Бойдоктор бурчу
Сүйүү ырларын созгондордун арасында жаш ырчы мырза бар. Ал – Өзгөндүн өрт жигити Дайыр Исмадияров. Көпчүлүк кыздар Дайырды корейлерге окшоштуруп сүйүп келишет. Эмесе, кыздар, “Бойдоктор бурчунда” корей эмес, кыргыз жигити Дайыр конокто.
“МҮНӨЗҮМ ШАЙЫР, БИРОК КӨК БЕТТИГИМ БАР”
– Өзүм абдан шайырмын. Ушул мүнөзүм жүзүмдөн да байкалса керек. Кээде капа болуп турсам да, ал нерсе өңүмдөн байкалбайт. Ушундан улам жамандык болгон жерге барсам айрымдар “бул эмне жыргайт?” деп ойлоп калышат болуш керек. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, өтө эркемин, анан көк бетмин. Бирөө менен таарынышып кетсем, эгер көңүлүмдү абдан оорутса, ал адам менен такыр сүйлөшпөй коюшум мүмкүн. Бирок жакындарым менен эмес. Кыскасы, өжөрмүн. Алдыма эмне максат койсом, ага жетмейинче жаным жай албайт.
“КЫЗДАР КӨЗҮМДҮ ЖАКТЫРЫШАТ”
– Келбетим боюнча айтсам. Кудай ай, эмне мынча сулуумун дебейминби. Тамаша, албетте. Көчөгө чыгарда күзгү алдында көп деле турбайм. Ашып кетсе 10 мүнөт. Сахнада болсо оозумду, көзүмдү боёбойм. Өзүмдү сексуалдуумун деп эсептейм. Ал эми көпчүлүк кыздар “сенин көзүң...” деп көзүмө арбалышат го. Бирок көзүм өзүмө жакпайт.
“МУЗЫКА ЖАНА МЕН”
– Кээде тамашалап, менин атым эле «дай, ыр» деп айтып турат дейм. Кай жерде жүрбөйүн, кыңылдап эле ырдап жүрө берем. Бирок обон жаратып көрө элекмин. Ырчылыкты хобби деп да, кесип деп да атабайм. Кесип дейин десем, музыкалык билимим же дипломум жок. Хобби дейин десем хоббим эмес. Музыка – жөн гана жашоомдун бир бөлүгү. Достор менен той-тамашада отурганда ырдабайм. Кайра алардын мага ырдап берүүсүн өтүнөм.
“КЫЗДАРДЫН ЭРИНДЕРИН ЖЕЙ ТУРГАН НЕРСЕДЕЙ ЭЛЕСТЕТИП...”
– Сүйүү мага келе элек. Болгон, бирок тоок сүйүүлөр да. Түнү менен уктабай, ал кыз менен ээрчишип жүргөнүмдү элестетип толкунданып дегендей... Ал эми алгачкы өбүшкөнүм эсимде. Өбүшөт десе эле мен кыздардын эриндерин жей турган нерседей элестетип алган экенмин...
Достукка бекеммин. Продюсерим Канат Кадыржан – жакын досум. Кыскасы, досторум көп. Анын арасында кыздар да бар. Эгер телефонумдун номерин алмаштырсам, сөзсүз түрдө күйөрман кыздарга кабарлайм. Кызыгы, күйөрман кыздар алгач сүйүүсүн арнап киришет, бирок аягында дос болуп калабыз.
“БОЛОЧОКТОГУ ЖУБАЙЫМ...”
– Мага жөпжөнөкөй, өтө арык да эмес, өтө толук да эмес келбеттеги кыздар жагат. Өтө шайыр кыздардан бат тажап кетем. Болочок жубайым биринчи кезекте сексуалдуу болушу керек. Анткени секс үй-бүлөнү бекемдейт да. Кудайдын бергени дечи, бирок 2 кыз, 2 уулдуу болсом дейм.
Буюрса, Нарындагы концертимден соң түштүктү түрө кыдырып, 12-13-апрелде Ошто, 14-апрелде Мырзакеде концерт бергени жатам. Ким билет, балким, болочок жубайымды концертимден таап калаттырмын.
Кара көз сулуулар, Дайыр «бир жылдан кийин үйлөнөм» дейт. Өзгөн палоосун басып, көк чайын Дайырга сунгуңуз келсе, Ismadiarov@mail.ru электрондук почтасы аркылуу байланышыңыз.
Бурул Исмаилова
star@super.kg