КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ БУТ КИЙИМДИ КҮТҮҮ

ЗАМША БУТ КИЙИМДЕРИН ҮЙ ШАРТЫНДА ТАЗАЛАЙБЫЗ

Замша бут кийимдерин алгач бөлмө температурасында кургатып алуу керек. Бут кийим тазалоочу щётка жок болсо, тиш щёткасы же идиш жууган губка менен кургаган бут кийимди сүрсө чаң оңой эле тазаланат. Айрым учурда суу тийгенден кийин замша бут кийимдери агала болуп калат. Мындай тактарды тазалоо үчүн губканы же щётканы уксус (9 пайыз) менен нымдап, агала болгон жерлерди сүртүү зарыл. Андан кийин ным чүпүрөк менен бут кийимди сүртүп, бөлмө температурасында гана кургатуу кажет. Кургатууда эч качан жылыткычтарды колдонбоо керек.

БУТ КИЙИМДИ КУРГАТАБЫЗ

Суу болгон бут кийимдерди үй шартында тез кургатуу үчүн кадимки эле чач кургаткычты (фен) колдонсоңуз болот. Ошондой эле кагаз, гезит, салфеткаларды тоголоктоп бут кийимдин ичине салып коюңуз. Кагаздар нымды өзүнө сиңирип алат. Кагаздарды 2-3 жолу алмаштыруу керек.
Мындан тышкары аш тузун казанга ысытып, байпакка салабыз да, бут кийимдин ичине салып коёбуз.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
A3A
2016-12-14 19:11:55
Болдубу?
+3
mery.89
2016-12-15 10:40:35
Ото коп жазып койбодунарбы?
+7
radroy
2016-12-15 19:53:17
Мен бут кийим сатам пайдалуу кенеш экен
+1
jama9210
2016-12-16 20:32:34
Апей ботом буттубу? Иии жерге киргир коп нерсе барго деп кире калса... Поражняк
0
Daniel01
2017-02-19 23:10:43
Жакшы кенеш экен
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан