Өткөн жумада Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда кыштоодон мал алып келгени кеткен 2 жаш жигит тоңуп каза болду. Биринин денеси 8-декабрда табылса, экинчисинин денеси 11-декабрда табылды.
ОКУЯ ТУУРАЛУУ
Маалыматтарга караганда, 7-декабрь күнү түштөн кийин Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылынын тургуну 1994-жылы туулган Адамата Камчы уулу менен Байгөнчөк айылынын тургуну 1993-жылы туулган Эламан Бактыбаев Кара-Таш кыштоосуна мал алып келүү үчүн кетишкен. Аларды Адаматанын атасы автоунаасы менен жарым жолго чейин алып барып, унаа суудан өтө албай калганда экөөнү таштап, өзү келе берген. Тилекке каршы, алар бара турган жерине жетпей суукта калып, тоңуп каза болушкан. 8-декабрь күнү Кара-Таш кыштоосунан айылга түшүп келе жаткан малчылар Мелис ашуусунан жолдун боюнда тоңуп жаткан Адамата Камчы уулунун денесин көрүп, бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнө билдиришкен. Ал эми Эламан Бактыбаевдин денеси 11-декабрда табылган.
“КАЗА БОЛГОНДОР УУРУЛУК КЫЛМЫШЫНА ШЕКТЕЛИП ЖАТКАН”
Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ишти карап жаткан Ак-Талаа РИИБинин тергөөчүсү Гүлбарчын Болотова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 8-декабрда бизге кыштоодон түшүп келе жаткан малчылар Уу-Өтөк чөлкөмүндөгү кыядан тоңуп каза болгон адамдын денесин көргөндүгүн айтып келишкен. Биз малчылар айткан жерге баруу үчүн унаа менен, кар жаап жол жабылып калгандыктан андан ары 4 саат жөө жүрүп барып денени таап, алып келгенбиз.
Каза болгон Баетов айылынын тургуну Адамата Камчы уулу болуп чыкты. Ал кыштоого жалгыз эмес, Байгөнчөк айылынын тургуну Эламан Бактыбаев менен кеткени белгилүү болду. Бир малчы аларга кой бермек болуп, экөө Кара-Таш кыштоосуна ошол койлорду алып келүү үчүн кетишкен экен. Эламан Бактыбаев 8-декабрь түнү агасына телефон чалып, “үшүп жатам, шайым жок” деп айткан экен. Бирок агасы “эмне үчүн түндө чаласың?” деп урушуп салыптыр.
Тирүү же өлүү экендиги белгисиз болгон Эламан Бактыбаевди издөө үчүн 10-декабрда ӨКМ, РИИБ кызматкерлеринен жана Бактыбаевдин туугандарынан турган топ түзүлүп, жалпысы 6 киши ат менен чыгып издөө иштерин жүргүзүшкөн. 11-декабрда гана анын денеси Күйгөн-Өтөк чөлкөмүнөн табылып, райондун борборуна алынып келинди. 10-декабрда Адамата Камчы уулу, 14-декабрда Эламан Бактыбаев жерге берилди.
Каза болгон экөө тең ушул жылдын ноябрь айында уурулукка шектелип кармалышкан эле. 19-ноябрда алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан. Экөө жеке кепилдик менен эркиндикке чыгарылган болчу.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg