"Мен музыкага суусап турам. Менин жан дүйнөмө азык болчу музыка жок..." Бул бир карапайым адамдын сөзү. Ошол кептен кийин ойлонуп көрсөм, чын эле мурункудай хит ырлар жаралбай калыптыр. Бир кезде жүрөктөн түнөк тапкан ырлардын авторлору деле жүрүшөт, иштеп жатышат, бирок жыйынтык жок. Карапайым адамдын ою мени төмөнкү макаланы жазууга түрттү. 1-2 ырлардын мисалында азыркы кыргыз эстрадасынын деңгээли түшүп баратканын айткым келди.
БААРЫ ФОНОГРАММАДАН БАШТАЛДЫБЫ?
1990-жылдары Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып кыргыз эстрадасына жеке ырчы деген түшүнүк кирди. Мурун баары план менен болсо, эми ырчылар өз арабасын өзү тартып талантына, чөнтөгүнө жараша иштеп калышты. Алгач теле, радио үчүн колдонулган фонограмманы ырчылар күнүмдүк жашоодо пайдаланып, жыргап эле калбадыбы. Жакшы экен да, тердеп-кургабай туруп каалагандай ырды созолонтуп сала беришсе...
Азыр фонограмма менен ырдаса да ал кез жакшы болчу экен деп кетем. Анткени анда жан дүйнө сүйүп уккан ырлар чыккан. Айчүрөк Иманалиеванын "Роза гүлү", Алина Жетигенованын "Кыздын сыры" деген ырлары укмуш чыкканын билесиздер да? Сыймык Бейшекеевдин "Бөлөмө" ырын угуп алып бөлөсү үчүн өлүп кеткиси келгендер канча болду. Ал кезде элде азыркыдай чөнтөк телефон деген түшүнүк жок. Магнитофондун кассетасын кайра-кайра түрдүрүп угуп, бири-бирине көчүрүп укмай. Же болбосо радиону күнү-түнү аңдымай болчу.
ЖАҢЫ МУУН, ЖАҢЫ ДЕМ...
2005-жылдары кыргыз эстрадасына жаңы доор келди. Концерт өтчү залдардан эл ашып-ташып, анын азабын талкаланган эшиктер, коопсуздук кызматкерлери эле көрдү го, чиркин! Темир Назаров "Оо, туулган жер" деп сахнага чыкканда, "Махабатым" деп жүрөк тушун мыкчып Султан Садыралиев ырдаганда кайран аккан көз жаштар, кыздардын уйкусуз өткөн түндөрү дечүмүн. Ырчыларга метрлеп кат жазып, үйүнө чейин кайтарган күйөрмандары чыкпады беле. Мунун баары эмне үчүн болду? Анткени ал кезде алардын дартына даба болчу ырлар жаралган. Мирбек Иманбековдун "Жаным", "Таластык кыз", Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат" деген ырлары дагы деле кулагымда. Мумиё дары болгусу келгендер канча болду, кара тору балакай Ильяз Абдыразаков канча кызды "Азап" ыры менен азапка салды. Сапар, Артык дуэтинин "Атага кат" ырычы... Уккан сайын муунду бошотуп жиберчү эмес беле. "Бардык нерсенин өз доору болот" дегени чын белем, ал кез деле өттү-кетти. Ырчы мырзалар үчүн азапка баткандардын да, кат жазгандардын да аягы суюлуп калгансыды.
"ЭЛИТАЛЫК" ЭМЕС, "КОЛХОЗ ЫРЧЫ" ХИТ ЖАРАТКАНДА...
2010-жылдары мурункудай байма-бай хит ырлар жаралбаса да, бирин-экин чыгып калчу. Продюсер Канат Кадыржандын канатынан чыккан Нурлан Насиптин "Унута албайм" деген ырын дагы деле унута электирсиз. Мурункудай кыздардын жан дүйнөсүн ээлеп, жүрөк оору кылбаса да Аскат Мусабековдун "Аруузатым", Гүлжигит Сатыбековдун "Коштошуу" ырлары телефондун чалуусунда да, музыкасында да ойноп калган го.
Эсимде, Мирлан Баековдун "Кызыл өрүк", Гүлжигит Сатыбековдун "Лейлектик кызга" чыгармалары чыкканда телевидение, радиолорго жеңил ыр деп албай коюшкан. Ошол кезде ырчылар арасында "элиталык", "колхоз" ырчы деген түшүнүк бар болчу. Бирок эмнесине антип аталып калды, себебин дале түшүнө албай келем. Себеби өзүн элиталык ырчыга кошкондордун саналуусунда эле музыкалык билим бар. Жадакалса көрүнүктүү деле хит ырды чыгара албай жүргөндөр арбын.
ӨЗҮМ БИЛЕМ, ӨТҮГҮМДҮ ТӨРГӨ ИЛЕМ!
Канчалык орой угулбасын азыркы ырчылардын абалын мен ушинтип атамакмын. Мына, 1-2 жыл мурун Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу ыры катуу чыкты. Кайда барба "Кандай сезим сүйүү деген, балдай сезим сүйүү терең..." деген саптарын угуп калдык. Болду, ошону менен кыргыз эстрадасы мемиреп уктап жаткандай.
Учурда ырчылардын баары той-топур менен күн көрүп калды. Репертуарын жаңырткысы келгендер аз. Барат дагы эски ырды жаңылап ырдап коёт, болду. Ага ашыкча изденүүнүн деле кереги жок. Сөзүнө, обонуна акчаны кайдан табам деп баш катырбайт дагы. Араң сахнага чыгып келе жатканы деле, мегажылдызмын дегени деле ушул ыкманы үйрөнүп алды. Же болбосо экинчи вариант, тойго элди бийлете турган той ырларын жаздырат. Башында "колхоз" ырчылардын деңгээли деп мурдун чүйрүгөндөрү деле ырларын тойго ылайыктап жаздырып башташты. Элди тойдо жыргатканы менен, кулак сүйүнткөн, жүрөктөн чыккан ырларды жаратса, күйөрмандар да сүйүнүп калышмак беле?
"Шоу-бизнес деген ушундай болушу керек да" деп түшүндүрчүлөр чыгат. Албетте, элдин жакшылыгында кызмат кылып, кошумча каражат табуу бул ырчылардын негизги булагы. Бирок бизнес деп эле тойдун артынан кууп кете берсек жалпы эстраданын абалы кайда барат? Барган сайын эстрадабыздын деңгээли көтөрүлбөй эле, түшүп кете бербейби?..
ЭМНЕ ҮЧҮН УЧУРДА ХИТ ЫРЛАР ЖАРАЛБАЙ ЖАТАТ?
Жамиля Муратова, композитор:
– Учурда биздин маданият тойго айланып кетти. Ырчылардын көбү тойго ылайыкталган шаңдуу, жеңил-желпи ырларды жаздырып жатышат. Мындай ырлардын элге жайылышына теле, радио да салым кошууда. Алар профессионалдар жазган ырларды "биздин форматка туура келбейт" деп албайт экен. Билим жок болсо ушундай сапатсыз ырлар жаралат да. Ошондуктан биздин ыр маданиятынын деңгээли түшүп кетти.
Мирбек Иманбеков, ырчы:
– Мен азыркы учурда башка жумуш менен алек болуп жаткандыктан "Таластык кыз" сыяктуу ырлар жаралбай жатса керек. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкта эле жүрөт. Жүрөгүмдө андай ырлар бар, буюрса, убакыт-сааты келгенде жарыкка чыгат. Болгону азыр жан дүйнө кризиси дейбизби, же тыныгуу мезгили дейбизби, айтор, өткөөл мезгил болуп жатат. Башкаларды билбейм, мен эч качан атайын тойго басым жасап ыр жаздырган эмесмин.
Жыпара Исабаева, акын:
– Хит ырлар деп бир укканда адамдын сергитип, жүрөккө кубаныч тартуулагандарын түшүнөм. Текст менен обон шайкеш келбей калганда же жакшы чыгарманы аткаруучу ийине жеткире ырдай албаса ыр элге жетпей калат. Азыр жашоо ыргактары каражат менен өлчөнүп калбадыбы. Той нан табуунун жакшы бир булагы десек болот. Бирок мунун баары убактылуу, хит ырлар али алдыда жаралат деп ишенем.
Мирлан Баеков, ырчы:
–Мен чынында эле акыркы 3 жылдан бери хит ыр жаза албай жүрөм. Сөз жок, "Кызыл өрүк", "Ата тилеги" деген ырларым жакшы чыкты. Ырчылардын чыгармачылыгында гүлдөп өскөн, анан орто заар мезгили болот окшойт. Өзүмдүн студиям бар, жаңы ырларды деле жаздырып жатам, тойлордо тынбай ырдап жүрөм, бирок баары эле "көрүнбөй каякта жүрөсүң?" деп сурашат. Азыр кыргыз эстрадасында оомал-төкмөл мезгил болуп жатат.
Динара Эсенгулова, мурунку продюсер:
– Жакшы ырлар деле жаралып жатат, баары эле той ырлары болуп кетти дегенден алысмын. Хит ырлардын жаралышы угармандардан да көз каранды болот. Анткени ырга көңүл буруп, аны кайра-кайра угуп хит кылып алыш элдин колунда. Балким, эл ырларга маани бербей, өз түйшүгү менен алек болуп жаткандыр. "Нан болсо, ыр да болот" демекчи, кризистин таасири деле болушу мүмкүн.
Ильяз Абдыразаков, ырчы:
– Бул ар бир адамдын көз карашынан болсо керек. Анткени азыр деле хит ырлар жаралып жатат. Чыгармачылык менен иштеп, изденип эле жатабыз. Ал арада тойлорго чакырып жатса барып ырдап коёбуз. Анын эч кандай терс жагы жок деп ойлойм. Биз деле угармандардын табитине, учурдун талабына жараша ыр жаратабыз да. Бул ырчылардан гана эмес, угармандардын суроо-талабынан да көз каранды.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg