Жылдыздар турмушунан
Атактуу “Кыз-Бурак” тобунда ырдап таанылган Айпери Сыдыкованын топтон эмне себептен кеткени, негизи эле ортодогу чыр-чатак тууралуу маек курдук. Айпери тууралуу сураганыбызда Гүлшайыр Садыбакасова да өз пикирин билдирди.
Айпери Сыдыкова: “КЫЗ-БУРАККА” ЭМЕС,
ӨЗҮМӨ КЫЗМАТ КЫЛГЫМ КЕЛДИ”
– Айпери, саламатсыңбы? “Апакай ак куу” аттуу ырыңа клип тартып жатат деп уктум эле...
– Саламатчылык. Ооба, буюрса, клип тартылып бүттү. Бул менин жеке ырчы катары аткарган ырыма тартылган алгачкы клибим. Аны өзбек режиссёру Тахир Макситов тартты.
– “Апакай ак куудан” башка дагы ыр жаздырдыңбы?
– Ооба, “Таарынба тагдырга”, “Сагындым” аттуу эки ыр жаздырдым.
– “Кыз-Бурак” тобунда ырдагандан жеке ырдоонун айырмасы бар бекен?
– Албетте, айырма бар. Жеке ырчы катары ырдоонун мага эмнеси жакты? Эркиндик. Жөн гана эркиндик эмес, толук эркиндик. Мага бирөө келип “саат мынчага бул жакка барышың керек” деп айтпайт. Ырдагым келсе, барып ырдайм. Эгер жакпаса барбайм. “Муну кыл, тигини аткар” дегендер жок.
– Топтон эмне үчүн кеттиң?
– Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө самаган кыялы болот эмеспи. Менин кыялым – жеке ырчы болуп, атымды таанытуу болчу. Ал эми “Кыз-Буракта” топтун атына иштейсиң. Мен болсо өзүмдүн атыма иштегим келди. 4 жылдын ичинде аталган топтон көптөгөн тажрыйба топтоп, сабак алдым. Бул үчүн Гүлшайыр, Кенже эжелерге рахматымды айтам.
– Топтон кетерде жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага себебин эмне деп түшүндүрдүң эле?
– Топтон кетүүнү өзүм көптөн бери каалап жүргөм. Бирок эмне деген себепти айтарымды билчү эмесмин. Мүмкүн, себебин айтпай иштен кетип калганым менин катачылыгым болгондур. Бирок муну чоң күнөө деп эсептебейм.
– Келишимди бузганың чынбы?
– Биз расмий түрдө келишим түзгөн эмеспиз. Бул сөз оозеки айтылып келчү. Эгер келишим менен иш баштаган болсом мени жумушка албайт эле. Себеби анда мен 17 жашта болчумун. Топко келгенде 5 кыз мени менен чогуу келген. Мисалы, Гүлбахар, Мирана жана башкалар. Баарыбызга оозеки “он жыл иштешиңер керек” деп эле айтылган. Анан да “материалдык жактан бул кызга каражат жумшадык” деп айтышууда. Мен аларга 4 жыл иштеп бердим да. Менин иштеп тапканым кийимиме, бирдигиме, күнүмдүк баскан-турганыма эле жетчү. Баары эле так эсептелди деп ойлойм.
– Билишимче, топтон кеткениңе эки жыл болду. Чыгармачылыкта көбүрөөк тыныгуу кылган жоксуңбу?
– Топтон чыккандан кийин эле өзүнчө ыр жаздырып ырдап чыксам болмок. Даярга тап болуп чыгып алгандай болбоюн деп бир аз тыныгуу жасап, анан кайра нөлдөн баштайын деп Орусияга кетип калгам. Ал жакта ресторандарда ырдап, иштеп жүрдүм. Ошентип, эки жыл өтүп кетти.
– Ырчылык сен үчүн кесиппи же...
– Жок, кесип эмес. Бул мен үчүн хобби. Өзүм үчүн эле ырдап рахат алам. Бийликтеги адамдын креслосун алып коюшу мүмкүн, ал эми адамдагы талантты алып коюуга болбойт. Ошондуктан талантымды эч ким ала албасына ишенип, аны өстүрүүгө даярмын.
– Айпери, сага ийгилик. Алдыга койгон максатың ишке ашсын.
Гүлшайыр Садыбакасова:
“АЙПЕРИДЕЙ ЧЫККЫНЧЫНЫ КЕЧИРБЕЙБИЗ”
– Бир кезде Айпери Сыдыкова деген ысымды эч ким билчү эмес. Биз аны миңдеген кыздын арасынан сууруп чыгып ырчы кылганбыз. Аны таптап, тарбиялап топко кошконбуз. Ага сабак берип, канча каражат кетирдик. Бир кызды ырчы кылыш үчүн акыл каражатың да, акча каражатың да сарпталат. Мисалы, бир кызга вокалдан сабак бериш үчүн бир жылга мугалимге 40 миң сом, сахна маданиятын үйрөтүүгө да 40 миң сом кетет. Андан тышкары бир ыр сөзү, обону менен аз дегенде 12 миң сом турат. Аны аранжировкалоо 8 миң сом, ал эми 1 клип тартуу болбоду дегенде 1000 доллар. Сахна кийимин тиктирүү 20 миң сомду чапчыйт, ал эми 1 эле фотосессия 15 миң сом. Бул саналган сандар сарпталган каражаттын чети эле.
Айпериге 5 ыр жаздырып, клип тарттырганбыз. Жогорудагы сумманы көбөйтсөң канча акча? Ал эми популярдуу кылыш үчүн белгилүү ырчы менен ырдатуунун өзү жок дегенде 500 доллар. Биз Айжамал Кабылованын “жок, ырдабайм, жакпайт бул кызыңдын келбет-мүчөсү” деген каршылыгына карабай дуэт ырдаттык. Айжамал менен ырдаган “Ак куулардын арманы” аттуу ыр бул кызды кандай популярдуу кылган. Анан ушунун баарын ойлоп уялып, бети кызарышы керек го.
Айперинин бул жоругун чыккынчылык деп эсептейм. “Кыз-Бурактын” тарыхында мындай чыккынчы чыккан эмес. Айперидей чыккынчыны кечирбейбиз. Ортодогу түзүлгөн келишимди бузду. Келишим расмий түрдө түзүлгөн. Силерге өзү кол коюп берген келишимдин көчүрмөсүн көрсөтө алам. Миң ырдагысы келсе да, тымызын кетпей батамды алып, уруксат сурап кетсе болот эле го. Кеткенде да унчукпай кеткен. Башында даярдыктарга такыр келбей, 3-4 ай өткөндөн кийин апасы тортун, бир сумка токочун көтөрүп алып “кызымды бир жылга Москвага жөнөтүп жатам. Өзүңүз билесиз, жашоо шартыбыз начар, бир аз каражат таап келсин. Келген соң кайра топтон ишин улантат” дегенинен кийин макул деп жөнөткөнбүз.
Орусиядан келгенден кийин өзүнчө эле ыр жаздырып, аларды радио-телевидениеге тараткан экен. Келишимди бузуп кеткенден кийин да топтун ички жобосу боюнча чоң айып төлөнөт. Сотко берсек материалдык да, моралдык да каражатты төлөп берет. Сотко берүү үчүн тиешелүү кагаз топтолду. Мен каражатты өндүрүп алуу үчүн эмес, мындай жорук башкаларга сабак болушу үчүн да сотко берем.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg