!

Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу шайлоочулар!
11-декабрь – Кыргызстандын 22 шаары үчүн маанилүү күн. Ар бир тургун өз шаарынын келечеги үчүн тандоо кылганы турат. Ал эми келечектин кандай болору сиздердин добушуңуздардан көз каранды! Кыргызстандын келечеги кең. Бизде анын татыктуу келечегин куруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Биздин «Республика-Ата Журт» командасы сиздердин гана колдооңуздар менен ар бир тармакты олуттуу реформалай алабыз деп ишенимдүү айта алабыз.
Биз сиздер менен биргеликте жашообузду жаркын жакка өзгөртө алабыз!
Бүгүн «Республика-Ата Журт» партиясы 2010-жылдагы жаңы түзүлгөн партиядан алда канча башка. Бүгүн биздин партия жалпы эл үмүт арткан, элдин жүгүн көтөрө ала турган олуттуу саясий уюм. Бизден жарандар чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Андыктан моюнубузда кандай милдет, кандай чоң жоопкерчилик турганын жакшы түшүнөбүз.
Бир адамдын көңүлү калса – бул абдан жаман, ал эми бүтүндөй элдин көңүлү калса – бул трагедия! Биздин партия бийликте болобу, оппозицияда болобу, эң башкысы, эл алдында берген убадаларыбызды эч качан унутпайбыз. Бардык айтылган сөздөр үчүн жооп берүүчү убакыт келет. Башкысы ошол учурда эл алдында уят болбошубуз керек.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгүнө жана дагы башка аткарып жаткан иш-аракеттерине көз чаптырып көрсөк, биздин айта турган сөзүбүз бар жана уяла турган жөнүбүз жок! Себеби шайлоо алдында айткан убадаларыбыздын дээрлик жарымын ишке ашыра алдык, буюрса, мөөнөтүбүз аяктагыча калгандарын да аягына чыгарабыз деп убада берем!
Мен шаардык кеңештердеги биздин фракциялар тарабынан аткарылган иштерди да баса белгилеп кетким келет. "Республика-Ата Журт" фракциясы көп көйгөйлөргө бийликтегилердин көңүлүн бура алды. Эч качан чечилбей турган маселе болбойт, туура көз караш менен баамдаса, ар бир маселени чечүү жолдору сөзсүз табыларын далилдей алдык.
Баса белгилей турган нерсе, "Республика-Ата Журт" партиясы – бул мамлекетти башкаруунун саясий стилин өзгөртө турган партия! Биздин партия олуттуу реформаларды жасай турган партия! Партиянын күчү – бул анын туруктуу өнүгүшүндө жана өзөгүндө! Ал эми партиянын өзөгүн – анын мүчөлөрү, бизди колдогон тарапташтар жана жалпы журт түзөт.
"Республика-Ата Журт" партиясы саясий аренада жаңы кадрларды даярдап чыга алды. Азыркы бир нече партиянын лидерлери өз саясий жолун так ушул биздин партиянын катарында баштагандыгы жашыруун эмес. Бул да болсо жакшы жөрөлгө, саясий атаандаштык ар дайым болуп турушу керек. Анткени атаандаштык бар жерде өсүп-өнүгүү бар, дайыма көз караштардын, ой-пикирлердин, идеялардын күрөшү жүрүп турат. Саясий аренада монополизм болбошу шарт, бир партиянын монополиясы кандай жыйынтыктарга алып келерин биз 2010-жылы өлкөнү революцияга чейин жеткирген "Ак жол" партиясынын мисалында жакшы билебиз.
«Республика-Ата Журт» партиясынын ар бир талапкери биздин башкы максат олуттуу реформалар экендигин жакшы билет жана так түшүнөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн сап башында жумушсуздук эмес, коррупция турарын билебиз. Ошондуктан биздин партиянын жолу – парасыз жол деп ишенимдүү айта алабыз! Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан партиялаштарым да ушул негизги принципти туу тутат!
«Республика-Ата Журт» партиясынын депутаттары курулай сөз, сын айтуу менен алек болбой, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү, эффективдүү жолдорун сунуштап, өнүгүү үчүн ар кандай ыкмаларды изденүү аракетинде болот. Биз башкалар көрбөгөн чечимдерди сунушташыбыз керек! Мен өлкөнү өнүктүрүү үчүн таптакыр башкача, жаңы, бирок таасирдүү чечимдерди табабыз деп терең ишенем!
Биздин партия кыймылдаткыч экендигин убакыт жана биз жасаган иштер таасын көрсөттү. Биздин идеялар аткаминерлерди туура жана таза жолдо иштөөгө мажбурлайт. Бул биздин эң башкы багыт жана аны акырына чейин карманабыз!
Албетте, башкалардай болуп, ара жолдо деле жүрө берсе болот. Бирок "Республика-Ата Журт" партиясынын депутаттары Кыргызстандын тарыхын жасап, элдин эсинде жалаң жакшы иштери менен калышы керек! 2010-жылы келген Жогорку Кеңешти эстеп көрөлүчү, андан бери болгону 6 жыл өттү. Элдин эсинде көп болсо бирин-серин гана эл өкүлү калды. Анткени бир нече гана депутат сын-пикир эле айтып, пиар менен алектенбей, иш менен алек болду. Саналуу гана депутат реалдуу иш-аракеттерди сунуштап, көзөмөлдөп жана бүт системаны иштөөгө мажбурлап турду. "Республика-Ата Журт" партиясынын командасы – бул ири долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу шаарларды гана эмес, бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүү менен тарыхта кала турган адамдар экенине терең ишенем! "Республика-Ата Журт" партиясынын талапкерлери өлкөнү алдыга сүрөй тургандар экендигине көзүм толук жетет!
Бирок алдыдагы улуу милдетти аткаруу үчүн чоң команда керек. Эгер «Республика-Ата Журт» партиясы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо ири курам менен жеңишке жетишсе, өлкөнүн бардык тармактарында олуттуу реформаларды жүргүзө турган күчкө ээ болот.
Биз айттык – биз аткардык! Жана айта турган жаңы сунуштарыбыз да бар! Биздин партиянын программасы бүтүндөй өлкөнүн жашоосун өзгөртөт!
Бишкек, өзгөрүү үчүн добуш бер! Бишкек, ири экономикалык өнүгүү үчүн добуш бер! Бишкек, «Республика-Ата Журт» партиясы үчүн добуш бер!
Терең урматым менен,

Өмүрбек Бабанов

Материал "Республика-Ата Журт" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды. Заказ берүүчү – "Республика-Ата Журт" партиясы. Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Бакытова С.Б.
"Супер-Инфо" гезити, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү-402, 09.12.2016. Нускасы – 84 500

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nurbek_kgz
2016-12-15 00:15:41
Менин жеке пикирим Бабановдун президент болушун каалайт элем....
-1
jaskaaa
2016-12-15 12:51:32
nurbek_kgz,мен дагыы. Бабановдон умутум чооон!
0
admin_superstan
2016-12-15 10:58:11
nurik838383, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүгө тыюу салынат. Эскертүү!
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан