КОЛ ЖАҢСООЛОР МЕНЕН КОШТОЛГОН МАЙРАМ

Репортаж

Ар бир адамдын эң биринчи байлыгы ден соолугу эмеспи. Бирок беш кол тең эмес. Арабызда айтайын деген оюн кол жаңсоолору менен түшүндүргөндөр бар. Анда сөздүн учугун Республикалык дүлөй-дудук балдардын мектебинен уласак.

МЕКТЕП ТУУРАЛУУ
Бишкектеги Республикалык жалпы билим берүүчү дүлөй-дудук балдардын атайын мектеп-интернаты 1934-жылы уюшулган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда толугу менен иштен чыккан мектеп 1961-жылы кайрадан салынган. Мына ошол күндөн баштап республикабыздын булуң-бурчунан келген дудук балдар билим алып келишет.
Мектептин директору Каныкей Жаманбаеванын маалыматы боюнча, учурда мектепте 350 бала билим алууда. Мектепке балдар 6 жашынан кабыл алынып, жылына 12 баладан турган үчтөн класс ачылып турат. Мектепти бүтүргөн балдар №18, 27-кесиптик лицейден билимин уланта алышат.

КЕЙИШТҮҮСҮ...
Ар бир баланын ата-энеси, жакын туугандары тууралуу маалыматтарга көз жүгүртсөң көпчүлүгү томолой жетимдер же энеси жалгыз бойлор болуп чыгат. Мектепти толугу менен мамлекет каржылагандыктан, балдар күнүнө 65 сомдун тегерегинде тамак ичишет. Мектептин эң бир көйгөйлүү маселелеринин бири – мугалимдердин жетишсиздиги. Айлык акысы 1500 сом болгондуктан, жаш мугалимдердин саны жокко эсе. Келишсе да, көп чыдабай кетип калышат. Мектеп директорунун айтымында, жалаң эле патриот мугалимдер иштешет экен. Мисалы, алардын бири Антонина Васильевна. Ал 80 жашка чыкканына карабай балдарга эмгек сабагынан берип келет. Иштегенине быйыл 40 жылдын жүзү болот.

МАЙРАМДЫК МААНАЙ
Ооба, ар бир майрам ыр-бий менен коштолот эмеспи. Ал эми дудуктар мектебинин балдары майрамдык кечени “Ала-Тоо” аттуу патриоттук ыр менен ачышты. Ырдын маанисин кол жаңсоолор менен түшүндүрүп жатышкан бөбөктөрдү көрүп терең үшкүрбөй коё албайсың. Адамга талант берилсе, ал кандай жагдай болбосун жарып чыгат эмеспи. Анын сыңарындай, музыканын ыргагын угушпаса да, ар бир бийди майына чыгара, бир жеринен жаңылбай, чеберчилик менен аткарып жатышты. Айрыкча улуттук оюндарды, салт-санааларды чагылдырган оюндарды көрсөтүшүп, ар кайсы улуттардын бийлери менен майрамдык маанайды ого бетер шаңына чыгарышты.
Кыздар келген конокторго өз колдору менен жасаган улуттук тамактардын түрлөрүн ооз тийгизип жатышты. Кээ бир кыздар жаңы салаттардын түрлөрүн да ойлоп табышыптыр. Мына ушундай таланттардын ичинен өзгөчөлөнүп суурулуп чыккан балдар менен маектештик (балдар менен маектешүү логопед Жамакеев Кантанбек агайдын жардамы менен уюшулду).

БАКЫТ,
8-класстын окуучусу:
– Мен бийлегенди абдан жакшы көрөм. Мектепте окуган балдар да “биздин жылдызыбыз” деп аташат. Анан кичинекей класстын балдары келип “мага бий үйрөтүңүзчү” деп көп кайрылышат. Мен алардын суранычын четке какпаганга аракет кылам. Себеби бул жакта окуган балдардын баарын бир тууганымдай, ал эми эже-агайларды ата-энемдей көрөм. Ошондуктан өзүмдү эч качан жетиммин деп айткым келбейт.

НАЗИМА,
7-класстын окуучусу:
– Мен учурда 15 жаштамын. Бирок өзүм курактуу кыздардан кичине көрүнөм. Буга кичинемде менин жүрөгүмө жасалган операция күнөөлүү деп ойлойм. Бирок мен башка кыздардан артта калбайын деп терең билим алууга аракеттенем. Ошондой эле тамак- аштардын түрүн жасаганды жана бийлегенди жактырам.

Балдардын талантына баа берип, аянычтуу көз караштар менен аларды сыдыра тиктеп коштошуп, сапарыбызды байыттык. Мындай балдарга көбүрөөк көңүл бурулса, арасынан аты алыска кеткен таланттар чыгары талашсыз.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nuray
2010-04-01 15:52:46
Эже-агайларына таазим. Жараткан балдарга чектелген мумкунчулукторуно карабастан жарык келечегин берсин, негизгиси оздорун толук кандуу сезишип, алга умтулуусу, азаматсынар балдар!
0
italia
2010-04-02 18:15:35
Ушундай балдарды коргондо ушунчалык зенип кейип кетет. Дегеле адам баласына емес айбанга дагы мындайды каалабайм.
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан