ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАН АТА

Өз канынан жаралган наристе үчүн ата-эне эмнеге болбосун даяр эмеспи. Бирок ошол эле учурда өз данегине карасанатайлык кылып, тагдырына өмүр бою жууса кеткис так салгандар да бар. Бүгүнкү биз кеп кылчу окуя Каракол шаарына жакын айылдардын биринде болгон.

Өз башынан өткөн окуя өңүндө эмес, түшүндө болгонсуган Жыпара өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап жатты. Ооба, ал мындай көрүнүш турмушта кездешерин укканы менен, өз башымдан өткөрөм деп эч ойлогон эмес. Эмне кылсам экен деген ойдун негизинде көпкө башын катырган кыз акыры милиция кызматкерлерине барып, болгон ишти айтып берүүнү чечти. Балким, курбу кызы болбосо бул сансыз ойлордун кучагында дагы канча жыл жашайт эле, ким билет...
Каракол шаарындагы ОИИБинин кеңсе­сине Жыпара жумушка келаткан кызматкердин алдын утурлай сүйлөдү.
– Саламатсызбы, сизге келдим эле...
Көздөрү муңайым тартып, бир нерседен коркуп жаткандай түрү бар кызды милиция кызматкери кабинетине алып кирди.
– Ии, айта гой, эмне жумуш менен кел­диң?
Бир нерсе айтууга камданган кыз көзү жашылданып, сөзгө келбей жашка муунуп калды.
– Сага эмне болду? Тартынбай баарын толук айта бер. Мен сага жардам берем. Чынын айтсам, карындашым, убактым тар. Азыр бир жакка барышым керек эле. Мага айткың келбесе, башчыбызга кир,- деп шаштыра сүйлөдү.
– Мени атам зордуктап...
Мындайды күтпөгөн кызматкер далдайып эле кызды эмне деп соороторун билбей ойлонуп калды. «Шумдугуң кур, эмне дейт?! Өгөй атасы го» деп зордуктоого байланышкан көптөгөн кылмыштардын бетин ачкан, бирок атасы зордуктаган фактыны уга да, көрө да элек кызматкер ичинен толгонду.
– Ыйлабай жакшылап түшүндүрчү, өз атаңбы?
– Ооба, өз атам. Мындан эки жыл мурда 7-класста окуп жүргөнүмдө, апам шаарга ооруканага кеткен күнү атам үйгө аябай мас болуп келди. Апамдын жоктугунан пайдаланып тамак жасабай койгон элем. Атама чай берсем ичпей койду. Эки бөбөгүмдү жаткырып, анан өзүм жаттым. Жаңы эле жарыкты өчүргөнүмдө атам келип чачымдан сылап, бетимден өөп эркелетип кирди. Оюмда жамандык жок мен атамдын эркелеткенине каршы болгон жокмун. Аңгыча эле үстүмө чыгып чечиндире баштады. Мен кыйкырып кирсем оозумду алаканы менен басып алып зордуктады. Бир маалда үстүмдөн түшүп, коё бербей кучактап көпкө жатты. Ал уктап калганда акырын ордумдан туруп бара жатсам ойгонуп кетип, “кайда бара жатасың? Жаткын, болбосо бирди көрөсүң!” деп коркутту. Кайра келип ордума отуруп калдым. Бир топтон кийин:
– Болору болду. Эми бул тууралуу оозуң­дан чыгарба. Апаңа айта турган болсоң сени да, апаңды да мууздап салам да, акырында өзүмдү өлтүрөм!- деп катуу эскертти.
Апамдын, анын жанында өзүмдүн өлүп жатканымды элестетип:
– Атаке, антпеңиз, мен эч кимге айтпайм,- деп ыйладым.
Мына ушул жерден орган кызматкери чыдабай кетти.
– Атаң экинчи жолу тийишкен жокпу?
– Кайдан, апам бир жакка кетсе эле мени басып жыгылчу болду.
– А эмнеге ошондон бери эч кимге айтпай жүрдүң?
– Атамдын мылтыгы бар, бирөө-жарымга айтсам баарыбызды атып өлтүрөбү деп коркуп жүрдүм. Акыры эч нерсеге көңүлүм келбей чүнчүп кеткенимде курбу кызыма айттым. Милицияда атамдын тааныштары бар десем, курбу кызым «анда Каракол шаарындагы милиция бөлүмүнүн башчысына айталы» деп бул жакка ээрчитип келди. Ал курбум эшикте турат.
Болгон ишти баяндап берген Жыпара сыртта турган курбусу Ританы ээрчитип келди. Рита эч нерседен тартынбай милиция кызматкеринин суроолоруна так жооп берип жатты. Мындай учурда эмне кылышы керек экендигин билген кызматкер дароо Жыпарага арыз, Ритага түшүнүк кат жаздырып, ОИИБинин башчысына алып кирди.
Иштин чоо-жайын уккан башчы:
– Мындай нааданды түрмөдө чиритип же таш бараңга алса да аздык кылар! Иштегениме канча жыл болду, буга окшогон шумдукту уккан эмесмин. Үйүндө мылтыгы бар турбайбы, шек алып калса эч кимибизди аябайт,- деп башын чайкады.
Канкор атаны кармоо үчүн милиция кызматкерлери өз ара план түзүп, катуу даярданышты. Кыздарды “шек алдырбай бара бергиле” деп айылга жеткирип коюшту. Өздөрү болсо жүк ташуучу машина менен Жыпаранын үйүнө кечке жуук бет алышты.
Машинанын үнүнөн болсо керек, кыздын атасы орган кызматкерлери барышканда үйдөн көчөгө чыга келди. Орган кызматкерлери Жыпаранын айтып бергендеринен улам өздөрү издеген каарман экенин айттырбай билишти. Машинадан шарт түшө калып эле ай-буйга келтирбей колуна кишен салышты. Артынан чыккан аялы эмнеге деп чоо-жай сурабай, милиция кызматкерлерин ата-жотосунан бери каргап-шилеп жатып калды. Ошондо Жыпарага арыз жаздырган кызматкер “үйгө кирип сүйлөшөлү, сиз билбеген бир иш бар” деп аялды араң сөзгө келтирди. Үйгө кирери менен Жыпаранын айтканы боюнча катылган жерден мылтыкты алып чыгып “эжекеси, мына ушул үчүн жолдошуңузду кармап кеттик” деп сыртка жөнөдү. Жыпаранын апасы:
– Көзүңө көр топурак тыгылгыр, кимиси шыбырай койду экен? Баягы күнү эле Акматка берип сал десем болбой койдуң эле, ушуну көрмөк экенсиң го, шордуум!- деп күйөөсүнө жан тартып ыйлаган боюнча калды.
ОИИБинин эшик алдына келген жүк ташуучу машинаны милиция башчысы өзү тосуп алды. Өз кызын зордуктаган адамды көргөндө башкаруучу жекире:
– Ой, сен адам эмес эле айбан турбай­сыңбы?!
Оюнда өзүн мылтык үчүн эле кармашты деген ата:
– Айбан болуп мен силерге эмне кылыптырмын?!
– Акмак, уялбай сүйлөп турганын мунун? Эмне кылдым дейт... Тезирээк тергеп, сотко өткөргүлө. Желкемдин чуңкуру көрсүн мындайды!- деп басып кетти.
Тергөөдө 37 жаштагы бул адамдын аты-жөнү Ж.Бектуров экени, мурда соттолбогону такталган. Ж.Бектуров мылтык үчүн эмес, кызын зордуктаганы үчүн кармалганын түшүнгөндө тергөөчүгө:
– Ээ, баатыр, мунун баары мастыктан болуп кетти. Ал жашабагыр бардыгын айтып берген тура. Ошондо эле көзүн тазалап салсам болмок. Эми болор иш болду. Мен өлгөн кишимин. Элдин, аялымдын көзүн кантип карайм? Тезирээк соттоп жоготкула. Тирүү чыксам да бул жакка кайтып келбей тентип жоголом,- деди солкулдай.
Кан-жанынан бүткөн өз тукуму экенин сезбей ойношуна айланткан канкордун соту эки айдан кийин болду. Жабык өткөн соттук процессте Жыпаранын энеси башын көтөрбөй көз жашын көлдөтүп отурду. Ошентип, өз кызын зордуктаган ата сегиз жылга эркинен ажыратылды.

(Каармандардын аты-жөнү өзгөр­түлүп берилди).

Cүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Elgiza
2010-04-05 04:44:59
kirgizdarga ushunday da jarashaby!!!:(minday erkekter kirgiz emes!
0
Demon
2010-04-08 01:58:26
adamdik sapat jogolup ele baratat okshoyt, minday aybandardi oshol jerde orttop je tashbaranga alip olturush kerek. adamdarga da sabak bolot ele. 8 cilga kesilip ketkeni adiletsizdik bolup kaliptir. baykush kizdin tagdirina keyip kettim ...
0
Krasatulya
2010-04-11 20:51:41
АКМАК!!! Олтуруш керек болчу машинага суйротуп
0
hardsweet
2010-04-13 15:09:32
myndai adam emes aiban dese bolot.oz kanynan jaralgan kyzyn uwundaida kylaby?tooba?!
0
milli
2010-06-01 00:06:11
Ayban!!!
0
Lili
2010-06-07 23:54:56
айбан дагы оз баласына тийбестир.
0
Ceed
2010-07-31 14:06:43
Мен бул болгон окуяны окуп отуруп аягында бирдемкеге таптакыр тушунбой койдум, бул - болгону 8 жылга кесилгени! "Жок"-дегенде, 15 жылга кесилиши керек болчу!
0
gunsNroses
2011-08-11 14:34:43
Бул айбанды 8 жылга кетирбей олтуруп салса жарашмак.Буга соз жок айбандар да оз балдарына тийбейт,бул больной
0
Rihanna
2011-09-12 12:46:44
Буга окшогон адамдарды электр столуна гана отургузуп жок кылуу керек!
0
pit001
2011-09-27 13:44:37
Мыйзамга ОЛУМ ЖАЗАСЫН киргизуу керек!!!
0
Dillinger
2011-10-12 09:17:25
Mlaaaait söz jok. Myndai körünüsh chochkolordo ele bolot dep ukkan elem, korso Kyrgyz chochko bar turbaiby. Any 8 jyl türmödö bagyp oturbai ele oltyryw kerek!!!
0
Shekerbek
2011-11-02 11:40:51
Атыш керек мындай иттерди
0
Arsen01
2012-01-24 16:51:29
баян го дейм
0
NOSA
2012-10-31 21:08:43
олум жазасына айдаш керек итти.турмодо копко узабайт го деймин мындайлар
+1
burul.72
2015-08-24 08:44:17
Аии 8жыл дегени эмне,олум жазасына тартыш керек эле дагы 3жылдан кийин чыгат экен да
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан