Көчөдө, коомдук транспортто, дүкөнгө баш бакканыңызда чүчкүрүп-бышкырган адамдарды жолуктуруп жатсаңыз керек. Балким, өзүңүз да ошондой абалда жүргөн чыгарсыз. Мунун себеби – быйыл эл арасында курч кармаган сасык тумоонун В тибиндеги H3N2 вирусунун тарап жатканында. "Ага кыргызстандыктардын иммунитети жок" деп билдирди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Артур Буюклянов. Эл арасында айтылган "январь айында бул сасык тумоонун экинчи толкуну каптайт" деген кеп чын болсо, анда андан сактануунун жолдору менен тааныштыралы.
Мунира Ниязова, Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн фельдшери:
– Учурда жүрүп жаткан сасык тумоо тамактын оорусу, жөтөл, мурундун бүтүшү жана өзгөчө жогорку дене табы менен коштолууда. Мисалы, кечээ күнү эле "уулубуздун дене табы көтөрүлүп көзү аңтарылып, эсин жоготуп жатат" деп шаар тургуну чалды. Барсак сасык тумоонун курч кармаган түрү экен. Мындай учурларда ата-энелер суук тийип калды деп балдарга антибиотик берип, төшөккө ороп салышат. Эскертерим, антибиотиктерди аймактык дарыгериңиздин уруксаты менен гана берүү керек. Дене табын түшүрүү үчүн ар 8 саат сайын ибуфен же парацетомол бериңиз. Алгач ибуфен берген соң кайра парацетамолдон башка дарыны ичирген болбойт.
Такыр болбосо "Тез жардам" чакырып, алар келгиче болушунча көп суюктук ичип, жылуу суу менен (ысык эмес) бүт денени сүртүп, өтө калың кийинбей (жаш балдарды кийинтпесе деле болот) жатуу керек. Сасык тумоо 5-7 күн дегенде кайта баштайт. Тез айыгуу үчүн дарыгериңиздин айткандарын калтырбай аткарып, сезонго ылайык кийинип, убагында тамактануу зарыл. Анан төмөндөгү кеңештерге дагы көңүл бөлүңүз.
САСЫК ТУМОО КҮЧ АЛУУДА
8-декабрга карата берилген маалымат боюнча, ооруканада 274 адам бул вирустан дарыланып жатат. Кайра жандандыруу бөлүмүндө 8 адам, алардын баары 5 жашка чейинки жаш балдар.
Мамлекеттин бюджетинен сасык тумоонун алдын алуу максатында ага каршы 69 645 "Грипп плюс" вакцинасы сатып алынган. Бул көрсөткүчтөр 2015-жылга караганда 2 эсе көп. Учурда 69 миңден ашуун адам (анын ичинде медицина кызматкерлери, балдар үйүндөгү, карылар үйүндөгүлөр, кош бойлуу айымдар жана иммунитети төмөн
5 жашка чейинки балдар жана башкалар) акысыз эмдөөдөн өттү.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ:
Жогорку дене табы
Чыйрыгуу
Алсыздануу
Сөөктөрдүн оорушу
Көздүн караңгылашы
Баштын катуу оорусу
Жөтөл же тамактын оорушу
ЭГЕР ТУМООЛОП ЖАТСАҢЫЗ:
Вирусту жугузуп алсаңыз, анда үйдө калууңузду сунуштайбыз. Ооруга чалдыккан жаш балдар болсо аларды бала бакчага, мектепке жибербөө кажет. Ооруну башкаларга жугузуу коркунучу жогорулайт.
Ооруп жаткан адамдар башкалардан 1 метр алыстыкта карманып, сөзсүз түрдө медициналык бет кап тагынуусу керек.
Чүчкүрсөңүз мурунду жана оозду кагаз бет аарчы менен жапканды унутпаңыз жана аны дароо таштандыга таштап салыңыз.
Өз алдынча дарыланууга аракеттенбеңиз, жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы толук мүмкүн.
ПРОФИЛАКТИКА ҮЧҮН:
Эмдөөдөн өтүү керек. Аны жылдын күз айларында ишке ашырган оң. Учурда каалоочулар менчик клиникалардан акы төлөп эмдөөдөн өтүшсө болот. Баасы 600-650 сомдун тегерегинде.
Убагында тамактанып, суюктук көп ичип, уйкудан калбай, спорт менен машыгыңыз. Бул нерселердин баары иммунитетиңиздин жогору болушуна салымын кошот.
Колуңузду дайыма самын менен тазалап жууп, башка адамдар менен кол алышып, өбүшүп, кучакташып учурашпоого аракеттениңиз.
Үйдү, иш бөлмөңүздү өтө ысытпай тез-тез шамалдатып турганыңыз туура болот.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg