КҮТҮЛБӨГӨН БУРУЛУШ (фотороман)

Өткөн саныбызда жумушка жаңы орношкон Айтунукка карата Сезим акылга сыйбаган иштерди жасаганын жазган элек. Эки кыздын ич ара талашына айланып, кожойкенин ишенимине кирген Айбек кафе ээсинин акчасын уурдап кеткени эсиңиздедир.

11. Айбек жумушта телегейи тегиз капарсыз жүргөнү менен, апасы ооруп акча керек болуп жаткан болчу. Иштеп жүрсө да чогулткан акчасы жок, апасын дарылата албай ичинен бушайман эле. Анан капысынан кожойкенин кабинетинен акча көрүп калып жатпайбы. Видеокөзөмөл жок эмеспи, билинбей калат деп ойлогон. Акчаны алып өзү жашаган батирге баргысы келбей досунукуна барды.


12. Бир заматта акчасын алдырган кожойке нес болуп туруп калды. Алгач "сейфтен алып чыга элек болчумун да" деп ойлоп жиберди. Бирок өз колу менен санап байлап, үстөлдүн үстүнө койгонун эстеди да, администраторунун атын атап "Айбек!" деп кыйкырып сыртка чыкты.


13. Айбекке досу "кеч боло элегинде акчаны кайтарып бер" деп какшап жатканы менен ал эки анжы ойдо турду. "Берип койсом апамды кантип дарылатам?" деди ичинен. Бул ишти кандай жолго салам деп баш катырды, бирок эч бир жылчык жоктой сезилди. Баарын көз алдынан тизмектей баштады. Биринчи эле кожойкенин каардуу жүзү, кесиптештеринин ууру дегендей мыскылдуу көз караштары, ал үчүн баарына даярдай көрүнгөн Сезим, Айтунуктун жылдыздуу келбети тартылды.


14. Официанттар окуяга кандай баа берерин билишпей нес болуп туруп калышты. Ал учурда Айбектин телефону да өчүк болду. Сезимдин чыйпылыктап, бир орунга тура албай жатканын көргөн Айтунук эмнеге буга чейин өзүнө бут тосуп жүргөнүн эми түшүндү. "Сезим Айбекти жактырат турбайбы" деп койду ичинен. Тымызын жактырып жүргөн Айтунук да ага боору ооруп, аяп жатты.


15. Кожойке телефон менен жакындарын чакырды да, алар менен милицияга арыз жазганы жөнөп кетти.


16. Эки күндөн кийин Айбек Айтунукка телефон чалып жолугуп, бул кылмышы туурасында эмне болуп жатканын сурады. Уурулукка апасы ооруп жаткандыктан барганын айтып берди.


17. Сезим Айбек турган көп кабаттуу үйдү билгени менен, батирин билчү эмес. Ал Айбекти таап, баарын өз оозунан угуп, жардам бергиси келип ар бир эшикти тыкылдатып издеп жүрдү.


18. Арадан 2 күн өткөн соң сырттан шашып кирген Айбек кесиптештеринин саламдашканына карабай кафе ээсинин кабинетине кирди.


19. Кирип келип эле үй-бүлөдө жалгыз бала экенин, апасынын ооруп жатканын, аны дарылата албай жүргөнүн айтып кожойкеден кечирим сурап чөгөлөдү. "Акмак экенсиң" деп кыйкырганын үнсүз укту. Айбектин жалооруп кечирим сураганын уккан адамдын сөзсүз боору оорумак. Катасын учурунда сезип, күнөөсүн моюнуна алып, акчаны толук алып келгенинен кожойке сөзгө келди.


20. Айбек кожойкеден мындан артык мамилени деле күткөн эмес. Жумуштан айдаары бештен белгилүү болчу. Оор жүктү шыпырып салгандай жеңилдей түшүп, ашыга көчөгө жөнөдү. Артынан Айтунук да, Сезим да жарыша чуркап чыкты.


Айбек кыздардын кимисин тандайт? Суроонун жообун кийинки саныбыздан аласыз.

Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ada3003
2016-12-21 09:17:01
Жакпады...
0
tokitok
2016-12-21 12:27:08
Неси кызык бекер убара болушуптур
+1
Ayka0696
2016-12-21 15:20:37
Мага жакпады.
0
Kairat.96
2016-12-21 18:01:05
Аягы барбы Супер?
+1
bantik
2016-12-22 09:16:25
Иий эми Айбек кимисин тандайт болду экен. Акчаны алып келип берип ырас кылды.
+3
Aibek8992
2016-12-23 17:14:28
кимисин тандаарымды кийинки санда окуйсуңар.:-)
+2
Tuke88
2017-01-04 05:10:43
Жакшы чыгыптыр
0
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан