2017-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Амбициялуу Маймылдын ордун 2017-жылды ийгиликтүү, эсте каларлык кыла алчу Оттуу Тоок басат. Келе жаткан жыл кимге жаңыланууну, кимге ийгиликти, кимге сүйүүнү тартуулайт? 2017-жылга карата астротөлгөнү караңыз...

КОЙ (21.03-20.04)

КОЙ-ЧЫЧКАН
Бул жыл сиз үчүн өткөн жылга салыштырмалуу кирешелүү болот. Жөндөмдүүлүгүңүздү туура пайдалансаңыз, акча агылып келет. Жашооңузда жаңы адамдар пайда болуп, сиздин чөнтөгүңүздүн кампайышына же карьералык тепкичте жогорулашыңызга алардын жардамы тиет. Жеке жашооңузда жакын адамдарыңыздын каалоолорун аткарганга аракет кылыңыз. Бул жылда андай мүмкүнчүлүктөр көп жаралат.

КОЙ-УЙ
Бул жыл сиз үчүн кубанычка толгон жыл болот. Жаңы таанышуулар жалаң жакшы эмоциялар жана сиз үчүн мыкты жыйынтыктар менен коштолот. Башка өлкөгө саякаттап келүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Жеке жашооңузда, үй-бүлөдө бардыгы мыкты болот. Мерчемдеген иштериңиз ойдогудай ишке ашып кубантат. Жыл ортолоп каржылык жактан бир аз кыйналышыңыз мүмкүн.

КОЙ-ЖОЛБОРС
Каржы жаатында бардыгы ойдогудай болот. Бирок алдамчылардан сак болуңуз. Ийгиликке жетүү үчүн жумушуңузду которуп же башка жакка көчүүгө туура келиши мүмкүн. Жеке жашоодо позитивдүү эмоция ашып-ташып турмакчы. Майда-барат көйгөйлөр болуп турат. Убагында чечүүгө аракет кылыңыз. Антпесе чогулуп отуруп чоң маселеге айланып ыңгайсыздык жаратат.

КОЙ-КОЁН
Максатыңызга жетүү үчүн жасап келген кадамдарыңыз текке кетпейт. Жыл башталгандан тарта эмгегиңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Эски таарынычтарды унутуп, өзүңүзгө кымбат адамдар менен мамилелерди жакшыртууга жакшы жагдайлар түзүлөт. Жеке жашоодо лидерликти колго алсаңыз, бардыгы сиз ойлогондой болот. Бул жылы сизге сын айткандар көп болушу мүмкүн. Көңүл бурбаңыз, айрымдары жөн эле сизге ичи күйүп жаткандар.

КОЙ-БАЛЫК
Карьераңызда чукул бурулуштар болушу күтүлөт. Ал бурулуштар жакшылыктарга жетелейт. Кирешеңиз көбөйөт. Анча-мынча көйгөйлөр жаралып чарчатат. Жеке жашооңузда да өзгөрүүлөр күтүлөт. Сүйүктүүңүз менен ажырашууңуз мүмкүн. Досторду, жакындарды таарынтып алуудан сак болуңуз. Жай айларында горизонтто жаңы күйөрмандар пайда болот.

КОЙ-ЖЫЛАН
Саргара жортсоңуз, кызара бөртөсүз. Бул жылдагы ийгиликтердин баары сиздин эмгегиңизге жараша болот. Чечкиндүү болуңуз, максаттарга жетүүгө мезгил келди. Жеке жашоодо таарынычтар орун алат. Балким, бул боюнча жагымсыз чечим кабыл алууга аргасыз болосуз. Интуицияңыз күч алып, бардык багытта туура тандоо кылганды үйрөнөсүз.

КОЙ-ЖЫЛКЫ
Жеке жашоодо романтикалык окуялар болору күтүлүүдө. Ал эми жумушта болсо жан тындырбай эмгек кылууга туура келет. Бирок жай айларында эле кылган эмгегиңиздин акыбети кайтып, жетекчилигиңизден мактоо сөз угуп, акчалай сыйланышыңыз мүмкүн. Жаңы таанышкан адамдар кеңеш бериши ыктымал. Алардын оюн четке какпай угуп коюңуз. Пайдасы тиет.

КОЙ-КОЙ
Жеке ишкерлик менен алектенүүгө ыңгайлуу шарт жаралат. Жумуш которууңуз да мүмкүн. Кирешеңиз көбөйөт. Бирок аны максатсыз коротуудан сак болуңуз. Жеке жашоодо бойдокторду үлпөт той күтөт. Үй-бүлөлүүлөрдө болсо баары жайында болот. Жаңы таанышуулар орун алат.

КОЙ-МАЙМЫЛ
Жакындарды таарынтып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Алардын ою менен да эсептеше билиңиз. Жаңы нерсени үйрөнүүгө шарт түзүлөт. Колдон чыгарбаңыз. Бардыгы ойдогудай сезилген күндө да сак болуңуз. Көп эмгек менен тапкан жетишкендиктерди жоготуп алуу коркунучу жаралат.

КОЙ-ТООК
Жеке жашоодо түшүнбөстүк орун алышы мүмкүн. Бардыгын жайгаруу сиздин колуңузда. Карьераңызда чоң секирик жасап, кызматтан жогорулайсыз. Капчыгыңыз калыңдайт. Аны менен катар жоопкерчилик да көбөйөт. Өзүңүздүн жеке ишиңизди ачуу үчүн да эң ыңгайлуу жыл.

КОЙ-ИТ
Өзүңүздү жаңыча көз караш менен карап, өзгөрүүгө бел байлайсыз. Кандай ишти баштасаңыз да ийгилик коштойт. Жети өлчөп, бир кескенди гана унутпаңыз. Чыгармачылык жөндөмүңүз жогорулайт. Жеке жашоодо түгөйүңүзгө көбүрөөк көңүл бөлсөңүз эле бардыгы ойдогудай болот.

КОЙ-ДОҢУЗ
Сиз үчүн абдан ийгиликтүү жыл. Үлпөт той, наристенин төрөлүшү сындуу сонун окуялар күтүлөт. Буга катар кирешеңиз да жогорулап, жумушта кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Айрым адамдардан кол үзүүгө туура келет. Бирок жаңы таанышуулар жагымсыз жагдайлардын баарын унуттурат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

БУКАЧАР-ЧЫЧКАН
Көп эмгек кылып, көп жумуш бүтүрөсүз. Иштермандыгыңыздын акыбети кайтып, жетекчилик орунга отуруп калууңуз ыктымал. Көптөн бери көрбөгөн эски досторго жолугууга шарт түзүлөт. Кандайдыр бир чечим кабыл алууда жакын адамдарыңыз менен кеңешиңиз. Алардын колдоосу күчүңүзгө күч кошот.

БУКАЧАР-УЙ
Чыгармачылык жаатта кызыгууңуз артат. Талантыңызды жашырбаңыз. Сизди жаңы ийгиликтер күтөт. Жеке жашооңузда жаңы адам пайда болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөрдө наристенин төрөлүшү күтүлөт. Көптөн бери самап келген кыялдарыңыз ишке ашат. Сиз үчүн жакшы жылдардан болот.

БУКАЧАР-ЖОЛБОРС
Адамдар менен тил табыша билүү жөндөмүңүз менен көп ийгиликтерди багынта аласыз. Бирок ар бир кадамды ойлонуп жасаңыз. Туура эмес жасалган кадам каржы жаатында маселе жаратып, беделиңизге доо кетириши мүмкүн. Андыктан түгөйүңүз, жакындарыңыз менен кеңеше жүрүүнү унутпаңыз.

БУКАЧАР-КОЁН
Жумуш абдан көп болот. Мунун айынан жакын адамдарга көңүл бурулбай калып, таарынычтар жаралышы мүмкүн. Көп эмгектенгендиктен акча маселеси көйгөй жаратпайт. Карьералык өсүү да күтүлөт. Жылдыздар убакытты туура пайдаланууну сунушташат. Ошондо жеке жашоодо да, жумушта да ийгилик жарата аласыз.

БУКАЧАР-БАЛЫК
Өзүмчүлдүктөн алыс болуңуз. Антпесе жакын адамдар да, кесиптештериңиз да сизден жүзүн буруп кетиши толук мүмкүн. Ишкерлик менен алектенип келген болсоңуз, ишенимдүү жана пайдалуу өнөктөштөр пайда болот. Каржылык маселе жаралбайт.

БУКАЧАР-ЖЫЛАН
Каржылык жаатта көп өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Бирок жеке жашоодо жаңы сезимдер орун алат. Мунун айынан сизде ыр жазуу, ырдоо сындуу таланттар ойгонушу мүмкүн. Бардыгын кубаныч менен кабыл алыңыз. Келечектүү жана пайдалуу сунуштар түшөт. Пайдаланып калсаңыз, арты жакшылык менен бүтөрү шексиз.

БУКАЧАР-ЖЫЛКЫ
Сиз үчүн ийгиликтүү жыл. Татаал сүйүү мамилелеринде чекит коюлат. Бул жылы бир катар жоопкерчиликтен кутулуп, эркиндик менен ырахаттана аласыз. Тобокелчиликтерге баруудан коркпоңуз. Сизди ийгилик коштойт.

БУКАЧАР-КОЙ
Өзүңүздү караңыз. Спорт залга, бассейнге барыңыз. Канчалык өзүңүзгө карасаңыз, ошончо ийгилик коштойт, сизди сыйлагандар көбөйөт. 2017-жыл – сиз жашоодон ырахат алып, эс ала турган убакыт. Акча маселесинде да бардыгы ойдогудай болот, кам санабаңыз.

БУКАЧАР-МАЙМЫЛ
Бул жылы сиз бардыгына жагасыз. Жетекчиңизге да, түгөйүңүзгө да, туугандарыңызга да. Анан калса сизге ашык болгондордун саны да көбөйөт. Болгону талыкпай эмгек кылыңыз. Жумуш которууну же башка жакка көчүп кетүүнү каалагандарга ыңгайлуу кырдаалдар түзүлмөкчү.

БУКАЧАР-ТООК
Капчыгыңыз кампаят. Бирок максатсыз колдонуп алууңуз мүмкүн. Тобокелчиликке салып көп эмгек менен тапкан каражатыңызды жоготуп алуу коркунучу жогору. Ишенген адамдар менен гана иш алып барыңыз. Жеке жашоодо гармония орун алып, сезимдер курчуйт.

БУКАЧАР-ИТ
Жалгыздыктын кучагында жүрсөңүз, быйыл сөзсүз түгөйлүү болосуз. Эгер үй-бүлөлүү болсоңуз, сиздин сезимдер дагы бир тепкичке көтөрүлүп, романтика көбөйөт. Жумуш боюнча пайдалуу сунуштар түшөт, материалдык абалыңыз жакшырат.

БУКАЧАР-ДОҢУЗ
Жакын адамдарыңыз менен урушуп-талашып мамилелерди солгундатып алууңуз мүмкүн. Кээ бир адамдар менен кол үзүшүп калууңуздар да ыктымал. Жаңы жумушту өздөштүрүп кетүүгө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Мунун артынан материалдык абалыңыз чыңдалат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

ЭГИЗДЕР-ЧЫЧКАН
Акчаңыз көбөйүп кетпейт, бирок азайбайт дагы. Жумушта да бардыгы мурункудай болот. Анткен менен жеке жашоодо ийгиликтер көбөйөт. Бул жылы башталган мамилелер шакек салуу менен аякташы толук мүмкүн. Жалгыздар түгөйлөрүн тапса, үй-бүлөлүүлөрдүн ынтымагы бекийт.

ЭГИЗДЕР-УЙ
Ийгиликтүү жыл болот. Бирок алдыңызга койгон максаттарга жан аябаган эмгек менен гана жетесиз. Капыстан эле ийгилик кушу колума конуп калат деп үмүттөнбөңүз. Жумуштун көптүгүнөн жакындарыңызга убакыт табуу маселе жаратат. Андыктан аларды күтүлбөгөн белектер менен кубантып турсаңыз болот.

ЭГИЗДЕР-ЖОЛБОРС
Сиз жакын деп эсептеп жүргөн адамдар чыккынчылыкка барышы мүмкүн. Мунун айынан бир топ кыжалаттанып, өзүңүздү жаман сезесиз. Талыкпаган эмгегиңиздин арты менен капчыгыңызды кампайтып, карьералык секирик жасоого мүмкүнчүлүк пайда болот.

ЭГИЗДЕР-КОЁН
Жашооңузду өзгөртүүгө бел байлайсыз. Балким, жеке ишкерлик кылууга аракет кыласыз. Дароо ийгиликтин үстүнөн чыга албайсыз. Бир топ кыйынчылыктарды басып өтүүгө туура келет. Баштаган ишиңиз жыл аягында гана жемишин берет. Жакындарыңызга жардам колун сунуп турууну да унутпаңыз.

ЭГИЗДЕР-БАЛЫК
Көйгөй артынан көйгөй чечүүгө туура келет. Чечим кабыл алууда жакындарыңыз жардамга келип, жүгүңүздү жеңилдетишет. Андыктан алар менен мамилени бузуп алуудан сак болуңуз. Максаттарга жетүү үчүн көктүк мүнөзүңүздү пайдаланууга туура келет.

ЭГИЗДЕР-ЖЫЛАН
Жашооңузда көп өзгөрүүлөр күтүлөт. Жок эле дегенде үйүңүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрөсүз. Жаңы таанышуулар жылуу мамилелерге алып келет. Жумушта көп эмгек жумшоого туура келет. Пайдалуу сунуштардын көп болушу капчыгыңызды калыңдатат.

ЭГИЗДЕР-ЖЫЛКЫ
Жеке жашоодо, карьерада бардыгы мурункудай туруктуу болот. Бирок каржы жаатында абал тегиз болбойт. Акчаңызды алдатып жиберүү же пайдасыз ишке жумшап коюу коркунучу бар. Үнөмдөгөнгө аргасыз болосуз. Жакын адамдардан карыз албаңыз. Алар менен мамилени солгундатып алууңуз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР-КОЙ
Жаңы адамдар менен достошосуз. Бул сиз үчүн абдан пайдалуу болот. Анткени алар сизди туура жолго багытташат. Жыл башында мурдатан көйгөй жаратып келген маселелер чечилет да, өзүңүз башка жумушка которулушуңуз ыктымал. Жаңы орунда ийгиликтер коштойт.

ЭГИЗДЕР-МАЙМЫЛ
Өзүңүздү өзүңүз тарбиялап, жаңы нерселерди үйрөнүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жыл башында үйрөнгөн жаңы өнөрлөрүңүздү жай айларында колдонуп баштайсыз. Бекер отуруудан качсаңыз эле, иштеген ишиңизден баар таап, айлык акыңыз жогорулашы күтүлөт.

ЭГИЗДЕР-ТООК
Чала жасалган иштер ийгилик алып келбейт. Бул жыл сизден бардык ишти мыкты деңгээлде жасоону талап кылат жана ошого жараша жемишин берет. Баш айланткан сүйүүгө жолугуп калууңуз мүмкүн. Анча-мынча маселелерди дүйнөлүк апааттай көрүп, өзүңүздү кыйнабаңыз. Жакындардан кеңеш сурасаңыз эле баары чечилет.

ЭГИЗДЕР-ИТ
Жаңы өнөрлөрдү үйрөнөсүз. Кошумча каражат табуу мүмкүнчүлүгү табылат. Бирок негизги жумуштан баш тартуу сунушталбайт. Өзүңүздүн жакын чөйрөңүздөгү адамга ашык болуп, баш кошуп калууңуз мүмкүн. Болгону жасалмалуулуктан алыс болуп, алды-артыңызды карай жүрүңүз.

ЭГИЗДЕР-ДОҢУЗ
Жаңы жумуш ордуна чакыруу түшөт. Бирок ал жакта жумуштан колуңуз бошобой калат. Жеке жашоодо да, кесиптик жаатта да катачылыктарды оңдоого ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Эс алуу, көңүл ачууну унутуп, жумушка баш-отуңуз менен кирсеңиз каражатыңыз көбөйөт. Бирок жакындарга көңүл бөлүүнү унутпаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөн-Чычкан
Бир нече ирет тагдыр сыноосуна туш болосуз. Аларды басып өтүүдө жаңы тааныштар, байланыштар жардамга келет. Көптөн бери бүтпөй келген жумуштар аяктап, жасаган эмгегиңизден ырахат аласыз. Адамдар сизге кандай мамиле кылса, ошондой жооп кайтарыңыз. Бул керексиз адамдарды жашооңуздан четтетүүгө жардам берет.

БӨЙӨН-УЙ
Бул жылы боло турган окуялар сизге көп кубаныч тартуулайт, көп жылдарга эсиңизде калат. Өткөн турмуштагы жагымсыз мамилелерден арылууга аракет кылыңыз, анткени бул жылы чыныгы бакыт кушу башыңызга конот. Жаңы иш баштайын деп жатсаңыз, чечкиндүүлүк ийгилик алып келет.

БӨЙӨН-ЖОЛБОРС
Бул жылы сизде энергия ашып-ташып турат. Демек, көптөгөн максаттарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү чоң. Ошол эле убакта эс алуу, көңүл ачуу азгырыгы күчөйт. Андай жолду тандасаңыз, бийиктиктерди багынтуу кыйынга туруп калат. Жеке жашоодо абайлап жүрүңүз. Сүйбөгөн адам менен турмуш куруп калууңуз мүмкүн.

БӨЙӨН-КОЁН
Бул жылы сиздин башыңызга арты-артынан жаай турган ийгиликтерди көрө албай айрым адамдар бут тосушу мүмкүн. Жашооңузда көп өзгөрүүлөр күтүлөт. Адегенде буга көнө албай кыйналышыңыз мүмкүн, бирок бара-бара жаңы чөйрөңүз менен бир толкунда болуп каласыз.

БӨЙӨН-БАЛЫК
Бул жыл каржы жаатында, жеке жашоодо да, карьерада да ийгиликтер менен коштолот. Убакытты да, каржыны да максаттуу пайдалана билиңиз. Жеткен ийгиликтериңиз менен көп мактана бербеңиз. Жаныңыздагы айрым адамдарга бул катуу тийиши мүмкүн. Сизге ашык болгон адамдар көбөйөт.

БӨЙӨН-ЖЫЛАН
Сиздин тажрыйбаңыз, акыл деңгээлиңиз бул жылы көп адамдарды суктантат. Андыктан жаңы жумуштарга чакыруулар көбөйөт. Мурунду көтөрүп көөп кетпеңиз. Ийгиликти качырып алууңуз ыктымал. Негизинен алганда жеке жашоодо да, каржы маселелеринде да сизде ашыкча көйгөй болбойт.

БӨЙӨН-ЖЫЛКЫ
Мурунку жылдагы каржылык көйгөйлөр эрип жок болот. Анткени келе жаткан жылда сизге көптөгөн пайдалуу сунуштар байма-бай түшүп турмакчы. Капчыгыңыз кампаят. Бирок аны кымбат баалуу буюмдарды сатып алып коротуп салуудан алыс болуңуз. Анан да карыз алуудан жана берүүдөн качыңыз.

БӨЙӨН-КОЙ
Майда-барат көйгөйлөр чыгып турат. Бирок жакын адамдарыңыз дароо аларды чечүүгө жардамга келишет. Бул жылы көптөгөн адамдар сиздин ийгилигиңизге суктанышат. Анткени сиздин абдан жолдуу болушуңуз күтүлөт. Лотереядан чоң суммадагы каражат утуп алууңуз толук мүмкүн.

БӨЙӨН-МАЙМЫЛ
Сиз күтпөгөн жана даяр эмес учурда жашооңуз өзгөрүп кетүүсү ыктымал. Андай болгон тапта муну тагдыр сыноосу катары кабыл алып, татыктуу өткөнгө аракет кылыңыз. Мунун баары акыр-аягында жашооңузга гармония алып келет. Наристелүү болууну ойлоно баштайсыз.

БӨЙӨН-ТООК
Бардыгын дароо эле бүтүрүп салыш керек дебеңиз. Шашмалыгыңыз сизге эле эмес, жакын адамдарыңызга да толтура көйгөй алып келиши мүмкүн. Ойлонуп чыгарылган чечимдериңиз гана сизге ийгилик алып келип, каражатыңызды көбөйтөт. Максаттарга жетүүдө ар бир кадамды мерчемдегениңиз туура болот.

БӨЙӨН-ИТ
Жакын адамдарыңызга сүйүүңүздү далилдей турган мезгил келди. Балдарыңыз сиздин сүйүүңүзгө ыраазы болушат. Түгөйүңүз үчүн бардыгына барасыз. Дегеле бул жылы сизди сүйүү башкарат. Ошондой эле жакындарыңыз да, досторуңуз да сүйүү менен жооп кылышат. Жашоодон ырахат алганга гана жетишүү керек.

БӨЙӨН-ДОҢУЗ

Бир топ жумуштар жеңил бүтөт. Мындан кийин сизди жалкоолук курчайт. Бирок жазга чейин гана. Байчечекей гүлдөгөн маалдан тарта жумуштар кайра көбөйүп, алардын баары сиз каалагандай нукта жүрүп отурат. Жыл ортолоп көптөгөн жакшы сунуштар түшөт да, мунун аркасында акчаңыз көбөйөт.

Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg


(Арстан, бийкеч, тараза, чаян, жаачы, текечер, суу куяр, балык белгисинин алдында туулгандардын 2017-жылга карата астротөлгөсү кийинки сандарыбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан